«Умранын талабы ажылыктан жеңил»

Канатбек Мурзахалилов жана Жолдошбек Абдылдаев.

«Биз жана дин» түрмөгүндө мусулмандардын Умра зыяраты, шарттары жана талаптары тууралуу кеп кылабыз. Умра Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларында аткарылат.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев талдоого алышты.

Канатбек Мурзахалилов: - Адегенде умра деген эмне экенин тактап алсак?

Жолдошбек ажы Абдылдаев: - Исламда беш парз бар: Аллага ыйман келтирүү, беш убак намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү жана ажыга баруу. Умраны кичи ажылык деп коёт. Ажылык ар бир мүмкүнчүлүгү жеткен мусулманга парз болсо, умра колунан келген адамдын гана сүннөт амалы. Анткени пайгамарыбыз Мухаммед умраны сүннөт кылып аткарган.

Канатбек Мурзахалилов: - Мусулмандар үчүн умранын маани-маңызы кандай?

Жолдошбек ажы Абдылдаев: - Ажылыктын атайын шарттары бар. Кимдин мүмкүнчүлүгү туура келип, каражаты жетсе, өмүрүндө бир жолу ажылык сапарына барышы парз. Умрага баруу адамдын жеке өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Кайсы убакытта болбосун ниет кылып, «нафил намазын окуйм, орозо кармайм» деген сыяктуу эле «умра сапарын аткарып келейин» десе шарият уруксат берет.

Канатбек Мурзахалилов: - Ажылык менен умра ибадаттарынын айырмачылыгы барбы?

Дагы караңыз Терроризмдин тарыхы исламдан терең

Жолдошбек ажы Абдылдаев: - Ажылык - бул парз, ал эми умра сүннөт амалы. Андан башка дагы айырмачылыктары бар. Ажылыкка белгиленген убакытта, белгиленген мезгилде, белгиленген күнү гана барышат. Умрага ажылык парз аткарылып жаткан кезде барганга болбойт. Калган учурда кайсы айда, кайсы күнү, кайсы мезгилде болбосун барууга уруксат.

Мындан сырткары, ажылыктын амалдарын аткарып жаткан учурда калпыстык кетсе ажылык бузулат да кийинки жылы кайра барууга туура келет.

Ал эми умрада мындай «бузулуп калуу, каза болуу» деген жок. Мындан тышкары «машаир» деп коет, ажылыкта Мина өрөөнү, Арафат өрөөнү, Муздалифа, «шайтанга таш атуу» деген атайын ажылык парздарын аткара турган жерлер бар. Аларды кыдыруу керек. Умрада бул жерлерди кыдырбай койсо деле боло берет. Ажылыкта «учурашуу тавафы», «коштошуу тавафы» дегендер болсо умрада жок. Таваф - бул Каабаны айлануу.

Канатбек Мурзахалилов: - Өлкө мусулмандарынын Мекке жана Медина шаарларына ажылык зыяратка барышын уюштуруу, аны жүзөгө ашыруу толугу менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жүктөлгөнү белгилүү. Ал эми жарандарыбыздын умрага барышы бүгүнкү күндө туристтик фирмалар тарабынан камсыздалат. Анын себеби эмнеде?

2018-2019- жылдары умрага барууга талап күчөдү. Биз азыр умра боюнча аракетти баштадык. Колго алып, уюштурууга даярданып жатабыз.


Жолдошбек ажы Абдылдаев: - 2014-жылдан бери атайын Коргоо кеңешинин чечими чыгып, ажылыкты уюштуруу, аны жөнгө салуу муфтиятка жүктөлүп, атайын шарттар түзүлгөн. Ошонун негизинде ажылыкты электрондук тартипте жүргүзүү, акчасын банктык эсепте кармоо жана ажылыкты жаман сөздөрдөн, эл наараазы боло турган терс көрүнүштөрдөн алыс кармоо максатында 2014-жылдан бери иш жүргүзүп келе жатабыз.

Эң биринчи мекеме аралык комиссия түзүлдү. Ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан, Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен, Саламаттык сактоо министрлигинен, Аалымдар кеңешинен, муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынан өкүлдөр кирип, 25 кишиден турган топ түзүлөт.

Ажылыкка баруучу кишилердин катталганы, акчанын жүгүртүлүшү, авиакомпанияларды тандоо, ажылар үчүн бирдиктүү кийим-кечени тигүү, дары-дармектерди алуу комиссиянын көзөмөлү алдында жүргүзүлүп, бир нукка салынды. Өлкөдө буга чейин умрага барууга талап анча жок эле. 2018-2019- жылдары умрага барууга талап күчөдү. Биз азыр умра боюнча аракетти баштадык. Кудай буйруса, быйыл умраны колго алып, аны уюштурууга даярданып жатабыз.

Канатбек Мурзахалилов: - Бул иштер өкмөттүн токтому аркылуу ишке ашабы же Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын буйругу аркылуубу? Аны уюштуруп келген туристтик фирмалар эмне болот?

Жолдошбек ажы Абдылдаев: - Биринчиден мамлекеттик деңгээлде чечим бар. Ажылык жана умраны уюштуруу муфтиятка берилген. Андан сырткары, муфтияттын өзүнүн уставында да умраны уюштуруу жагы көрсөтүлгөн. Биз эмне үчүн умраны уюштурбай келдик? Анткени буга чейин ажылыкты жөнгө салдык, анан умрага талап да жок болгон. Жакынкы эки жылдан бери умрага баргандар көбөйүп, талап күчөдү. Ушул себептен улам умраны уюштурууну биз да баштаганы турабыз. Туристтик фирмалар бүгүнкү күндө умраны уюштуруп жатат. Бизге да арызданып «алып баргандан кийин караган жок, жатаканасы начар экен» деген сыяктуу сөздөрдү айткандар бар. Андан сырткары, кээ бир мекемелерден «барган адамдарга ким жоопкерчилик алат, ажы башчысы ким, эмнелерди үйрөнүп келип жатат» деген сөздөр болууда. Биз ушундай маселелерди чечүү максатында быйыл умраны уюштурууну колго алалы деп жатабыз.

Дагы караңыз Меккеге баргандын баары эле ажы болбойт

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылык сыяктуу эле умра зыяратын да толук түрдө көзөмөлдөп калабы?

Жолдошбек ажы Абдылдаев: - Биз көзөмөлдөп калабыз. Анткени мыйзам жагы да, өзүбүздүн уставыбыз да буга жол берет.

Канатбек Мурзахалилов: - Умра амалдарын аткарыш үчүн орточо канча каражат керектелет жана бул акча кайда жумшалат?

Жолдошбек ажы Абдылдаев: - Умра боюнча биз калькуляциясын иштеп жатабыз. Бул эки-үч шартта болот. Мисалы, «эконом», «комфорт» жана «люкс» деген шартта жасайлы деп жатабыз. Себеби, кээ бир адамдар «миң доллардын тегерегинде акча жумшайм» десе, кээ бирлери «он күндүн ичинде» же «бир айга барып келем» дешет. Айрымдары «январда барам», «февралда же мартта барам» деп айтышат. Ар бир айга жогорудагы шарттар менен калькуляцияны түзүп, баасын коебуз. Баалар жатаканасына, тамак-ашына, жол киресине байланыштуу болот. Анан кызмат көрсөткөн ажы башчылардын жол киреси, кызмат акысы болот.

Канатбек Мурзахалилов: - Бул багытта башка мамлекеттердин тажрыйбасы кандай? Умраны мамлекет өткөрөбү, муфтиятпы же туристтик фирмаларбы?

Жолдошбек ажы Абдылдаев: - Мисалы кошуна Казакстан мамлекетин алалы. Саудия тарап квотаны муфтиятка берет, ал эми муфтият туристтик фирмаларга бөлөт. Жакында эле маалымат чыкты. Орусияда квотаны дин жаатына эмес агенттикке берет. Алар адамдарга бөлүшөт. Быйыл Саудия Орусияга ар бир адам жеке өзү электрондук виза алганга мүмкүнчүлүк түзүп бериптир.

Канатбек Мурзахалилов: - Умрада квота маселеси жокпу?

Маекти бул жерден угуңуз:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Умра: шарттар жана талаптар

Жолдошбек ажы Абдылдаев: - Умрада квота маселеси жок. Анткени умрага ким баргысы келсе, онлайн кирип, виза алууга шарт бар. Бирок Кыргызстанда боло элек. Башка мамлекеттерде бар.

Канатбек Мурзахалилов: - Сауд Арабиясынын бийлиги умра зыяратын уюштурууда белгилүү бир эрежелерди иштеп чыкканбы? Алар кандай эрежелер?

Жолдошбек ажы Абдылдаев: - Сауд Арабиясы умраны уюштуруу боюнча белгилүү бир эрежелерди иштеп жатат. Бул - адамдарга жеңилдиктерди түзүп берүү. Биринчиден, негизинен мурда виза алуу ар бир мамлекеттин элчиликтери аркылуу болсо, азыр фирмалар аркылуу түз эле визаны алууга, андан тышкары, электрондук визаны алууга шарт түзүлүп жатат.

Саудиянын Ажылык министрлиги ажылыкты уюштурууда визаны өздөрүнүн ишенимдүү фирмаларына берет. Фирмалар болсо мамлекеттер менен келишим түзөт. Ал жакта чоң төрт агенттик бар. Бул агенттиктер дүйнөнү төрткө бөлүп, визаны өз ичиндеги фирмаларга бөлүштүрөт. Мисалы, Кыргызстан Америка менен Австралияны тейлеген агенттикке карайбыз. Ошол тармактагы фирмалар менен биз келишим түзүп, умрага даярданыбыз. Алар Сауд Арабиясынын Ажылык министрлиги тааныган фирма болушу керек. Ошонун негизинде гана бизге мүмкүнчүлүк берилет. Ошол мүмкүнчүлүктүн негизинде виза алып, түз учуп барууга уруксат болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.