Азыркы өзгөрүүлөрдүн мурдагылардан айырмасы эмнеде? Патрулдук милициянын кайра түзүлүшү иштин сапатын арттырабы? ИИМдеги реформанын өзөгүн дагы кандай чаралар түзүшү керек?
“Арай көз чарай” талкуусуна ИИМдин жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, жумушчу топтун мүчөсү Нур Сатыбалдиев жана “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин директору Чынара Касманбетова катышты.
“Азаттык”: Нур мырза, президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыз кылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун сунушун жактырганы кабарланды. Мурда деле реформа жөнүндө көп эле сөз болду эле, азыркы аракеттердин өзгөчөлүгү эмнеде?
Нур Сатыбалдиев: Мурдагыларга караганда азыркы жумушчу топ бул жолу президентке реформаны ишке ашыруу боюнча так, даана талдоонун жыйынтыгын сунуш кылды. Жалпы системаны кантип өзгөртүү керек, ага канча каражат же кандай материалдык-техникалык база керек, кызматкерлердин моралдык-психологиялык абалын кантип жакшыртуу керек, сервистик кызмат көрсөтүүнүн сапатын кантип жогорулатабыз, жаңы түзүлө турган өздүк курам кандай болот - мунун баары стратегияда жазылды.
Дагы караңыз Патрулдук милиция кайра түзүлөтМисалы, стратегияда жаңы түзүлө турган өздүк курамдын жазалоо функциясы азайып, жарандарга кызмат көрсөтүү милдети көбөйөт. Ал курам коомдук жайлардабы, жолдобу - коомдук тартипти сактоо, жол кырсыктарын азайтуу боюнча иштейт. Анда иштеген кызматкер универсалдуу милдеттерди аткарат: жол кыймылынын коопсуздугу, коомдук жайлардагы тартип, жашы жетпегендер менен иштөө инспекциясынын иши ж.б. да милдеттер колго алынат. Ушул пландар 2019-жылдан баштап Бишкек шаарында сынама (пилоттук) долбоор катары ишке аша баштайт.
“Азаттык”: Чынара айым, ушундай эле бириктирүү менен мурда деле Патрулдук милиция түзүлдү эле, кайра ал жоюлду, эми кайра түзүлдү. Эмне өзгөрөт деп ойлойсуз?
Милиция полиция болуп өзгөрөт
Милиция полиция болуп өзгөрөт
Чынара Касманбетова: Чынын айтканда нааразычылык туудура турган абал түзүлүүдө. Биз ордубузда туруп эле чайналып жатабыз. Эки кызматты кошобуз, кайра ажыратабыз, “эми жакшырат” деп үмүт артабыз. "Болбойт экен" деп, эми кайра бириктирип жатабыз. Ушунун баары - реформа жүрбөй эле чар-жайыт боюнча жатабыз деген сөз. Менимче бул жерде стратегиялык пландоо жетишпей жаткандай.
Ички иштер министрлигинде талдоочу топтор көп документтерди иштеп чыгышкан. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда жол коопсуздугун камсыз кылуу, реформалоо боюнча комплекстүү чаралар иштелип чыккан, ал деле аткарылбай кагаз жүзүндө калды. Ошондуктан бул айтылып жаткан стратегия да ишке ашабы же ара жолдо калабы - көп суроолор пайда болуп жатат.
Нур Сатыбалдиев: Мурдагы патрулдук милиция менен жаңы түзүлө турган патрулдук милициянын айырмасы чоң болот. Мурдагы патрулдук милиция ИИМдин курамында же МАИ тармагында иштеп жаткан кадрлардын, адистердин базасында гана түзүлгөн болчу.
Азыркы патрулдук милицияга мурда иштегендер да, сырттан келип иштегиси келгендердин баары жаңы конкурстун негизинде кызматка алынат. Конкурстан өткөндөр атайын үч айлык курстан - окуудан өтүшөт. Анда кесиптик чеберчилигин арттыруу, эл менен иштөө жөндөмү, социалдык-сервистик кызмат көрсөтүү сыяктуу маселелер каралат. Ушунун баары - коррупциялык элементтер болбошу үчүн көрүлгөн чаралар.
Кызматкерди моралдык-психологиялык жактан ар тараптуу даярдоо жүрөт. Ошондой сыноолордон өткөн кызматкерлер гана жумушка алынат. Андан кийин алар тиешелүү, керектүү техника менен жабдылат, формалары берилип, иштей башташат.
Кан жолдо он адамдын өмүрү кыйылды
Кан жолдо он адамдын өмүрү кыйылды
“Азаттык”: Чынара айым, "Патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланат" деп айтылууда. “Социалдык-сервистик кызмат” дегенди кантип түшүнсөк болот?
Чынара Касманбетова: Социалдык-сервистик кызмат “Патрулдук милиция элге кандай кызмат көрсөтөт?” деген сөз. Мисалы, жол кырсыгы катталса милиция документтерди кандай толтурушу керек, жабыр тарткандарга кандай биринчи жардам көрсөтөт, кандай укуктук түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, автоунааны каттоо, айып токтотмого автоунааны алып баруу сыяктуу ж.б. кызматтарды көрсөтүү деп түшүнсөк болот. Ушунун баары биз кыялданган идеалдуу долбоорлор, бул убакка чейинки документтерде деле мындан сонун сунуштарды жазып келгенбиз. Бирок андан жол коопсуздук системасы өзгөргөн жок. Кызматкерлерди конкурс аркылуу тандап алуу, окутуу планы мурда айтылып келген, ишке ашкан жок.
2015-жылы ошол конкурстук комиссиянын мүчөсү катары көрдүм, жөнөкөй адамдардын МАИге өтүшү өтө кыйын, болушунча кулатышат. Мындай кыялдарды, пландарды жетиштүү каражат болмоюнча ишке ашыруу мүмкүн эмес.
“Азаттык”: Нур мырза, "реформанын биринчи баскычы - кадрларды сынактын негизинде тандоо" деп жүрөт. Сынактарды өткөрүүдө, кадрларды тандоодо коррупциялык элементтерди катыштырбай кантип таза өткөрсө болот? Президент "сынакты таза, ачык өткөргүлө" деп тапшырма берди.
Нур Сатыбалдиев: Азыр айтылып жаткан сындар - эски замандын калдыгы, биз андан өтө албай кыйналып жатабыз. Азыркы конкурстун талаптары жаңы. Баары “Кыргызтесттен” өтүшөт, юридикалык-укуктук документтерди жаза билгенине, сүйлөө речине чейин каралат. Айдоочу менен милициянын ортосундагы байланышты өтө минималдуу деңгээлге түшүрө тургандай чаралар каралууда.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.