“28 панфиловчунун" эрдиги дагы козголду

Москва облусундагы Волоколамск шаарында Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги тургузулган. Ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев катышкан. 2015-жыл

Панфиловчулар тууралуу жаңы тасма кайрадан талаш-тартышты жандантты. Орусиянын маалымат каражаттары бул фильм тууралуу маданият министри Владимир Мединскийди мифти колдоду деп жазып жатышат. Буга чейин тарыхчылар ортосунда 28 панфиловчунун эрдиги канчалык деңгээлде чындыкка туура келери курч талкуу жараткан.

Казак-орус биргелешип ишке ашырган кино Санкт-Петербург студиясы тарабынан тартылган. Тасма алгач жабык көрсөтүлүп, ага президенттер Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев барганы маалымдалды.

Режиссер Андрей Шальопа 2013-жылдан бери "28 панфиловчу" толук метраждуу тасмасын тартуу элдин эсебинен жүргүзүлүп жаткандыгын билдирип келген. Орусиянын маданият министри Владимир Мединский буга чейин аталган тасмага Казакстан 1 миллион доллар бөлгөнүн маалымдаган.

Мурдагы маданият министри Султан Раев фильм Кыргызстан-Казакстан-Орусия өлкөлөрү ортосунда биргелешип тартылса болмок деген ойдо:

Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги, Орусия

- Тасманы тартуу бизде каражат жок болуп турган учурда сунуш болуп калды окшойт. Бирок мен министр болуп турган учурда айтылган эмес. Менимче, Кыргызстан тасманын тартылышына каражат бере албай калса керек. Бирок мында Кыргызстан тууралуу сөзсүз айтылууга тийиш. Себеби уютку Фрунзеде же азыркы Бишкекте пайда болгон да. Ошондуктан мында орус менен казактарга эле акцент кылып койгон туура эмес. Ал жалпы жеңиш болгон.

Раев буга улай кийинки мезгилдерде 28 баатырдын эрдигин жокко чыгарган маалыматтар чыгып жатканы туура эмес деген оюн билдирди:

- Айрымдар эрдиктерди кызганып, бирөөлөргө бергиси келбей жаткандай. Бизди “негизги борборду сактап калган” деп айткылары келбейт. Чынында Москваны Орто Азиядан баргандар коргоп калганы ырас. Ошол салгылашуу баскынчыларга карата урулган эң биринчи сокку болгон эмеспи. Ал жалпы мамлекетке дем берген.

Тарыхчылардын айтымында, 1948 жана 1988-жылдары СССРдин Башкы прокуратурасы тарабынан атайын териштирүү жүрүп расмий түрдө панфиловчулардын эрдиги бизге жеткен версиясында чындыкка жатпайт, ал ошол кездеги согуш репортерлордун биринин ойлоп табуусу деген бүтүм чыгарылган. Бул тема акыркы кездерде кайра жанданып, тарыхчылар арасында талкуу жаратып турган кези.

Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президиумунун катын окуу учуру. 1943-жыл.

Ал эми Экинчи Дүйнөлүк согуштун тарыхын изилдеп жүргөн кыргыз тарыхчысы Мурат Иманкуловдун пикиринде, 28 баатыр тууралуу талаш-тартыштын жөнү мындай:

- Чындыгында 28 баатыр реалдуу болгон эмес дегени чындык. Ал дивизияда 1500 киши болгон. Ал эми согушка кирген 4-ротада 120-140 киши бар эле да. Алардын жүздөн ашыгы курман болгон. Калганы тирүү калган. Ал эми 28 баатыр тууралуу легенда пропагандалык максат үчүн жазылган.

Тарыхчы анткен менен Москванын алдындагы салгылашта Дүйшөнкул Шопоков баштаган кыргызстандык жоокерлер болгону анык экенин айтты:

- Бирок 28 баатыр болбогону менен ал жерде Панфиловдук дивизия, 1075-полк, ошонун ичинде 4-рота, андагы Дүйшөнкул Шопоков жана башка кыргызстандык жоокерлер эрдик көрсөтүп, душманды төрт саатка токтотуп, Москвага кирип келишине тоскоолдук кылганы чындык. Алар салгылашта баатырдык көрсөткөнү да чындык. Бирок 150 кишинин эрдигин 28 кишинин эрдиги деген маалымат – бул ошол кезде чегинип бараткан элдин духун көтөрүү максатында жасалган эле иш-чара болгон.

Мурат Иманкулов мындан сырткары Панфилов ошол учурда Кыргызстанда аскер комиссары болуп турганын, Москванын алдында салгылашка катышкан атактуу дивизиянын басымдуу бөлүгү кыргыз-казак жоокерлеринен куралганын кошумчалады.

Режиссер Андрей Шальопанын “28 панфиловчу” тасмасы ноябрдын соңунан баштап жалпы көрүүчүлөргө сунуштала баштайт. Анын айрым эпизоддоруна Орусиядагы жогорку окуу жайларда окуп жүргөн кыргыз студенттери тартылган.