Кыргыз бийлиги өлкө кызыкчылыгын коргой алабы?

Москва сунуштаган аскердик өнөр жай багытында кызматташуу боюнча келишим долбоору кабыл алынып калса “Дастан” ишканасы кыйынчылыктарга кабылып калаары айтылууда.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы айрым келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калганы айтылууда.
Кыргызстан менен Орусия акыркы мезгилде кызматташууну бекемдей баштады. Аскердик, финансылык, энергетика жана башка тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Андан башка жаңы келишимдер даярдалууда. Бирок Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калганы айтылып жаткан кайсы келишимдер?

Жамаааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин ортосунда аскердик өнөр жай багытында кызматташуу боюнча келишим долбоору Москва тараптан даярдалып, жактырууга мүчө өлкөлөргө жолдонгон. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги ал долбоорду жактырып, андан кийин Жогорку Кеңештин комитетине алып чыккан. 8-октябрда Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда келишим сунушталган мазмунда кабыл алынса, анда Кыргызстандын кызыкчылыгына доо кетери аныкталган.

Парламенттин мүчөсү Исмаил Исаковдун билдирүүсүнө караганда, келишимге ылайык, Кыргызстандагы аскердик багыттагы өнөр жай ишканалары орус тарап менен бирге өндүргөн продукцияларды сатуу үчүн Орусиядан, ЖККУга мүчө башка өлкөлөрдөн макулдук алыш керек.

- Бул Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет. Маселен, “Дастан” жана Бишкектеги машина куруучу заводдор чыгарган аскердик багыттагы продукциялардын кайсы бир бөлүктөрү Орусиядан алынып келет. Ошондуктан келишим мына ошол формада жактырылса, Кыргызстанда алардын продукцияларын сатуу үчүн Орусия менен макулдашууга туура келет. Бул биз үчүн кабыл алынгыс. Мына ошондуктан келишим долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарууну сунуштап, ал кабыл алынды, - дейт Исмаил Исаков.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, “Дастан” ишканасына тиешеси болуп келген Улукбек Ормонов келишим орус тарап сунуштагандай мазмунда кабыл алынса, “Дастан” үчүн кыйынчылыктар пайда болоорун айтат:


- Бул жерде Кыргызстан үчүн көп кыйынчылыктарды жаратып коёт. Себеби өзүң чыгарган товарды өзүң сата албасаң... Макулдашуу деген нерсе бар... Макул болбой койсоң контрагың күйөт. Ушул жерде көп маселе бар. Бирок купуялуу жагы бар, акыркы мезгилдерде иштетилип чыккан продукцияларды баары бир өзүбүз сата албайбыз. Себеби жаңы продукцияларды иштеп, ойлоп чыгара турган институттардын баары Орусияда калган. Азыр чектөө катуу боло баштаса, “Дастан”, Бишкек машина куруу заводу өзүнүн товарын сатууда кыйла эле кыйынчылык түзүлөт.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Токон Мамытов долбоор бир эле Кыргызстанга эмес, жалпы ЖККУга мүчө өлкөлөргө сунушталганын белгилеп, буларга токтолду:

- Бул ЖККУга мүчө өлкөлөр ортосундагы келишим.Биз аны кабыл алабызбы, кабыл албайбызбы, маселе ушунда. Мүмкүн биз кабыл алсак эртең Беларус, Тажикстан же Казакстандын бирөө каршы болуп калышы мүмкүн. Ошого байланыштуу биз так көрсөтөлү дедик, мисалы биздин “Дастан”, Бишкек машина куруу заводу ага кирбеш керек. Ошолорду бөлүп, тактап келгиле деп кечээ күнү министрликке тапшырма бердик.

Токон Мамытовдун айтымында, келишим четке кагылган жок. Ал толукталып, кайра иштелип чыгуу үчүн жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаттары толук иштелбеген мыйзам жана келишим долбоорлору өкмөт тараптан көп келерин белгилеп келишет. "Бирок өлкөнүн кызыкчылыгына доо кетире турган келишимдер министрликтер тарабынан дыкат каралбасатан минтип парламентке келип жактаны өкүнүчтүү", - дейт депутат Исмаил Исаков.