"Газпром" Кыргызстанда монополия орнотобу?

Кыргызстандын стратегиялык тармактары Орусиянын монополисттеринин колуна өтүүдө. Газ, күйүүчү май тармагын “Газпром” ээлеп жатса, энергетика тармагы РАО ЕЭСтин “кол бала” ишканаларынын колуна өтүүдө.
Кыргызстанда күйүүчү май базарында негизги ролду бир нече жылдан бери “Газпром” ойноп келатат. Бишкекте аны менен ШНОС, БНК компаниялары бир аз атаандаш болууга аракет жасап келишкен. Бирок күчтөр өтө эле тең эмес болгондуктан, бул компаниялар жана башкалар да позицияларын улам алдырып келатат. Маселен, ШНОСту “Газпром” сатып алып, монополисттик абалын ого бетер бекемдегени маалым болууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар Маматов “Газпромдун” “кол бала” компаниясы “Газпром нефть Азия” Кыргызстандын күйүүчү май базарын ээлеп алды деп эсептейт. Анын маалыматы боюнча, кошуна мамлекеттер Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанда мындайга жол берилген эмес.

Экономика жана антимонополдук саясат министринин орун басары Олег Панкратов “Газпром нефть Азиянын” монополисттик мүмкүнчүлүгүн четке какпайт. Бирок алар баары бир Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чектелет дейт. Бул компаниянын монополисттик абалын Кара-Балтада курулуп жаткан мунайды кайра иштетүүчү завод чектейт дейт Панкратов:

- Мунай заттарына келе турган болсок, азыр Кара-Балтада мунайды кайра иштетүүчү завод курулуп жатат. Биз быйыл ишке кирет деп турабыз. Бул заводдун кубаттуулугу биздин керектөөнүн 80-90% чейин канааттандыра алат. Заводдун жергиликтүү калк менен маселеси чечилип, ишке кирсе, биз Орусиядан күйүүчү майдын келиш-келбешине көз каранды болбой калабыз. Андан сырткары “Газпром” бизге бажы төлөмсүз күйүүчү берип жатат. Ошондуктан баасы арзан. Биз Түркмения, Азербайжандан күйүүчү май алып келүүгө аракет жасап көрдүк. Бирок алар “Газпром” сунуштагандай баада болбойт экен.

“Газпром” күйүүчү май эле эмес, Кыргызстандын газ рыногун да толук алуунун алдында турат. Маалым болгондой, кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” толугу менен “Газпромго” өткөрүп берүүгө даярдыгын билдирген.

Кыргызстандагы бир катар депутаттарды Камбар-Ата-1 ГЭСинин 50% акциясына орус тараптын түбөлүк ээлик кылуусу тынчсыздандырууда. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул келишимди Кумтөр келишимин кайталоо катары баалаган:

- Кумтөрдүн кейпин кийди деген ушул, карызды алар алып келишет, анын жарымын биз төлөйбүз. Калган жарымы ГЭСтин эсебинен төлөнөт. Орус тарап да ГЭСтин эсебинен төлөйт. Орустар өздөрү инвестор эмес. Ошондуктан мен муну туура эмес дейм. Мен "Кумтөргө", "Центеррага" каршы добуш бергем. Эл алдында туура кылгам дейм. Ошол окуя кайра кайталанышын каалабайм.

Текебаев ГЭСтердин акциялары орус тарапка кайсы бир мөөнөткө гана берилиш керек деп эсептейт.

Кыргызстандагы энергетиктер бирикмесинин жетекчиси Жамалбек Түлебердиев депутаттардын тынчсыздануусун негиздүү деп, Орусия менен түзүлгөн келишимдин шартын Кыргызстан үчүн ыңгайлуу эмес деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстан ГЭСти куруу үчүн орус тараптан насыя алып, анан аны төлөсө, анда эмне үчүн акциялар алардын колунда калыш керек деген маселени койот.

Кыргызстандын расмий бийлиги Жогорку Нарында төрт жана Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча келишимдер мамлекеттин кызыкчылыгына төп келерин билдирип келет. Маселен, энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов бул келишим Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимге окшобойт дейт:

- Мунун Кумтөрдөн айырмасы эмнеде? Кумтөрдө алтынды казып алып, сатып, кетип калышат. Бул болсо кыргыз жеринде калат, кыргыз элине кызмат кылат.

Газ, мунайга жарды, электр энергетика тармагы дурус эмес абалда турган Кыргызстан мына ушундай кыйынчылыктар менен кездешип, татаал чечимдерди кабыл алуунун алдында турат.