Жураев: Кыргызстан ЕАЭБ үчүн “жаман” үлгү

Эмил Жураев

Орусиялык “МКР-Медиа” аттуу компания мониторинг жүргүзүп, Кыргызстанды ЕАЭСтин эң карама-каршылыктуу катышуучусу деп атады.

Орусиялык компания Кыргызстанда антиорусиячыл ички күчтөр көп, бейөкмөт уюмдар таасирдүү, бул биримдикке коркунуч алып келет деп сыпаттаган. Аталган изилдөөнүн жыйынтыгы эмнеден кабар берет? Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эмил Жураев менен маектештик.

"Азаттык": Эмил мырза, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип-кире электе эле жагымдуу эмес өнөктөш катары сыпаттала баштады. Бул канчалык негиздүү пикир?

Эмил Жураев: Мен бул изилдөөнүн жыйынтыгына кошулбайм. Бирок айта кетүү керек, Кыргызстан Биримдик ичинде эң ачык, демократияга жакын, либералдашкан коом. Албетте, бул кээ бир топтор, өлкөлөр үчүн анчейин жагымсыз.

"Азаттык": Мындай иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстанга таасир этүү аракеттери көрүлүшү мүмкүнбү?

Эмил Жураев: Толук мүмкүн. Бизде чет элдик агенттер боюнча мыйзам талкууланганына бир жылдан ашты. Бул Орусиядан келген мыйзам. Ошондой нерселер, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөө үчүн Кыргызстанга карата аракет болушу толук ыктымал. Биздин өлкөдөгү жетекчилер, депутаттар, президент да мындай провокациялуу кабарларга көп көңүл бурбаса деген тилектемин. Анткени майда, ким, кантип иликтегени дайынсыз.

"Азаттык": Бирок, адатта, пост-советтик өлкөлөрдө ушундай майда иликтөөлөр чыгып, анан майда аткаминерлер же экспертмин дегендер билдирүү таратып, анан чечимдер кабыл алынып калганын байкап келет эмеспизби. Бул иликтөө ошондой чечимге жол ачышы мүмкүн.

Эмил Жураев: Толук мүмкүн. Тролль деп коебуз. Майда-чүйдө, аты-жыты белгисиз адамдар деле саясат жасаганга аракет кылып атышпайбы. Бул жерде сөзсүз түрдө кандайдыр бир максат бар. Жок деп айтуудан алысмын. Бирок өкмөткө жооп берген адамдар мындай нерсеге кылдат мамиле кылышы керек.

"Азаттык": Анда максаттын түбү эмнеге келип такалышы мүмкүн? Кыргызстандагы демократияны муунтуп, эркиндигин чектөөбү?

Эмил Жураев: Кыргызстан кошулат дегенде эле Евразия экономикалык биримдигинин ичиндеги кээ бир чөйрөлөр каршы болгонунун бир себеби, Кыргызстанда буга чейин саясий бир топ каршылык акциялары болуп келди. Эки жолу бийлик алмашты. Мындай көрүнүш биримдик ичиндеги өлкөлөр үчүн өтө жагымсыз. Анткени алар өз бийлиги үчүн коркушат. Жөн койсо Кыргызстан ал өлкөлөрдүн жетекчилеринин көз карашынан алганда алардын коомуна “жаман” үлгү болушу ыктымал. Бул албетте алардын жетекчилигине жакпайт.

Буга чейин деле биримдикке кирбейбиз деген биздеги топтордун биринчи коркунучу ошол болчу да. Биздеги азыноолак демократияны да муунтуп алабыз, анткени авторитардык өлкөлөрдүн клубунда кичинекей демократия сакталып калышы кыйын болот дешкен. Менимче иликтөө ошонун биринчи белгиси болушу мүмкүн.