"Кыргызстан эксперименттер өлкөсүнө айланды"

Кыргызстандагы мектептердин бири.

Бүгүн “Кыргыз туусу”, “Багыт”, “Майдан” жана “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити "Батышты багынткан “Атанын керээзи” ажонун сыйлыгына татыды" деген баш тема менен бул санын ачты. Анда 21-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев “Атанын керээзи” тасмасын тарткандар менен жолугушканы жазылган. Президент бул тасма Монреалда өткөн “А” классындагы тасмалардын ичинен “Алтын карек” сыйлыгына татыганы менен куттуктап, авторлорго саат белек кылган.

“Кыргыз туусу” гезити ошондой эле президент Атамбаев ИИМдин жаңы дайындалган жетекчиси Улан Исраиловду кабыл алганын да баяндады. “Укук коргоо органдарын реформалоо – маанилүү иш” деп аталган кабарда айтылганга караганда, мамлекет башчы өлкөдө тартипти камсыз кылууда милициянын жоопкерчилигин баса белгилеп, коррупцияны жоюу, укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча ИИМ жетекчилигинин алдында чоң милдеттер турганын эскерткен.

Бул басылмада “Конфуций кыргызча сүйлөдү” деген да чакан жаңылык бар. Анда “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Конфуцийдин китеби кыргызча которулганы, аны орусчадан белгилүү журналист, публицист Эрнис Асек уулу оодарганы кабарланат. “Конфуций жалпы окурмандарга арналып, чөнтөккө катып, сумкеге салып жүрүп окуй турган китеп болуптур” деп баалады “Кыргыз туусу”.

Ушул эле гезитте “Келдибеков 10 миллион сом айып төлөдү”, “Олимпиада күмүш медалы бизге буюруп калуусу мүмкүн”, “Конституцияны эмнеге өзгөртүү керек”деген да кабар-макалалар жарыяланды.

“Майдан.kg” гезити болсо, “Текебаев Атамбаевге импичмент жарыялады: чындык ким тарапта” деген макала менен бул санын ачты. Анда депутат Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо аракетин баштаганын кабарлап, "Бирок президент аны кабыл алып, кызматынан кетиши мүмкүнбү” деген суроо койгон гезит. Бул суроого коомдук ишмерлердин, активисттердин жоопторун окусаңыздар болот.

Ошондой эле Текебаевдин “Мен Бишкектин мэри Албек Ибраимов менен президент Алмазбек Атамбаевдин репутациясына моралдык жана саясий сокку уруу ниетимди жашырбайм жана муну уланта берем” деген пикирин да элге тартуулаган.

“Майдан.kg” гезитинде “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын “Кырдаалга жараша өзгөргөн адам болсом, азыр деле Атамбаевдин жанында жүрмөкмүн” деген маеги да жарык көрдү.

Экс-депутат, мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиевдин маеги болсо, “Бир күн да мектеп мугалими болуп иштебеген айымдарды министр кылып коюшуп, тармакты талкалады” деп аталды. “Жыйынтыгында Кыргызстан эксперимент жасай турган мамлекетке айланды. Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан макул болбогон программаларды Кыргызстан түз эле колдонууга өттү. Билим берүү тармагындагы абал күндөн-күнгө оорлоп баратат”, - деди экс-министр.

Ал эми бүгүн жарык көргөн дагы бир басылма - “Багыт” гезити болсо, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Иса Өмүркуловдун “Президентке импичмент жарыялоого негиз жок“ деген пикирине орун берди. “Президенттик кызматка келгенден кийин президент саясий ишмердигин токтотот. Ал улуттун атасы, Конституциянын гаранты болот. Эгер мамлекет башчынын кылган иштеринде кылмыш иши болсо, Башкы прокуратуранын чыгарган чечиминен кийин гана президент кызматтан кетет”, - деп билдирген Иса Өмүркулов.

Тарых илимдеринин кандидаты Айнура Арзыматованын маеги да импичмент темасына арналып, “Текебаев импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүү менен “Мегаком” жана морадерчулук боюнча иштерден кутулуу амалын көрүп жатат” деп аталды.

“Вечерний Бишкек” гезити болсо Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарларды сактоо иши кандай жүрүп жатканына сереп салган. Журналист Александра Василькованын бул макаласы “Өлүм лицензиясы кимге керек?” деп аталат.

“Чет элдик аңчылар өлкө бюджетине жылына 120 миллион сом киреше алып келет. Ал акчалардын негизги бөлүгү кайра эле сейрек жаныбарларды көбөйтүүгө, аларга шарт түзүүгө жумшалат. Бирок Кыргызстандагы жаныбарлар дүйнөсүн сактоо боюнча мындай мамиле канчалык натыйжалуу?” деген суроо койгон журналист.