Булар тууралуу Кыргызстандагы протестант христиандарынын укугун коргоп келе жаткан адвокат Жанара Аскар кызы айтып берди.
Жанара Аскар кызы: Салыштырмалуу карай турган болсок, диний азчылыктарга мыйзам жагынан Кыргызстанда түзүлгөн шарт абдан жакшы. Бирок мындан да жакшы кылсак болот. Анткени, миссионердик иштерге тоскоолдук кылган чектөөлөрдү киргизип коюшкан. 1990-жылдары билсеңиздер, адамдар көчөдө эле туруп, гезиттерди, китептерди тарата алышчу. Үймө-үй жүрүп, менин диниме өт деп адамдарды үгүттөчү. Азыркы мыйзамда болсо, диний уюмдун өзүнө таандык имараттын ичинде гана үгүттөөгө уруксат бар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Азаттык": Миссионердик уюмдардын иш-аракеттери коомду бөлүп - жарууга багытталган деген дооматтар айтылып келе жатат? Ушул сын-пикирлер канчалык жөндүү?
Жанара Аскар кызы: Бул сөздөр адамдардын маалыматынын жоктугуна байланыштуу айтылып жатат деп ойлойм. Анткени, ар бир жаран өзүнүн эрки менен жаралган. Биздин Конституциябыз да ошол эркти укуктук жактан коргоо үчүн түзүлгөн, аны баарыбыз кабыл алганбыз. Ар бир жаран өзү каалаган динге же Кудайга ишенүүгө же ишенбей коюуга укуктуу. Ошондуктан жарандарыбызды мектептен баштап, жогорку окуу жайлардан тартып, толеранттуу болууга тарбиялашыбыз керек. Жалпыга маалымдоо каражаттары да маалымат бергенде бөлүнүп жатыптыр дей бербестен, биримдикке чакырган маалыматтарды берип, ар бир адамдын эркин сыйлоого үгүттөсөк жакшы болмок.