Мигранттар ишке көбүнчө ортомчу ишканалар аркылуу алынгандыктан, 2-3 айлап эмгек акысын ала албай жүргөндөрдүн саны көбөйүүдө. Ушул тапта Москвада кеминде эле элүүдөн ашуун кыргызстандык мигрант ушундай оор кырдаалда калды.
Бектемир Максатбек уулу элүүдөн ашык кыргызстандык мигрант Москвадан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Красный поселок айылында "СитиКлин" деген ортомчу фирма аркылуу эки айдан ашык иштеп, бирок жумуш берүүчүлөрдөн эмдигиче айлыгын ала албай жатканын айтып берди.
- Биз баарыбыз болуп 54 кыргызстандыкпыз. Жарымыбыздан көбү улгайган эжелер, кыздар. Жалпысынан бизге 2,8 млн рубл айлык бериши керек. Биз ал жакта имараттарды тазалап, пол, терезелерди жуучубуз. Аванс деп 3 миңден берип жүрдү, эми болсо “тигини сындырыпсыңар, муну күйгүзүп жиберипсиңер” деп бизге айлык төлөбөй жатышат.
Чогулуп алып Москвадагы элчиликтен жардам сурап келген кыргызстандык мигранттар жумуш берүүчүлөр берген эмгек келишими дагы жасалма болуп чыкканын айтышты.
- Биздин колубузга берген эмгек келишимдердин баары туура эмес экен. Мисалы, айрымдардында башкы директордун колу коюлган эмес, айрым келишимдерде ар башкача кол жана мөөр коюлган. Дегеле юридикалык күчү жок кагаздар экен. Биз күнүнө 12 сааттан иштегенбиз.
Ушул эле маалда Москванын шаардык метросунда курулушта иштеп, үч айлык эмгек акысын ала албай жаткан борборазиялык мигранттар Эмгек мигранттардын кесиптик кошуунуна кайрылышкан. Алардын арасындагы кыргызстандыктардын тобун жетектеген Рыспек 17 бала бүгүнкү күндө ишсиз, эмгек акысыз отурушканын айтат.
- Акчабызды ала албай отурабыз. Ана-мына деп жатып эми октябрь болду. Июль-сентябрь айларынын маянасын бере элек. Ар бирибиздики 60-100 миң рублдын тегерегинде болот. Бизге жумуш берүүчүлөр эмгек келишимин эмес, “подрядный” деген келишим берип коюптур. Ага деле көңүл бурган эмеспиз. Эми азыр Москва мэриясына арыз жаздык, күтүп жатабыз.
Москва шаарында жана облусунда борборазиялык мигранттар аутсорсинг ортомчу ишканалар аркылуу жумушка алынып, алар мигранттардын эмгек акысын кымырып алган учурлар көп кездешет.
Ал эми мигранттарды жумушка өздөрү кабыл алып, бирок эч кандай юридикалык күчү жок жасалма кагаздар менен алдап койгон жумуш берүүчүлөр да аз эмес.
Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз катчысы Гулбарчын Байматова элчиликке аптасына орточо эсеп менен 10-15 киши жумуш берүүчүлөрүнөн айлык акы ала албай кайрыларын айтты. Айрым жарандарга эмгек акысын кайтарып берген учурлар да болот.
- Мындай маселе менен биздин консулдукка көп жарандарыбыз кайрылып келет. Январь-август айларында айлык маяна боюнча жалпы 300дөй арыз, анын ичинде айлык алып берүү боюнча 100 чакты арыз түшкөн. Алардын ичинде “мекеме жабылып калды”, “эмгек келишими туура эмес экен” өңдүү маселелер менен кайрылгандар болот. Жалпы консулдуктун кызматкерлеринин аракети менен 12 миллион рублдан ашык каражат мигранттарга кайтарылып берилди.
Расмий статистикага ылайык, Орусияда 600 миңге чукул кыргызстандык иштейт. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин кыргызстандык мигранттардын Орусияда мыйзамдуу эмгек келишиминин негизинде жумушка алынышы, иш шарттарынын жакшыруусу, татыктуу маяна көйгөйлүү маселе бойдон кала берүүдө.