Бүгүн Курман айт

Бишкек. Эски аянт. 24-сентябрь, 2015-жыл

Бүгүн – 24-сентябрда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатышат.

Бишкектин эски аянтында он миңдеген адамдардын катышуусунда айт намазы окулду.

Ага Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев, калаа башчысы Кубанычбек Кулматов баштаган расмийлер да катышты. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун спикер Жээнбеков окуп берди. Президент адаттагыдай эле айт намазын өзү туулуп-өскөн Арашан айылындагы мечитте окуду.​

Кыргызстанда да бардык мечиттерде, чоң шаарлардагы борбордук аянттарда Курман айт намазына эркектер чогулуп, ибадат кылышты.

Бишкектеги эски аянтка муфтияттын эсебинде 10 миңден ашуун адам келди.

Дүйнө жүзүндө мусулмандардын саны бир жарым миллиарддан ашат. Алардын 10-12% шийиттер, 87-90% суннилер түзөт.

Кыргызстандыктар Курман айтты белгилешүүдө