Гезиттеги тамаша абакка жеткирди

“Супер-инфо" гезитинин кабарчысы Бахияна Сатылганова Бишкектеги №1 тергөө абагына 1 айга камалды.
Ал теле алып баруучу Назира Айтбекованы тамашага чалабыз деп жатып, адам уурдоо, бейбаштык сыяктуу кылмыштарды жасаган деп айыпталууда.

Бишкектеги Свердлов райондук сотунун чечими менен Бахияна Сатылганова жана “Супер-инфо” гезитинин тамашасын аткарууга катышкан спортчу Жанат Муратов бир айга камакка алынды. Алар учурда борбордогу №1 тергөө абагында кармалышууда.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун айтымында, алар үч берененин негизинде айыпталып жатат:

- Аталган иш боюнча Бишкек шаардык милиция тарабынан Бахияна Сатылганова жана Жанат Муратов деген эки адам камакка алынды. Сатылганова “Супер-инфо” гезитинин кабарчысы, ал эми Жанат Муратов болсо аталган гезиттин тамашаларына катышкан спортчу экен. Бул эки адамга Кылмыш кодексинин адам уурдоо, бейбаштык жана денеге залал келтирүү деген үч беренеси боюнча айыпталып жатат.

Бахияна Сатылганова маалымат жыйынын өткөрүп, расмий түрдө кечирим сураган.

Сеитов кошумчалагандай, бул иш боюнча айыпталган “Супер-инфонун” дагы бир кабарчысы Максат Орозунбетов саламаттыгына байланыштуу үй камагында калтырылды.

Анткен менен Сатылганованын адвокаты Талант Байгазиев журналистти камакка алуу боюнча чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынганын билдирүүдө:

- Соттун бул чечими туура эмес, адамгерчиликке жатпайт жана мыйзамсыз. Себеби Сатылганова тагылган айыптар боюнча кылмыштын эч эле далили жок. Жөн гана сот бул иш коомдо чуу жаратты деген негиз менен эле ушундай чечим кабыл алып койду. Мен соттун чечиминин үстүнөн Бишкек шаардык сотко доо арыз менен кайрылдым.

Ал арада “Супер-инфо” гезитинин жамааты Бишкектеги №1 тергөө абагынын жанында нааразылык акциясын өткөрдү. Гезиттин 30дай кызматкери кесиптешинин кош бойлуу жана кичинекей чүрпөсү бар экенин айтышып, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышты. "Супер-инфонун" башкы редакторунун орун басары Элвира Караева:

- Бахияна Сатылганова буга чейин тергөө менен тыгыз кызматташып, мыйзам бузган эмес. Анын үстүнө Бахиянанын төрт айлык боюнда бар жана 2 жаштагы баласы бар. Ошолорду эске алып, соттон үй камагына чыгарууну суранып жатабыз.

Назира Айтбекова

Ошондой эле гезиттин жамааты оюндан от чыккан тамашада жабыр тарткан теле алып баруучу Назира Айтбекованы кечиримдүү болуп, бул иш боюнча жазган арызын кайтарып алууга чакырышууда. Бирок Айтбекованын жолдошу Искендер Шаршеев жубайын одоно тамашага салгандар мыйзамдуу жазасын алышы үчүн соңуна чейин аракет көрөөрүн “Азаттыкка” билдирди:

- Сатылганованын камалышын тергөөнүн алкагындагы иш деп түшүндүрүштү. Бул сот жана тергөөчүнүн иши. Биз ага эч кандай кийлигишкен жокпуз. Ошондуктан “Супер-инфонун” жамааты “кечирип кой” деп кайрылбай эле койсун. Андай чечимди биз чыгарган жокпуз.

Буга чейин “Супер-инфо” гезити редакциянын эрежелеринен четтеп, ээн баштык кылган деп, Бахияна Сатылганова менен Максат Орозунбетовду жумуштан бошотуп, бардык жоопкерчиликти ошолор тартаарын билдирген.

Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын профсоюзунун төрайымы Мэри Бекешованын айтымында, бул кырдаалда кабарчылар менен бирге гезит жетекчилиги да жоопкерчиликти алыш керек:

- Негизинен кабарчылар эле күнөөлүү деген туура эмес. Бул жерде гезит жетекчилиги да жоопкерчиликти сезип, аракет көрүшү зарыл. Себеби гезитте жарыяланган ар бир макалага жетекчи жооптуу. Менимче, “Супер-инфонун” жетекчилиги деле азыр муну сезип жатса керек. Бирок жалпысынан Кыргызстанда журналисттер арасында кесиптик тилектештик деген түшүнүк жок, журналисттер башына мүшкүл түшкөндө өзү менен өзү калган учурлар абдан көп.

Ал ортодо “Супер-инфонун” жетекчилиги акыркы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу камактагы кабарчыларга колдоо көрсөтүү үчүн кызматтан бошотулган Сатылганова менен Орозунбетов кайра ошол эле ордуна жумушка алынганын, мындан ары кабарчыларын камкордукка алаарын кабарлады.

Октябрдын аягында “Супер-инфо” гезитинин журналисттери Коомдук Биринчи каналдын алып баруучусу Назира Айтбекованы Бишкектин четине алып барып, тапанча такап коркутушкан. Гезит жамааты мунун баары гезит жана сайтка жарыялана турган тамаша берүүсү үчүн жасалганын билдиришкен. Бирок Айтбекова мындан катуу жапа чеккенин жарыялап, милицияга доо арыз менен кайрылган болчу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Супер-инфо" митингге чыкты