Апрелдин башында Санкт-Петербургдагы метродо уюштурулган жардыруудан бери Орусияга Борбор Азиядан барган мигранттарды текшерүү күч. Террорчулукка шектүүнүн теги кыргызстандык экени айтылгандыктан, полиция суракка алгандардын көбүн Кыргызстандан баргандар түзүүдө.
Санкт-Петербургдагы "Ивановы и партнеры" деп аталган адистешкен адвокаттар коллегиясынын өкүлү, юридика илимдеринин кандидаты, кыргызстандык Айбек Маматкулов ал жактагы азыркы кырдаал жөнүндө "Азаттык" радиосуна сүйлөп берди.
"Азаттык": Санкт-Петербургдагы жардыруудан кийин мигранттарга мамиле азыр кандай? Аларга күч органдары басым өткөрүп жатат деген сөздөр туурабы?
Маматкулов: 3-апрелдеги Санкт-Петербург метросундагы жардыруудан кийин бул жакта иштеп, жашап жүргөн мигранттардын абалы чынында оорлошту. Полиция жана атайын кызмат текшерүүнү күчөттү. Мигранттар иштеген базарларда, мигранттар жашаган аймактарда рейддер уюштурулду. Андай рейддердин жүрүшүндө Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын атуулдарын кармашты. Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктарды да кармап кетишти. Алардын көпчүлүгү паспортту 2011-2012-жылдары алышкан. "Орусиянын жараны болсо да, теги кыргызстандык экен. Текшеребиз" деген жүйөнү келтиришти.
Бирок полиция жана атайын кызмат мигранттарга басым өткөрүп, кодулап жатат деп кесе айтканга да болбойт. Себеби милдеттерин аткарып жатышат. Алардын негизги жумушу мамлекеттин коопсуздугун сактоо. Текшерүү күчөдү. Айрыкча эл көп чогулган жерлерде, бекеттерде, метролордо, ири дүкөндөрдө көзөмөл катуу. Кирип-чыгып жаткан борборазиялыктар текшерилүүдө. Паспортун карап, документинде кемчилик жок болсо тез эле бошотушат. Каттоосу жок же башка эреже бузуулары бар кишилер аныкталса, камайт же дароо өлкөдөн чыгарылууда.
"Азаттык": Негизсиз жумуштан бошотуулар тууралуу угуп жатабыз. Ушундай жагдайга туш болгондор барбы?
Маматкулов: Жумуштан бошотулуп жаткандар тууралуу айта турган болсок, алар негизинен такси кызматында жана башка жерлерде айдоочу болуп иштегендер. Алар "айдоочулук күбөлүгү Орусияныкы эмес" деген негиз менен иштен бошотулууда. Бирок айдоочулук күбөлүккө байланыштуу мыйзам 2018-жылы күчкө кирет. Баштапкы эреже боюнча, "Орусиянын гана айдоочулук күбөлүгү менен иштөө" тартиби 2017-жылдын 1-июлунда иштеп башташы керек эле. Аны ишке ашырууга мамлекет өзү даяр болбой калды. Күбөлүктөрдү берүү тартиби толук жасалбай, кийинки жылга калган. Ага карабай, минтип айдоочуларды жумуштан алып жатышат.
"Азаттык": Орусиядагы терактты уюштурууга шектүү Кыргызстандын Ош облусунан экени маалымдалган. Мунун айынан айрыкча Оштон барып иштеп жаткандарды текшерүү күчөгөнү айтылган. Бул сизге байкалып жатабы?
Маматкулов: Чынында, терактты оштук адам жасады дегенден кийин оштуктарга мамиле өзгөрдү. Мурда көчөдө полиция мигранттарды токтотуп, паспортун текшерген учурда ал Кыргызстандын жараны болуп калса, дароо бошотуп жиберчү. Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарына караганда кыргызстандыктарга бир топ жеңилдиктер бар эле. Апрелдеги жардыруудан соң, тескерисинче, кыргызстандыктарга оор болуп калды. Эгер паспортунда "Ош" деген жазуу болсо, аны аябай текшерип жатат. Эреже бузганы аныкталса, органга алып барып, суракка алып, социалдык тармактардагы баракчаларына чейин текшерип жатышат. Мен орус жарандыгын алган бир-эки адам менен сүйлөштүм. Аларга "документ алып жатканда туура эмес маалыматтарды бергенсиң, сенден жарандыкты алып салабыз" деп да айтышыптыр.
"Азаттык": Мигранттарга орус жарандыгын берүүнү токтотуу тууралуу маалыматтар бар. Бул жаатта кеңеш сурап сиздерге кайрылгандар болдубу?
Маматкулов: 2012-жылга чейин кыргызстандыктар Орусия паспортун жеңил шартта алып жүргөн. Үч айда документтерин тийиштүү органдарга тапшырып, паспорт алган. Бирок бул жеңилдетилген шарт 2012-жылы токтотулуп, башка өлкөлөрдүн жарандары менен бирдей талап коюлган. Азыр бери дегенде эки же үч жылда берилет. Бул аралыкта мыйзам бузбай, патент жана башка документтерди толуктоосу зарыл. Ошондо да текшерүүлөрдөн соң жарандык берилет же берилбейт. Акыркы кездери чет элдиктерге орус паспортун берүү токтотулары айтылып жүрөт. Бирок анын ишке ашуусуна күмөнүм бар. Эки-үч ай мурда президент Владимир Путин депутаттарга кайрылып, мурдагы совет доорундагы мамлекеттердин тургундарына паспорт берүүнү жеңилдетүү боюнча мыйзам жазууну сунуштаган. Бул жаатта чынында анык бир нерсе айтуу да кыйын.
"Азаттык": Борбор азиялыктарга, анын ичинде кыргызстандыктарга жаман каалоо-тилектер жазылган кагаздардын, Санкт-Петербургдун түрдүү жерлерине жабыштырылган сүрөттөрүн жакында интернеттен көрдүм эле. Сиздин көзүңүз түшпөдүбү?
Маматкулов: Ушул күнгө чейин мен андай жазууларды көрбөдүм. Аны ким кандай максатта жасаганын да билбейм.
"Азаттык": Сиз иштеп жаткан уюмдун адвокаттарына, жеке өзүңүзгө кайрылган мигранттар көбүнчө кайсыл маселелерде көмөк сурашат?
Маматкулов: Мен 2013-жылдан бери "Ивановы и партнеры" деп аталган адистешкен адвокаттар коллегиясында иштейм. Негизинен, орус жарандары кайрылышат. Мигранттар көп келбейт. Кыргызстандын, Өзбекстандын жарандары адвокатты өтө кеч издешет. Эреже бузуп, депортация боло баштаганда же башка көйгөйгө тушукканда кайрылышат. Бирок анда өтө кеч болуп калат. Себеби соттун чечими чыккан болот. Ошентсе да, колдон келген жардамды беребиз.
Орусияда жүргөн мигранттар документтердин тактыгына көңүл бурушса жакшы болмок. Алгач келгенде эле каттоо жана камсыздандыруу иштерин жасашы зарыл. Эгер кыргызстандык болсо, жумушка орношуп жаткан уюму менен эмгек келишимин түзүшү керек. Ал эми өзбекстандык болсо, бир ай ичинде патент алуусу кажет. Документи эле кынтыксыз болсо, көйгөй азаят, эч ким башын оорутпайт.
Айбек Маматкулов менен маекти бул жерден угуңуз:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.