Жазды чакырган Масленица майрамы
Бул күнү орус православдары бири-бирине конокко барып, даам сызышып, ырым-жырымдарын жасашты.
Масленица майрамынан кийин православ христиандардын улуу орозосу башталат.
Орозо жети жумага созулуп, Пасха майрамы менен жыйынтыкталат.
Бишкектин четиндеги Ленин айылы.
Масленицада колго жасалган каракчаны өрттөшөт.
Кыргызстандык православ-христиандар башкалар сыяктуу эле улуу орозого үч апта даярданып, бул аралыкта кыш узатар Масленица майрамын шаңдуу тосушат.
Чогулгандар кышты узатып, ырдап-бийлешет.
Майрамга чогулгандар
Бишкектин четиндеги Ленин айылында өткөн майрамдан бир көрүнүш.
Масленицада каракчыны өрттөшөт.
Майрам ар кандай оюндар менен коштолот.