Кыргыз мигранты "кыйналдым" дебейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада кыйналбаган кыргыз кезиктирбедим. Бирок "кыйналдым" деген кыргызды көрбөдүм.

(Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын абалын жеринен байкаган журналисттин ой толгоосу)

"Кыйналбадыңбы, балам?"... Телефондон сүйлөшкөн сайын берчү суроосу. Экөө тең сурайт - атам да, апам да...

- Эртерээк уктайын, саар кайра эле төрттө турмай, - өзүнчө күбүрөнүп Гүлү эже өтүп кетти. Мен үйдөгүлөр менен сүйлөшүп жаткам.

Токмокто медайым болгон Гүлү эже карга бок чокуй электе жумушуна жөнөйт. Москвада деле эмканада иштейт деңизчи, бирок ийненин ордуна швабра кармады, далай бейтаптын сообуна калган колдор суу чүпүрөктү мыжыкты...

- Бекзат, эшикти ичинен бекитип алчы.

Асел эже экинчи жумушуна жөнөдү. Кыйын эже. Кечкиге чейин мектепти таптаза кармап, үйдө бир саат "тук" этип алгандан кийин подъезддерди мизилдетип келе калат. "Ушинтип жүрүп балдарды окутуп, үйдү бүтүргөнү калбадымбы" деп чогуу тамактанып калган маалда көп айтат.

Эшикти жапканга үлгүртпөй эле Эрмек келип калды. Кечээ: "Эртең МГУга чыгабыз, Акаевди көрүп калсам салам айтып коеюнбу?" деп каткырып аткан. Орустар мактанган, ишенген университетинин спортзалын оңдошот. "Бир жумалык иш экен. Акчасын күнүмдүк деп сүйлөштүк, бир маал тамагы бекер" деп маанайы шат, суукта жабык жайга кирип кеткенине мулуңдап алган.

- Алло, кызым, акча салдым. Бөбөктөрүңө кийим алып бер. Менде баары жакшы, эч кыйынчылык жок.

- Алло, Гүкүн, акча салдым. Банкка барып, насыямды төлөп койчу. Менде баары жакшы, эч кыйынчылык жок.

- Алло, ата, акча салдым. Мал арзан маалда койду көбөйтүп алгыла. Менде баары жакшы, эч кыйынчылык жок.

Кээде телефондо сүйлөшкөндөрүн кулагым чалып калат. Калпычылар десе...

Тамбашыда кар сүрүп аткан жигитти көрдүм, машинесинде уктап иштеген таксист, чарчагандан көзү илинип, түшчү жеринен өтүп кетип, тамагын кеч жеткирген чабарман, "брат, тыйын калбай калды, ала кет" деп актангансып, метро терминалынан жабышып өткөн жердешимди көрдүм. Бирөө да "кыйналдым" дебеди.

Москвага кабарлашпай кеткен күйөөсүн издеп келип, анысы билдирбей төшөк жаңыртып алган болуп, Кыргызстанга кайтпай, эрдин тиштеп иштеп жүргөн келинди көрдүм. Ал да "кыйналдым" дебеди.

Москвада ошол келинге, Гүлү эжеге, Асел эжеге окшош, тагдырлаш канчалаган энелер, эжелер, карындаштар жүрөт. "Кыйналдым" деп айтууга дитиң барабы?!

Кыргыз "кыйналдым" дебейт. Ажал менен алышып, аркы дүйнөнүн босогосунда турса да, абалын сурасаң, "жакшымын" дейт...

Бекзат Бектурган, Москва шаары.

P.S.: Расмий маалыматтарга ылайык чет жерде жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 800 миңди түзсө, расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны эки эсе көп.

Ушул тапта Орусиянын миграциялык кызматында 650 миң кыргызстандык жаран каттоодо турат. Расмий эмес көрсөткүчү так эмес. Түркия -кыргызстандык эмгек мигранттары көп каттаган экинчи өлкө. Андан кийин Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары турат.

2017-жылы эмгек мигранттары Кыргызстанга 2,5 миллиард доллар которушкан. 2018-жылдын 11 айына карата да эки миллиард доллардан ашкан. Көбү Орусияда иштегендер жөнөткөн каражат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.