Бишкек Кремлге карызынан кутулду

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Кыргызстандын бардык карызын кечүүгө жөнүндө буйрукка кол койду.

Расмий Бишкек 240 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды кечүү боюнча Москва менен соңку беш жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп жаткан.

Кыргызстандын жалпы тышкы карызы ушул тушта төрт миллиард доллардан ашат жана 1990-жылдары узак мөөнөткө алынган насыяларды үстөк пайызы менен төлөө мөөнөтү да келип калды.

Орусия Кыргызстандын карызын "өнүгүүгө расмий жардам берүү" деген жүйө менен кечип жатат. Орус президенти Владимир Путин ушул жылдын февраль айында Бишкекке келгенде Москва Кыргызстандын бюджетине колдоо көрсөтөрүн убада кылган:

- Орусия Кыргызстандын бюджетинин туруктуу болушуна жардам берип жатат. Бүгүнкү күндө гранттын жалпы суммасы 225 миллион долларды түзөт. Акырындап мамлекеттик карызды дагы жоебуз. Бул өлкөнүн каржы системасына келген оордукту азайтат жана балансты сактайт. Ошол эле учурда өлкө өнүгүшү үчүн маанилүү болгон социалдык программаларга каражат да табылат. Кыргыз өнөктөштөрүбүздү колдоо Орусиядан бажы төлөмүсүз кара май экспорту аркылуу да жүрүп жатат. 2016-жылы Кыргызстанга ушул схема менен бир миллион тоннадай мунай келди.

Расмий Бишкек карызды кечүү боюнча Москва менен 2012-жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп жаткан.

Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыздарды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыковдун билдиришинче, 240 миллион доллар карыздын 180 миллиону 1992-жылы алынган. Калган 300 миллион доллар 2009-жылдагы келишимдин негизинде келген. Сыдыков мурдагы макулдашууларга ылайык, Кыргызстан жыл сайын 30 миллион доллардан төлөп туруу милдетин алганын, бирок жалпы карызды жоюу боюнча жаңы келишим түзүлгөнүн маалымдады:

- 2013-жылы 189 миллион доллар бир иретте эсептен чыгарылган болчу. Былтыр 30 миллион, быйыл 15-мартта дагы 30 миллион эсептен чыгарылган. Калган 240 миллион эки тараптуу жаңы келишимге кол коюлуп, ал юридикалык күчүнө кирген соң бул акча эсептен чыгарылат.

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

Бакыт Сыдыков ушул тушта Германия жана Кытай мамлекеттери менен карызды кечүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып берди. Немистер эки тараптуу келишимдин негизинде былтыр Кыргызстандын 13 миллион евродон ашуун карызын кечкен:

- Азыр Германия менен карызды эсептен чыгаруу механизминин алкагында 14,9 миллион еврону эсептен чыгаруу иш-чаралары көрүлүп жатат. Эсептен чыгаруу жол-жобосу боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишкен болчубуз. Келишим долбоорлорун иштеп чыгуу, деталдарын такташтыруу иштери жасалат. 2015-жылы Кытай менен Экспорт-импорттук банкына 60 миллион юань карызды жөнгө салуу келишимине кол коюлган. Быйыл биз ушул келишимдин шарттарын аткарып, ошол карыздын бир бөлүгүн төлөп берген соң 10 миллион юанга жакын техникалык карызды эсептен чыгаруу күтүлүп жатат.

Мамлекеттик карыз боюнча өткөн аптада парламентте өкмөт отчет берип жатканда да кооптонуулар айтылган. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмуркулов өкмөттү карыз алуудан коркпоого чакырган:

- Кесиптештер, насыяны алып жатабыз, төрт миллиард доллар карыз болдук деп коркуп атат. Насыя алгандан коркпош керек. Көбүрөөк насыя алып, аны уурдабай максаттуу жумшасак, мамлекет өнүгөт. Мисалы, Жапониянын ички дүң продукциясынан алган карызы 48 пайызды түзөт. Италияныкы 114, Швецияныкы 167, ал эми Сингапурдуку 346 пайызды түзөт. Ошон үчүн, Сооронбай Шарипович, өзүңүз айткандай карыздан четинен кутула беребиз. Андан коркпош керек. Ошол каражаттын баары инфраструктурага, коммуникацияга жана башка керектүү багыттарга жумшай турган болсок, сөзсүз түрдө жыйынтык болот.

Биздин Кытай мамлекетине техникалык карызыбыз абдан чоң. Алар карыз бергени менен өздөрүнүн жарандарын алып келип иштетет, техникасын иштетет, бизге салык да төлөбөйт. Карыздын пайызы да абдан оор.
Ишенбай Кадырбеков

Деген менен өкмөттүн карыздарды жоюу план-программасына байланыштуу сын-пикир айткандар да жок эмес. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков карыз алуудан мурда эң ириде аны кайтаруу жагы каралышы керек деген пикирде.

- Карыз алып жаткан мамлекеттердин бизге караганда мүмкүнчүлүгү башка. Эгер карызын төлөй албай калса ал карызды башка мамлекеттен карыз алып төлөп берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бизде болсо андай мүмкүнчүлүк жок. Биз бир топ карызды Эл аралык валюта кору жана Бүткүл дүйнөлүк банк менен түзүлгөн келишимдердин негизинде алганбыз. Ошол келишимдердин негизинде биз башка мамлекеттерден карыз ала албайбыз. Биздин Кытай мамлекетине техникалык карызыбыз абдан чоң. Алар карыз бергени менен өздөрүнүн жарандарын алып келип иштетет, техникасын иштетет, бизге салык да төлөбөйт. Карыздын пайызы да абдан оор. Биз бул акчаны төлөп беришибиз керек. Ошондуктан карыз алып жатканда кылдаттык менен мамиле жасашыбыз керек. Карыз алып жатканда, келишим түзүп жатканда көңүл бурушубуз зарыл. Карызга төлөнчү каражаттын суммасына биздин бюджеттин кирешеси жетпей калышы мүмкүн. Жалаң карыз төлөө үчүн иштеген учур да келип калды.

Кыргызстан эми 1990-жылдары алган узак мөөнөттөгү насыяларды үстөк пайызы менен төлөй башташы керек. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча быйыл бюджеттен сырткы карыздан кутулуу үчүн 150 миллион долларга жакын акча каралды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.