Байыркы кыргыздын Эне-Сайын кыдырып...

Ыйык дарыя Енисей Красноярск шаарын аралап агат

Красноярскидеги соодагер кыргыздар журналисттер менен жолугушууну каалашпайт.

Абакан базарындагыларда тескерисинче, суроо көп.

Дин темасы бул жерде да актуалдуу

Красноярскидеги соодагер кыргыздар журналисттер менен жолугушууну каалашпайт.

Кыргыз диаспора жетекчилери иш үстүндө. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Красноярск крайынын губернаторунун орун басары Андрей Гнездилов менен жолугушуп,  кыргыз диаспорасынын маселелерин талкуулашууда. 

Кыргыз улуттук маданий автономиянын жетекчиси Назгүл Батаева: Красноярск аймагында 45 миң чамалуу кыргыз жашап, иштейт.

Жети жыл күттүргөн Айбелең  Енисейге келгенде төрөлгөн. Азыр 3-класста окуйт. Бабалардын жерине сыйынып жүрүшүп, Кыял менен Кушбак үч балалуу болушту.

Жергиликтүү кыргыздар Эгемендик күнүндө “Манас” кубогу үчүн эркин күрөш боюнча мелдеш уюштурушту.

Сегиз таймаштын жетөөнү кыргыз спортчулары утуп алышты. Алардын алтоо красноярскилик, бирөө кыргызстандык кыргыздар

Жергиликтүү кыргыздар Эгемендик күнүндө “Манас” кубогу үчүн эркин күрөш боюнча мелдеш уюштурушту.

Кыргыз көлдү көргөндө...

Енисей боюндагы ири ГЭСтердин бири - Красноярск  ГЭСи. Плотинанын бийиктиги 100 метрден ашат

Коммунисттердин жол башчысы В.И. Лениндин эстеликтери менен сүрөттөрүн бардык жерден жолуктурса болот

Хакасиянын Хан көл аймагындагы Алтын көлдүн жанында,  ачык асман алдында ушундай Усть-Сос музейи бар. Музей ээлери конокторду хакастардын салты боюнча айран менен тосуп алышат.

Шамандын жабдыгы

Байыркы кыргыз аялынын ичиги жана сый кийимдери

Үйлөнүү той кийимдери

Музейге Енисей боюн мекендеген сан жеткис жаныбарлардын кептери коюлган

Музейге Енисей боюн мекендеген сан жеткис жаныбарлардын кептери коюлган

Хакастардын улуттук аспабы

Ыых. Хакастардын улуттук аспабы

Бардар бүлөнүн кыздары

Красноярск аймактык музейде байыркы элдердин кийимдери, колдонгон буюмдары күнү бүгүнкүдөй

Качылар (хакас уруусу).

Минусинскидеги аймактык музейден байыркы кыргыздарга жана бул аймакта жашаган башка этносторго таандык жарак-жабдык, тиричилик буюмдары, кийимдерди көрөсүз.

Красноярск аймактык музейде байыркы элдердин кийимдери, колдонгон буюмдары күнү бүгүнкүдөй.

Минусинскидеги аймактык музейден байыркы кыргыздарга жана бул аймакта жашаган башка этносторго таандык жарак-жабдык, тиричилик буюмдарын, кийимдерин көрөсүз.