Орозо айттан чыккан талаш

2016-жылдагы айт намазы.

Кыргызстандыктар арасында айт майрамын белгилөөгө байланыштуу ача пикир жаралды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушев ушундан улам элге кайрылды.

Ал Кыргызстанда айт 5-июнда болорун айтып, башка бир катар мамлекеттер да ушул күнү майрам белгиленерин билдирди.

Мусулмандардын орозо айы 6-майда башталган. Айдын чыгышына карап, Сауд Арабиясы, Орусия, Түркия өңдүү мамлекеттер айтты 4-июнда белгилеп жатат. Ушундан улам кыргызстандыктардын арасында талаш жаралып, айрымдар оозун ачып, айтты тосууга социалдык тармактар аркылуу чакырык ташташты.

Буга чейин да айт күнүнө байланыштуу ушул өңдүү талаштар чыккан эле. Ушул темада муфтияттын өкүлү Акимжан Эргешовду кепке тарттык.

«Азаттык»: - Орозо айт майрамын белгилөөдө коомдо эки ача пикир жаралып калбадыбы. Муфтият айт күнүн аныкташ үчүн кандай ыкманы колдонду? Эмнеге мындай айырмачылык чыгып жатат?

Эргешов: - Орозо айтты, мындайча айтканда, Айдын чыгышын аныктоо жөнөкөй иш эмес. Жоопкерчилиги да жеңил эмес. Ошондуктан бүгүнкү технологиялардын негизинде, Айдын жаңыруу фазаларын тактап, колдо бар мүмкүнчүлүктөрдүн баарын колдондук.

Ошол эле учурда шарияттын көрсөтмөлөрүнө ылайык келтирүү жаатында Аалымдар кеңешинин чечими да болгон. Албетте, буга Аалымдар кеңешинин өкүлү да жооп бергени туура болмок. Мен өзүм билген маалыматты айтып жатам.

Кай бир өлкөдө Ай көрүнүп калып, орозону аяктап, айтты белгилешсе, ал чоң деле мүшкүл эмес. Бул Айдын айлануу фазасындагы көрүнүш. Бир чөлкөмдө Ай көрүнүп, ооз ачышса, экинчи чөлкөмдө бир күн кеч болот. Мында шариятты бузган эч кандай маселе жок.

Социалдык тармактар кайым айтышууга шарт түзүп койду. Муну оор кабыл албаш керек. Бардык жоопкерчиликти Мусулмандардын дин башкармалыгы алат.

«Азаттык»: - Технологиялар деп жатасыз, кандай технология колдонулду?

Акимжан Эргешов.

Эргешов: - Колуңуздагы телефонуңузду эле ачыңыз. Ал жерде НАСАнын Айдын жаңыруу фазалары жөнүндө маалыматтары чыгат. Биз андагы баштапкы маалыматтарды пайдаланганбыз. Бирок негизинен, пайгамбарыбыздын хадисине токтолобуз. Хадисте «Айды көрүп ооз ачып, Айды көрүп жапкыла» деген.

«Азаттык»: - Былтыр Борбор Азия мамлекеттери айт майрамдарын бир күндө белгилөө максатында бирдиктүү чечим кабыл албады беле. Ошол макулдашууга да амал кылынып жатабы?

Эргешов: - Ал деле негизги себептердин бири. Борбор Азия мамлекеттери диний жөрөлгөлөрдү бир күндө өткөрүү жаатындагы меморандумга кол коюшкан. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттери бир күндө белгилөөгө аракет кылып жатышат.

«Азаттык»: - Ошентсе да эл арасында талаш жаралды. Бул жагдай муфтиятка карата эл арасында ишеним бир кылка эмес экенин көрсөтүп койбодубу?

Эргешов: - Ишеним көрсөтүш үчүн колдон келгендин баарын кылдык. Бир адам ишенбей койгондон эле биздин диний башкармалыктын аброю түшүп калбайт. Себеби, муфтият элдин мүдөөсүн аткарыш үчүн бүт аракетти жасады.

«Азаттык»: - «WhatsApp» аркылуу мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун үнүнө окшош кишинин да айт майрамына байланыштуу муфтияттын чечимине каршы өңүттөгү билдирүүсү тарады. Дин аалымдарынын ортосунда бирдиктүү пикир жокпу же ортого бүлүк салган күчтөр да бар болушу мүмкүнбү?

Эргешов: - Бул маселеде эч нерсе айта албайм. Себеби, ал кишинин билдирүүсүн уккан жокмун. Ал адам бизге чоочун эмес. Эгер ушундай бир пикири болсо, алгач бизге келип айтат эле деп ойлойм. Ортого бүлүк салган күчтөр деле жок. Аалымдар баары элдин биримдиги үчүн, калктын маанайын бирдей сактоонун аракетинде жүрөт.

«Азаттык»: - 5-июндагы айт намазынын эрежелери жөнүндө азыноолак айтып берсеңиз. «Бишкектен башка аймактарда аянттарда намаз окулбасын, мечиттерде гана окулсун» деген чечим бар экен...

Эргешов: - Айт майрамы менен бардык мусулмандарды чын жүрөктөн куттуктайм. Айт намазын окула турган аянтка, мечиттерге эртең мененки саат жетиден кеч калбай келүү керек. Ал эми Бишкектен башка жерлерде аянттарда эмес, мечиттерде гана намаз окулсун деген маалыматтын чоо-жайынан кабардар эмесмин.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.