Кулчулукка кабылгандар көбөйдү

Дүйнө жүзүндө 27 миллион эркек, аял жана бала кулчулуктун ар кыл формасынан жабыр тартат.

2011-жыл ичинде чет жерде кулчулукка кабылган кыргызстандыктардын саны эки эсе өстү. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирди.
Жагдайдын себебин мигранттардын санынын артышы менен түшүндүрүүдө. Бөтөн жерде кулчулукка кабылгандарды куткаруу бир топ мыйзамдык түйшүктөр менен коштолууда.

400 адам кулчулуктан куткарылды

Поездге түшүп, миңдеген чакырымдарды басып, бөтөн жерде акча табууну көздөгөн мигранттардын баары эле барган жеринен бакыт таба албайт экен.

Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси жылына чет өлкөгө иштейм деп барган кеминде 200дөй жаранды кулчулуктан куткарат. Бирок быйыл жыл башынан бери эле кулчулукка кабылгандардын саны 400кө жеткенин кеңсенин жетекчиси Бермет Молдобаева билдирүүдө:

- 2011-жылы кулчулукка кабылгандардын саны кескин өстү. Бул Кыргызстандан чет жакка чыккандардын саны көбөйгөнү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Көпчүлүк адамдар коогалаң өңдүү социалдык карама-каршылыктардан коркуп, өлкөдөн кетип жатышат. Алар эч ким менен кеңешпей, чукулунан чет өлкөгө сапар алып, ал жакта кыйын абалга туш болуп калышууда. Мындан улам биз чет өлкөдөн куткарып келген адамдардын саны эки эсеге өсүп жатат.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстандан кеткен эркек кишилер көбүрөөк Орусия жана Казакстанда кулчулукка кабылып, кара жумушка салынат. Ал эми кыргызстандык кыздар көбүнее Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында сексуалдык кулчулукка туш болуп келишет. Соңку мезгилде Кытайда да кулчулуктун ар кыл түрүнө кабылган кыргыз жарандары бар экен.

Адистер мигранттардын кулчулукка кабылышынын негизги себебин маалыматтын жетишсиздиги, мыйзамды билбегени менен байланыштырып келишет.

Бириккен Улуттар уюмунун Борбор Азиядагы миграция боюнча программасынын координатору Альфия Мирасова чет өлкөгө мыйзамсыз кетип, көмүскө иштерде эмгектенүүнүн акыры да кулчулук менен аяктарын билдирүүдө. Анын айтымында, үй жумушчу, бала багуучу катары чет өлкөгө кеткен аялдарда кулчулукка кабылган учурлар көп кездешет:

- Чет өлкөгө кеткен аялдардын көбү бейформал, көмүскө иштерде эмгектенишет. Мунун өзү кулчулукка, эксплуатацияга алып барат. Себеби аялдар көмүскө тармакта иштесе, эч кандай келишим түзүүгө укугу болбойт. Айлык акысын да, убактысын да көзөмөлдөй албайт. Иш берүүчүлөр да көмүскөдө иштеген аялдын ачыкка чыгышын каалабайт.

Кулчулуктан куткаруунун машакаты көп

Кулчулуктун дагы бир себебин чет өлкөдөн жумуш таап берүүчү жергиликтүү фирмалардын шалаакылыгы менен түшүндүргөндөр бар. Ушул жайда үч кыргыз жараны жергиликтүү фирманын жылуу сөзүнө жибип, Бириккен Араб Эмираттарына барып, кулчулуктун курмандыгы болушканын билдиришкен.

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Алмаз Абытов жарандарды жакындары эле кулчулукка сатып жиберген учурлар бар экенин белгиледи:

- Кулчулукка кабылгандар мыйзамды билбегендиктен болот. Өзүнүн эле туугандары, же жердештери сатып жиберген учурлар көп. Анан документтери жоголуп, иштеп отуруп кулчулукка кабылгандар бар. Аларды алып келүү үчүн эки мамлекеттин ортосунда чоң келишимдер керек. Маселен прокуратура жаатындагылар муну изилдеши керек. Бул аябай жашыруун формада болот.

Жакында Жогорку Кеңеш адам аткезчилиги боюнча мыйзам долбоорун жактырып, ага ылайык, жарандарды чет өлкөгө жөнөткөн агенттиктердин иши тыкыр көзөмөлгө алынып, адам сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги жогорулаган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин быйылкы баяндамасына ылайык, дүйнө жүзүндө 27 миллион эркек, аял жана бала кулчулуктун ар кыл формасынан жабыр тартат. Документке ылайык, Кыргызстандын 60 000 жараны өлкө ичинде да, сыртында да адам сатуунун курмандыктары болгон. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан кулчулукка туш болгон жарандарынын саны боюнча Борбор Азияда Өзбекстан менен Тажикстандан кийин үчүнчү орунда турат.