Элеттик аялдардын эл аралык күнү 15-октябрда "Азаттык" алардын саламаттыгына, ишкерлик кылуу аракетине, үй-бүлөлүк турмушуна жана эс алуусуна кызыкты.
Анемия жана эмчектин рак дарты элеттик аялдардын саламаттыгындагы башкы көйгөй

Дарыгерлердин айтымында, элеттик аялдар, кыз-келиндер арасында аз кандуулук, кан басымынын жогорулашы жана эмчек рагы өңдүү илдеттер күч алган. Буга өз ден соолугуна кош көңүл мамиле жасап, дартты алдын албоо да себеп болууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Анемия жана эмчектин рак дарты элеттик аялдардын саламаттыгындагы башкы көйгөй



Супура салды - элеттик айымдардын жоголуп бара жаткан жөрөлгөсү

Кыргыздын көптөгөн той-мааракелери же көңүл ачуучу оюн-зооктору негизинен эркектердин жигердүү катышуусу же жалаң эле эркектер арасында өтөт. Бирок аялдар гана топтолуп, аялдар гана көңүл ачышы үчүн уюштурулуп жүргөн жөрөлгөлөр да жок эмес. Алардын бири – Супура салды. Азыр анын такыр жоголуп баратканына жергиликтүү айымдар тынчсызданып жатышканына кабарчыбыз жакында Лейлек районундагы Көк-Таш айылына барган кезде күбө болгон.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Супра салды - элеттик аялдардын жоголуп бара жаткан жөрөлгөсү




Айыл, лыжа, жалгыздык...

60ка чыгып калган Сайракан Жумалиева жалгыз жашайт. Нарындын Дөбөлү айылынын тургуну, кезинде лыжадан спорт чебери, Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү болгон. Анын тагдыры ары кызыктуу, ары татаал.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айыл, лыжа, жалгыздык...




Элеттик аялдар үй-бүлөлүк бюджетин кантип көбөйтөт?

Бүгүнкү күнү айрым аялдар БУУнун “Биргелешип аракеттенүү” деп аталган программасынын алкагында айыл чарба иштерине тартылып, үй-бүлөлүк бюджетин толуктоо менен бала-чакасын багууга мүмкүнчүлүк алып жатышат.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Элеттик аялдар үй-бүлөлүк бюджетин кантип көбөйтөт?




"Тырмагыбызды туздуу сууга салабыз"

Айылдык айымдардын өздөрүнө кандай кам көрөт, дегеле сулуулук салондоруна барышабы? Бул суроого жоопту көлдүк айымдар арасынан издедик.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Тырмагыбызды туздуу сууга салабыз"