Айт намазда айтылган саясий тилек

Айт намаз

Бишкектеги айт намазында муфтий Максат ажы Токтомушевдин сүйлөгөн сөзү жылдагыдан өзгөчө болду. Ал быйылкы президенттик шайлоого байланыштуу акыйкат, ыймандуу жана элине карамдуу мамлекет башчысын тандап алууну жалпы элдин атынан тилеп, дуба кылды.

Ошондой эле муфтий намаз окулар астында арам акча табуудан, элдин акысын жегенден жана мамлекеттин байлыгына кол салгандан оолак болууга чакырган хадистердин негизинде айтылган насааттары менен бөлүштү.

Адал акча табуу чакырыгы

Бишкектин эски аянтында 1-сентябрь күнү таң эрте Курман айт намазына шаардык милициянын маалыматы боюнча 30 миңден ашуун адам чогулду. Айт намазына чогулган мусулмандардын арасында парламент депутаттары, сот, укук коргоо жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү да болушту.

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бул жолу намаздын астында айтылчу насаат-маселесин коомдун тазалануусуна багыттады.

Айт намазына келген айрым мусулмандар муфтийдин бул жолку насаат-маселеси коомчулуктагы эң эле көйгөйлүү суроолорго арналганына басым жасашты. Алардын айтымында, айт намазында айтылган мындай маселелер коомдун бардык катмарына тиешелүү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте айт намазы өттү

Бишкек шаарынын тургуну Жаркынбек Эшиев айт намазынын астында айтылган сөздөрдүн маани-маңызы бир топ таасирдүү болгонун белгиледи:

- Муфтийибиз бул жолу элге катуу таасир эткен сөз сүйлөдү. Айтылган акыл-насаат бул жолу өтө маанилүүлүгү менен айырмаланды окшойт. Муну уккан адамдар ошонун баарына өзүнө карата кабыл алып, жакшы бир жыйынтык чыгарат деген ойдомун. Карапайым адамдарбы же бийлик адамдарыбыз болобу ыйман сөздөрү бардыгына тиешелүү. Анткени Алланын астында баарыбыз теңбиз.

Өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздоодо коомдогу жана мамлекеттеги терс көрүнүштөрдү оңдоп, жетишкендиктерди андан ары карай улантууга багыт берүү үчүн ынтымак менен биримдиктин мааниси чоң экени белгиленди.

Президенттин атынан мусулмандарды куттуктаган анын кеңешчиси Мухаметкалый Абулгазиев быйылкы Курман айттын билим күнүнө дал келгенин айтып, коомчулукта ыйман жолу менен бирге илим-билимге умтулуу болгондо гана өнүгүү болорун айтты:

- Быйыл Курман айт билим күнүнө туура келгени өзгөчө белги. Исламдын ыйык китеби Куранда окуп, билим алууга өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Окуу жана билим аркылуу гана адамдардын дилин агартып, жакшылыкты жамандыктан, жарыкты караңгылыктан айырмалап, бейпил турмушка кеңири жол ачылары туюндурулган.

Татыктуу башчы үчүн дуба

Ошентип Курман айт намазынын соңунда муфтий Максатбек ажы Токтомушев элдин тынчтыгы менен биримдиги бекем болушун, президенттик шайлоодо өлкө татыктуу жана ыймандуу инсанды тандап алуусун тилек кылып бата тартты.

Алдыдагы президенттик шайлоо өлкөнүн коомдук турмушундагы тагдыр чечер маанилүү маселе экенине токтолгон муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы журттун атынан тилек кылган дубанын маанисине мындайча токтолду:

- Келечектеги ынтымакты тургузуу үчүн бизге ыймандуу жана бардык жагынан бизден жакшы башчы болушу керек. Ошондуктан биз Жаратканга кайрылып, "Жараткан, сага гана маалым, бизге маалым эмес, биздин арабыздан кимдин жүрөгү жакшыраак, ошонубузду бизге башчы кыла көр" деп тилек кылдык. Бул деген пайгамбарыбыздын дубасы. Пайгамбарыбыз "башчыларыңар элге боорукер, күйүмдүү, акыйкат жана адилетүү болсун деп дайыма дуба кылгыла" деген. Биз пайгамбарыбыздын ошол дубасын улап, элибизге ошондой мамлекет башчысын буюрушун тилек кылып сурадык. Биздин күнөөбүзгө ылайык, укугубузду тебелеп, кордой турган арабыздан жаман бирөөнү башыбызга алып келип койбогун деп тилек кылдык.

Дин жана саясат

Саясий жараяндарда, анын ичинде шайлоо өнөктүгүндө динди же диний ишмерлерди үгүткө аралаштыруу эмнеге алып келет? Буга чейин "Азаттыктын" “Арай көз чарай” берүүсүндө бул маселе талкууга алынган эле. Талкууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Ормон Жаныбеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова, диниятчы (теолог) Данияр Мурадилов катышкан.

Талкууну толугу менен аудиодон угуңуз

Курман айт намазы окулган эски аянтты тартип сакчылары айланта курчоого алып, толук көзөмөлдөп турушту. Буга чейин күчөтүлгөн коопсуздук чараларына байланыштуу айт намазы окулган аянттын аймагына келгендер текшерилип киргизилип жатты.

Бул жолу борбордук аянттагы коомдук коопсуздукту камсыздоого милициянын гана эмес, коопсуздук органдарынын жана улуттук гвардиянын күчтөрү дагы тартылганы белгилүү болду.

Президенттин билдирүүсү

Ошол эле кезде президент Алмазбек Атамбаев салттуу түрдө кичи мекени Арашан айылындагы мечитке барды. Андан кийин мамлекет башчысы "Ата-Бейитке" барып, андагы куран окутууга катышты.

Түшкө жакын президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Президент өз сөзүндө билим алууга, диний радикализмден оолак болууга чакырды. Атамбаев сакал өстүрүп, кара кийим кийип жүргөндөрдү сындап, дин жүрөктө болушу керектигин белгиледи.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Атамбаев: Кыздарды чүмкөбөгүлө

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.