Өнөкөт дарттан 23-ноябрда каза болгон 48 жаштагы Уланбек Калиевдин сөөгүн Барскоон айылындагы мусулмандар көрүстөнүнө жашырууга жергиликтүүлөр, алардын ичинде туугандары каршы болгонун маркумдун санаалаштарынын бири Аманкан Мамбетова минтип айтып берди:
- Бул Улан менен машаякчылык ишеничинде бирге болуп жүрчүбүз. Бул баланын бөйрөгү ооруп аткан, дарыланып жүргөн. Анан бул каза болгондо туугандары чатак чыгарып, "айылдагы көрүстөнгө көмдүрбөйбүз, башка жакка көмсүн, бул жактан жер бербейбиз" деп, макул болушкан жок.
Сөөк коюу: тирүүлөрдүн шору
Сөөк коюу: тирүүлөрдүн шору
Туугандары маркумдун сөөгүн жашырууга байланышкан чатак тууралуу комментарий берүүнү каалашкан жок. Айыл имамы Султан Мурзалиев да каза тапкан жарандын туугандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн айтуу менен чектелди.
Барскоон айыл округун юристи Муратбек Токтогоновдун айтымында, акскалдар соту, диниятчылар, туугандары, айылдыктар чогулуп, маркумду сөөгүн Тоң районундагы Кажы-Сай айыл округундагы машаякчылар көрүстөнүнө жашыруу жөнүндө чечимин чыгарышканын билдирди:
- Эртең менен барып айылдын имамы, аксакалдар кеңешинин, айылдык соттун өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары болуп чогуу бардык. Маселе чечилди. Өлүк ээсинин иниси, өзүнүн агасы мойнуна алып, "макул, эгерде жер бөлүнүп берилсе Кажы-Сайга коелу" деп өздөрү бир чечимге келишти. Учурда бир туугандары ошол айылдан жайын казып атышат. Эртең барып жайына узатат.
Машаякчылар ишениминдеги Аманкан Мамбетова маркумдун сөөгүн өз айылына койдурбай коюуну дин тутуу эркиндигине жасалган басым катары баалады:
- Мен бул нерсеге таң калам да. Азыр дин укугу деген бар. Ким кайсы динди тутса өз укугу. Анан бул же радикализм болуп жатса же болбосо элге каршы иш кылып жатса бир жөн. Бул жалаң өз ыктыяры менен коомдук иштерди кылып жүргөн бала да.
Мусулмандар дин башкармалыгынын чечимине таянган жергиликтүү диний ишмер Асылбек Мамбетов ар башка ишенимдеги адамдар дүйнөдөн кайткан соң сөөгү да өз көрүстөндөрүнө коюлушу керек деп эсептей турганын билдирди:
- Кыргызстанга динге карата, диндин жөрөлгөлөрүн аткарганга эркиндик берилген. Эгер дин мамлекетке кайсы бир деңгээлде коркунуч келтирбесе, ал диндин ички иштерине кийлигишүүгө мыйзам эч кандай жол бербейт. Анан бүгүнкү болуп жаткан окуя жөнүндө айтканда, бул жерде башка диндин өкүлдөрү, динден кайткандар, менин пикирим боюнча, өз көрүстөнүнө коюлушу керек. Бул исламдын жол-жоболору боюнча ушундай.
Христиан динине кирген жергиликтүү тургундарды мусулмандардын көрүстөндөрүнө коюуга каршылык көрсөтүү буга чейин Жети-Өгүз районунун Ак-Терек, Шапак айылдарында, Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында да катталган. Мындай пикир келишпестиктерден улам бийлик өкүлдөрү Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагында баптисттер үчүн бейитке өзүнчө жай бөлгөн.
Былтыр Ала-Бука районунда көз жумган Канымгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен, баптист” деген жүйө менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Жасатты кайра казып салып, ал христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, чыгарып таштаган. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, сөөк башка жерге жашырылган болчу.