Көлдө “Йакын Инкар” диний агымы ачыкка чыкты

Уруксат албай дааватка чыкты деген кине менен кармалгандар.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жана Ак-Суу районунда уруксат албай дааватка чыкты деген кине менен он алты киши кармалды. Алар “Йакын Инкар” тобунун мүчөлөрү деп шектелүүдө.

Ак-Суу райондук милиция кызматкерлери жети кишини 20 - февралда Бөрү-Баш айылынан кармашты. Анын себептерин райондук милициянын 10-тобунун ага кызматкери Бакыт Султангазиев мындайча түшүндүрдү:

- Жамаат төрт айлык дааватка чыккан, булар үй-бүлөсүнөн тилкат, Облустук казыяттын даават бөлүмүнөн жана бизден тиешелүү уруксат кагаздарын албастан, өзүмбилемдикке салып эле чыгып кетишкен.

Ак-Суу районунан кармалгандардын бири Марсел Өмүралиевдин жашы 27де. Анын айтымында, жамаат дааватка чыгарда Казыяттын атайы кеңешине уруксат сурап кайрылышкан. Бирок айрым талаптарга баш ийгилери келген эмес:

- Документтерибиз, тиешелүү акча каражат бардыгы эле бар болчу. Болгону чачыңарды кескиле, кийимиңерди кыскарткыла деп жатышат. Менин оюмча бул ар кимдин өз укугу. Чачка, кийимге өкмөт каршы дейт. Мындай болбойт да.

Асантур Абдрахманов

Ак-Суу районунун имам-хатиби Асантур Абдрахманов болсо тескерисинче, бул топко дооматтар диний жана мыйзамдык талаптарга шайкеш келбеген өңүттө болуп жатканын белгиледи:

- Колдорунда бир кагаз жок, паспортторун да көрсөтүшпөйт. Анан ушундайлардан эл, жаштар өздөрү иренжип жатышат. “Ай, молдокелер айтпайсыңарбы, кебетелерин оңдошсун, балдарыбыз коркуп жатат” деп арызданышат. Булар дагы Сирияга баштаганы турабы, эмнелерди эле айтып жатышат дешүүдө. Көзөмөлгө албайсыңарбы деп бизге катуу талап коюп жатышат.

Кармалгандарга Административдик кодекстин 399-беренеси боюнча, динди жамынып алып туура эмес үгүт иштерин жүргүздү деген доомат тагылып, иш Каракол шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Аталган беренеде 500 сомдон 5000 сомго чейин айып пул салуу каралган. Административдик кодекстин ушул эле беренесине ылайык, бир күн мурда Каракол шаарынын мечиттеринин биринде кармалган тогуз дааватчыны сот 500 сомдон айып пул төлөтүп, кое берди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын 10-тобунун ага кызматкери Жеңишбек Абыканов кармалгандар “Йакын Инкар” деп аталган топтун өкүлдөрү болушу мүмкүн деп билдирди:

- Буларды “инкарчылар” деп коет. Казыяттын маалыматы боюнча, булар мыйзамдарга, талаптарга баш ийбейт.

Кайсы бир шектүү уюмдун мүчөсү деген дооматты кармалгандар моюндарына алышкан жок. Бөрү-Баш айылынан кармалган дааватчылардын бири Марсел Өмүралиев “Йакын Инкар” тобу жөнүндө билбей тургандыгын белгилеп, өз ишенимдери тууралуу буларды айтты:

Марсел Өмүралиев

- Ар бир адамдын өзүнүн ыктыяры менен болот да. Чынчылдардын чынчылы пайгамбарыбыз айтпадыбы: "Фатиханы окусаң, өлүмдөн башка бүт ооруга шыпаа" деп. Бир адам ошого амал кылат, ал ошонун сообун ала берет. Бир адам жанын сактоо үчүн догдурга барат, дары ичет, ал ошонун сообун алат. Болгону бул ар бир адам үчүн гана сыноо. Биз телевизор көрбөйбүз, ага убакыт да жок. Анткени биз туура эмес жакка буга чейин көп жүрүп койгонбуз.

Расмий жана диний өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, “Йакын Инкар” тобунун мүчөлөрү өздөрүн Алланын адамдарыбыз деп санашып, жашаган үйлөрүнө тактай төшөбөй коюу же алып салуу, балдарын мектепке жибербей коюу, дары-дармектерден баш тартуу сыяктуу реалдуу жашоого коошпогон белгилери менен айырмаланышат.

“Йакын Инкар” тобунун көз караштары тууралуу Ак-Суу районунун башкы имам хатиби Асантур Абдрахманов айтып берди.

- Инкар деген сөз тарки кылуу, таштап салуу дегенди түшүндүрөт. Анан булар динди элге жеткирип жатканда, такыр эле дүнүйө таппай эле коюш керек, Аллахтын буйругун аткарып, Аллахтан гана сураш керек, ал баарын берет дешет. Тирилик кылбай деле Кудайдан сурасаң, берет деген түшүнүктөрү бар да.

Мына ушундан улам Казыят бул жамааттарга дааватка чыгууга тыюу салган. Дин ишмерлери билдиргендей, “Йакын Инкар” тобу мындан үч-төрт жыл мурун Чүй облусунда пайда болгон. Анда бир жамаат алгач уруксат кагаз алуудан баш тартып, кийин динди өз түшүнүктөрүнө жараша тарата башташкан.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, Ысык-Көл облусу боюнча мындай жамааттардын саны жетиге чукул. Ар бир жамаат 10-12 кишиден турат. Укук коргоо кызматкерлери аталган жамааттарды азыртадан токтотпосо, жаштардын радикалдашуусуна дагы бир жолдун ачыларын айтышууда.