Кыргызстан-Орусия: Сөз көп, иш аз

25-27-апрелде Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму өттү.
Анда эки тараптуу экономикалык долбоорлор талкууланып, бирок кандайдыр бир чечимдер кабыл алынган жок.

Талдоочулар эки тараптуу негизги мамилелер Орусияда жаңыдан шайланган президент, азыркы өкмөт башчы Владимир Путин кызматына киришкенден кийин гана жанданарын айтышууда. Орусия Кыргызстандагы отун-энергетикалык долбоолорго кызыкдар болуп келатат.

Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 14-жыйынына Орусиянын бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов жетекчилик кылды. Ал журналисттер менен жолугушууда буларды билдирди:

- “Кыргызгаз” боюнча кыргыз өкмөтү менен “Газпром” ишканасынын ортосунда программа түзүлгөн. Ага ылайык, “Кыргызгазды” сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго катышуусу боюнча келишимдер сакталып турат. Биз аларды да өкмөттөр аралык комиссиянын ишинде эске алдык. Ал эми бул суроо боюнча бир канча убакыттар кийин “Интер” АКсына, “Русгидро” компанияларына кайрылсаңар болот деп айтар элем. Орусия үчүн Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго катышуу абдан маанилүү.

Комиссиянын отурумунан кийин "Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосунда өз ара сооданын алкагында өткөрүлүп жаткан товарлардын документтерине белгилерди коюу схемасы" деп аталган жупуну келишимге кол коюлду.

Комиссиянын отурумуна Кыргызстан тараптан жетекчилик кылган биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев эки өлкө ортосундагы негизги келишимдер учурда такталып жатканын белгиледи.

- Марттын акырында бизге энергетика министри Сергей Шматко баштаган делегация да келип кеткени белгилүү. Азыркы кезде эки тараптуу ишке ашыра турган программанын долбоору Орусия тараптан Кыргызстанга келген. Азыр бул долбоор Кыргызстан тарабынан каралып жатат. Биз макулдашууга келип, программаны кабыл алгандан кийин ар бири боюнча иштей баштайбыз.

Путинди күткөн долбоорлор

Эки өлкөнүн ортосунда бир топ жылдан бери ишке ашпай келаткан ири энергетикалык жана аскерий келишимдер бар. Булар: “Кыргызгаз”, Камбар-Ата-1, Нарын суусунун боюна ГЭСтерди куруу, “Дастан” ишканасынын акциясын сатып алуу жана башкалар.

Бишкек жыл башында бул долбоорлорду ишке ашыра баштарын, эгер аларды ишке ашырууга Орусиянын ниети жок болсо, башка шериктерди издей турганын билдирген. Ал эми орус тарап мурда кабыл алынган бул келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү ниетин билдирүүдө.

Анткен менен талдоочулар Орусияда шайланган президент, азыркы өкмөт башчы Владимир Путин президенттик кызматына киришкенден кийин гана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер айкын болот деген пикирде. Жогорудагы талаштуу долбоорлорго да ошондон кийин гана кол коюлушу мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Саясат таануучу Табылды Акеров:

- Орусия азыр документтерге кол коюуга шашылбай жатат десе болот. Себеби Путин президенттик ишине киришкенден кийин бул долбоорлорду кайра карап чыгып, балким кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.

Владимир Путиндин ант берүү аземи 7-майга белгиленген. Ал эми Орусия келишимдерге өзгөртүү ниетин бул долбоорлордун чыгашалуу экендиги менен негиздеп жатат. Ошол эле кезде талдоочулар Орусия Кыргызстанда өз геосаясий таасиринде кармап турууну көздөй турганын айтышууда.

- Орусия Кыргызстанды өзүнүн геосаясий алкагында кармап турууга өтө кызыкдар. Ошондуктан Путин өз кызматына расмий киришкенден кийин чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Орусия тараптын билдиргенине караганда, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өткөн жылы 1,7 миллиард доллар болгон. Бирок бул сумма реалдуу мүмкүнчүлүктөн кыйла аз экендигин белгилешүүдө.