Орус базасы Кыргызстанда жарым кылымга калабы?

Орусиялык учактар Кант аба базасынын жанындагы машыгуу учурунда, 23-октябрь 2003-жыл.

“Джеймстаун” фонду Орусия Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңген талапкерге Канттагы аба базанын мөөнөтүн 49 жылга узартуу шартын коюп жатканын жазып чыкты.
Кыргызстандагы эки чоң державанын аба базаларынын айланасында эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча адис Искендер Ормон уулу ой бөлүштү.

- АКШдагы “Джеймстаун” фонду Кремль Канттагы аба базанын мөөнөтүн 49 узартуу талабын жең ичинен коюп жатканын кабарлап чыкты. Бул эмнеден кабар берет?

- Бул толук мүмкүн. Маалыматтар биздин өкүлчүлүктөр тарабынан айтылмайынча так айта албайбыз. Бирок мунун мисалдары бар. Маселен, Орусиянын аба базалары Тажикстанда 49 жылга, ошол эле Арменияда 2044-жылга чейин узартылды. Бул эл аралык мамилелерде өзгөчө чоң күчтөр тарабынан таңуулоо жолдору менен, же болбосо түздөн-түз эки өлкөнүн кызыкчылыгы менен болуп келген иштер. Ал эми Кыргызстандын мисалында алсак, бул соңку жагдай президенттик шайлоодон кийин болуп жатканы да белгилүү бир суроолорду туудурбай койбойт. Бул балким гезит жазгандай соодалашуу түрүндө болушу мүмкүн.

АКШ аба базасы сөзсүз чыгарылат деген сөздү шашылыш айтылган сөз катары карайм. Бул ойлонуп, салмактап турулуп айтылышы керек болчу...
Соодалашуу дегенде деле муну чочуп карабоо керек. Себеп дегенде, эл аралык мамилелердин табияты ушундай эмеспи. Бирок бул жердеги негизги суроо, биздин өлкөнүн кызыкчылыгына канчалык кызмат кылат? Ошонун айланасында аналитиктер же жалпы эле ушул багытка кызыккан адамдар бул темада көбүрөөк сүйлөп, көбүрөөк талашып-тартышуусу абзел.

- Орусиянын 2003-жылдан бери иштеп жаткан бул аба базасынын ролу канчалык? Айрым адистер бул базада эски жабдыктар гана бар экенин айтып келишет. Сиз өзүңүз кандай баа бересиз?

- Орусиянын маалымат каражаттарында да чындыгында эле талапка толук жооп бербегени өздөрү тарабынан жазылып жүрөт. Бул база жаңыланат, оңдолуп, түзөлөт деген маалыматтар бар. Бул жерде техникалык мүмкүнчүлүктөрдөн көбүрөөк жалпы эле бул аба базанын Кыргызстанга канчалык кызмат кылаарын сураганыбызда, муну жергиликтүү кызыкчылык эмес, жалпы эл аралык масштабда карасак бир аз түшүнүктүү болот деп ойлойм. Себеби, геосаясий жактан ыңгайлуу жайгашкан жерлерде чоң өлкөлөр арасында жарыш, же бири-бири менен таймаш бар эмеспи. Ошонун негизинде АКШнын жана Орусиянын аба базасы келип олтурат.

- Кыргызстандагы президенттик шайлоодо биринчи болгон Алмазбек Атамбаев АКШнын "Манастагы" транзиттик борбору мөөнөтү бүткөңдөн кийин жарандык борборго айланышы керектигин билдирди. Шайлоого чейин Алмазбек Атамбаевдин орус өкмөт башчысы менен жолугушканы бар. АКШнын транзиттик борборун чыгаруу демилгесинин артында да Кремль турабы?

- Муну алар ачыктан эле, мурдатан айтып келген. Сөзсүз турушу мүмкүн. Себеби эң башкы башкаруучуларынан тартып аналитиктерине чейин АКШ базасы Орусиянын жана жакынкы коңшулардын кызыкчылыгына туура келбестигин айтып келишпедиби. Андай пикир, сөз болушу мүмкүн.

Бул жерде сырткы күчтөрдүн таасирлеринен мурда, биз өзүбүз канчалык тышкы саясатты жүргүзө алабыз, жүргүзгөндө канчалык тең салмакта сактап, өлкөбүздүн кызыкчылыгын алдыга жылдыра алабыз деген түшүнүктү алдыга жылдырышыбыз керек. Мен АКШ аба базасы сөзсүз чыгарылат деген сөздү шашылыш айтылган сөз катары карайм. Бул ойлонуп, салмактап турулуп айтылышы керек болчу.

- Соңку жагдайлар Кыргызстан биротоло Орусияга багыт алды дегенди көрсөтпөйбү?

-Толук айта албайбыз. Антип айтууга эрте. Себеби, өзгөчө азыркы заманбап саясатта, заманбап чөйрөдө өзгөрүүлөр өтө тездик менен болот. Ошондуктан муну саясатта айтыш эрте. Өзгөрүүлөр бат эле болуп кетиши мүмкүн.

- Рахмат.