Кадрлардын орун алмаштыруунун негизги максаты эмнеде? Бул идеянын саясий-укуктук, социалдык, психологиялык күнгөй-тескейлери кандай? Ал улуттук биримдиктин өбөлгөсү боло алабы?
“Арай көз чарай” талкуусуна Нарын облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Узакбаев жана Кадр кызматынын борбордук өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков катышты.
“Азаттык”: Эмилбек мырза, президент Жээнбеков Таласта эл менен жолугушууда совет заманында тажрыйба болуп келген мамлекеттик кадрларды ротациялоо салтын калыбына келтирүү боюнча демилге көтөрдү. Сиз аны кандай кабыл алдыңыз? "Азыркы демократия, базар мамилесиндеги заманда ал канчалык өзүн актайт?" деген суроолор бар...
Кадр саясаты: калпыстык же таңкыстык
Кадр саясаты: калпыстык же таңкыстык
Эмилбек Узакбаев: Мен бул демилгени колдойм. Илгертен айтылып келаткан Сталиндин “Кадрлар баарын чечет” деген сөзү бар. Ротация маселеси бүгүн эле чыга калган жок, мурунтан келаткан тажрыйба. Элибизде жакшы сөз бар: “Эскинин жакшы нерсесин колдоно бил” дейт. Эгер мурдагы тажрыйба бүгүнкү мамлекетке, анын экономикасына ийгилик, натыйжа алып келе турган болсо - албетте, аны колдонуш керек. Алакандай Кыргызстандын кечээки тарыхында ротациянын ийгиликтүү тажрыйбасы болгон.
Азыркы Кыргызстандын үч облусу совет заманында бир эле Ош облусу болчу. “Ош – кадрлардын устаканасы” деп аңыз кеп айтылып калган. Кыргыздын мыкты, көрүнүктүү жетекчилери Султан Ибраимов, Темирбек Кошоев, Акматбек Сүйүнбаев, Жумгалбек Аманбаев, Арстанбек Дүйшеев ж.б. Оштон өсүп чыгып, республикалык денгээлге өсүшкөн. Алардын баары Кыргызстандын түндүгүнөн барып иштеген кадрлар болгон. Дагы айтсам, Нарын облусун Сабитахунов Чүйдөн барып башкарды, Матен Сыдыков Жалал-Абаддан барып жетектеди. Аскар Акаев президент болуп турганда мен да тоолуу облусту башкарып иштедим.
Бирок ротациянын жакшы-жаман жактары да болуп калышы мүмкүн. Дайындаган кадр ошол аймактын же райондун негизги өзгөчөлүктөрүн билбей барса эл да, өзү да кыйналып калышы ыктымал. Жетекчи облустун ар бир районун, анын айырмачылыгын, керек болсо кандай кландар, кандай уруулар бар, ким кимге тууган экенине чейин билиши керек. Мындай маселелерди жумушка барганга чейин эле билиш керек, билбесең ишиңе терс таасири тийиши мүмкүн. Ал эми ротациянын жакшы жагы - барган жериңде сен баарына бирдейсиң, тууган-туушканың, таеке-жээниң жок болгондон кийин калыс мамиле кыласың, маселе чечкенде оңой болот. Эң негизгиси - ротация кылып жаткан кадрдын адискөйлүгүнө көңүл буруш керек. Колунан иш келе турган, оозунда сөзү бар адистерди тандаш керек, ошондо натыйжа болот.
“Азаттык”: Мыктыбек мырза, кадрларды ротациялоого келгенде адамдын эрки, каалоосу, укугу деген демократиялык маселелер бар эмеспи. Биринчи жетекчи каалагандай дайындай берүүгө мыйзамдык базалар барбы? “Сен туулуп-өскөн районуңа аким боло албайсың” деп мыйзамга жазып кое алабызбы?
Мыктыбек Өмүрзаков: Мамлекеттик кызматка келе жаткан адам андагы айрым чектөөлөрдү өз эрки менен кабыл алат, ага баш ийет, аткарат. Этика, этикет маселеси бар, анын баарына кызматкер макул болот. Мыйзамга ылайык кадрларды ротациялоо кандай максатта жүргүзүлөт? Биринчиден, мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун арттыруу максатында, экинчиден, ошол мамлекеттик кызматкердин карьералык өсүшүн пландоо, камсыз кылуу максатында, эң негизгиси - коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын-алуу жана ага бөгөт коюу максатында жасалат. Мыйзамга ылайык кызматка дайындалганда бир жылдын ичинде сизди эч ким ротация кыла албайт. Бир жыл өткөндөн кийин ошол кызматкердин макулдугу менен гана ротация жүргүзсө болот. Кызыкчылыктар кагылышып калган учурда, коррупциялык тобокел жагдайлардын алдын алуу учурунда жетекчи кызматкерге ротацияны сунуш кылууга укугу бар. Эгер ага макул болбосо, ал мамлекеттик кызматкер кызматынан бошотулушу да мүмкүн.
"Ыңгайсыз суроолор": Кадыры жок кадрлар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Азаттык”: Эмилбек мырза, президент Сооронбай Жээнбеков Таласта сүйлөгөн сөзүндө ротацияны ири алдыда күч түзүмдөрүнөн, укук коргоо органдарынан башташ керек экенин айтты. Кадрлардын ротация болбогонунан ушул тармактар көбүрөөк кыйынчылык жаратып жатат десек болобу?
Эмилбек Узакбаев: Кылмыштуулуктун кайсы түрү болбосун анын бетин ачууда, жазалоодо тууганчылык, жердештик жагдайлар терс таасир тийгизип жатканы чын. Милиция, прокуратура жетекчилери ошол райондон болгондо кылмышкерлер сотко жетпей эле жазадан кутулуп кеткен учурлар көп болуп жатканын президент эске алып жатса керек. Кыргызчылык кылып канча маселелер мыйзамсыз чечилип келатат...
“Азаттык”: Мыктыбек мырза, республикалык, облустук деңгээлдеги шаарлардын мэрлерин шайлоолор да көп мүшкүл жаратып келе жатпайбы. Аларды да ротацияга мыйзамдуу тууралаш керекпи?
Мыктыбек Өмүрзаков: Бул жерде бир конституциялык принцип бар. Ага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мамлекет кийлигишпеши керек. Бул жерде бир топ маселелер чыгышы мүмкүн. Бирок азыркы мыйзамдар боюнча кайсы бир шаардын мэринин кызмат ордуна башка аймактардан келип талапкерлигин коюуга укук берилген.
Эмилбек Узакбаев: Кыргызстандагы азыркы реалдуулук менен эсептешүү керек. Мисалы, мен бир шаардын мэр кызматына сырттан барып талапкерлигимди койдум, дагы бир талапкер ошол шаардан койду дейли. Ал жердеги отурган депутаттар мени шайлайбы же жердешин шайлайбы? Кимди шайлай тургандыгы түшүнүктүү. Буга биз даяр эмеспиз. Азырынча республикалык деңгээлдеги, мекемелик кадрларды ротацияны чечип албайлыбы? Анан жергиликтүү органдарга өтсөк болот.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.