Мезгилсиз көзү өткөн өнөрпоз өмүрүнүн соңунда “Азаттык” үналгысына маек берип, “Жан дүйнө” рубрикасында комузчунун таланты жана тагдыры тууралуу кеп болгон эле.
Кыргыз элинде эзелтеден бери залкар күүлөрдү ийине жеткире черте алган комузчулар сейрек болуп келген. Адистер азыр деле кара күүлөрдү катыра аткарган, өздөрү да күү чыгарган комузчулардын саны онго да жетпей турганын айтып келишет. Руслан Жумабаев ошондой сейрек кездешкен өнөрпоздун бири эле. Залкар комузчулардын бири Намазбек Уралиев "Жан дүйнө" берүүсүндө буларды айткан:
- Руслан абдан таланттуу комузчу. Ал комузду чертүү жана жана күүлөрдү өтө көп билгендиги менен башкалардан айырмаланып турат. Ошол эле учурда ал өзү да күү чыгарып келген. Ал комуз ойноп жатканда көркөм каражатты мыкты колдонуп, чыгармаларды кооздоп аткаруу боюнча өзүнүн айырмачылыгы болгон.
Адистер комуздун күүсү рух дүйнөнүн эч теңдешсиз азыгы экенин даңазалап, мыкты комузчунун күүсүн адамдар улутуна, динине, дилине карабай угушарын айтышат. Руслан Жумабаевдин аткаруучулук чеберчилигине кезинде кыргыз гана эмес, Түркиянын, Түштүк Кореянын, Германиянын, Швейцариянын, Италиянын, Белгиянын, Франциянын, Американын угуучулары да таңдана таазим этип турушкан.
Жумабаев залкарлардын классикалык күүлөрүн чертүү менен катар комуз музыкасын жаңы мазмун, жаңы ыргактар менен байыткан ондогон күүлөрдү чыгарды. Алардын ичинен "Карылардын насыят", "Каракөө", "Ботаалынын Бозжорго" жана элдик ансамбль, оркестрлер үчүн жазган "Эркесары", "Ахалтеке", "Аккуу", "Булбул сайрак" аттуу күүлөрү угармандардын урматтаган чыгармаларына айланды.
Руслан Жумабаев 1983-жылы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан түрк тилдүү элдерден тараган чертме домбра классын бүтүрөт. Кийин Кыргыз улуттук консерваториясынан билим алып, аспирантураны да аяктайт. Өнөр жолуна аттангандан тарта комузга түркүмдөш аспапты чертүү, ар кандай чыгармаларды аткаруу менен бирге залкар күүлөрдүн ар кандай түрлөрүн, кооз үлгүлөрүн чертет. Алсак, Карамолдонун, Токтогулдун, Ниязаалынын, Айдараалынын, Атайдын, Шекербектин, Асылбектин жана башка залкарлардын классикалык күүлөрүн табына чыгара аткарып келген.
Ал консерваторияны аяктагандан кийин “Ак-Марал”, “Саамал”, “Ордо-сахна” аттуу ар кандай фольклордук этнографиялык ансамблдерде иштеп, аталган топтор менен бир нече дүйнөлүк фестивалдарга катышкан. Комузчу акыркы мезгилдерде өзү билим алган консерваторияда кафедра башчысы болуп иштеп жүрүп, өмүрүнүн соңунда жумушсуз калган.
Маркумдун сөөгү кичи мекени Нарында жерге берилет. Ага көзү тирүүсүндө мамлекеттик эч кандай наам берилген эмес.
"Жан дүйнө" берүүсүнүн 8-июлдагы чыгарылышына комузчу Руслан Жумабаев да өзү катышып, башынан өткөрүп жаткан күндөр, чыгармачылыгы тууралуу айтып берген. Ошол берүүнүн толук вариантын сунуштайбыз:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.