Ай кароодо илимге таянабызбы же хадискеби?

Айды көрүү аркылуу орозо тутуудагы келишпестиктерден улам дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрү рамазан айын төрт түрдүү айырма менен белгилешет. Бул айырма бир эле жерде жашаган мусулмандар арасында да жаралып, талаш-тартыштарга жем таштап келүүдө.

Кыргызстанда да жылда орозо айында ооз ачуу, орозо айт күнүн белгилөө убактысы ары-бери жылып, бир топ талаш жаралат.

Ушул маселелерге чекит коюу максатында жакында Ош шаарында диниятчылардын эл аралык конференциясы өттү.

Түркия, Казакстан жана Кыргызстан дин өкүлдөрү катышкан жыйында эми рамазан айы астрономиялык иликтөөлөргө ылайык башталышы зарыл экендиги айтылды. Ошондой эле дүйнө мусулмандары ай телескоптон көрүнгөн кезде орозону бир күндө башташы керектиги сөз болду.

Пайгамбар учурунан келаткан талаш

Ислам дининдеги айдын жаңырышын карап орозо тутуу талашы көп жылдан бери чечилбеген маселе. Тагыраагы, пайгамбар учурунан баштап эле бир өлкөдө рамазан айы дүйшөмбү башталса, башкасында шейшемби, шаршемби күндөргө туш келип калчу дешет диниятчылар. Бирок бир гана айды эмес, бүт ааламды кенен изилдеп жаткан бүгүнкү заманда, бул талашка чекит коюлбай жатканы миллиондогон мусулмандарга ыңгайсыздыкты жаратып келүүдө.

Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын жетекчи орун басары Экрем Келеш муну так аныктап алуу замандын талабы дейт:

Экрем Келеш

- Жөнөкөй мисал, Европада жашаган 40 миллиондой мусулман айтты ар күнү белгилеп, орозону ар күнү баштап, кыйналып жатышат. Маселен, Түркиядан барган мусулман өз өлкөсүнө карап ооз ачат, Пакистандан келгени өз мамлекетине таянып дагы башка күнү, индиялык бирөө болсо Индияга карап айттайт. Европада бир шаарда, бир мечитте намаз окуп жаткан мусулмандар натыйжада ар кайсы күнү айтты майрамдоого аргасыз болуп калат. Бул мусулмандардын биримдигине залака келтирет. Ошол себептүү учурда бул маселени тезирээк тактап алууга абдан чоң муктаждык бар.

Эл аралык дин эксперттеринин пикиринче, учурда дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрү Рамазан айын, Орозо айтты жана Курман айтты төрт түрдүү айырма менен белгилешет. Бул айдын бир өлкөдө эрте көрүнүп, башкасында андан кийинки күндөрү көрүнүүсү менен байланыштуу. Илимпоздор белгилегендей, ай жаңырганда алгач Латын америкасында, кийин Африкада, анан берирээк Сауд Арабиясынын айланасында жана Европада, анан Евразия контингентиндеги башка мусулман өлкөрүндө көрүнөт. Ошого байланыштуу да аталган өлкөлөр түрдүү күндөрү ооз ачышат жана айт майрамдары ар кандай күндөргө туш келип калат. Бирок эми мусулман өлкөлөрү бир чечимге келүүсү зарыл дейт окумуштуулар.

- Азыркы күндө илимий жетишкендиктер менен айдын кайсы күнү, саат канчада, каерден чыга турганын так билип коюуга мүмкүнчүлүк бар. Ал тургай айдын чыкканын 5 мүнөттөн кийин эле ССD телескоптук камерасы аркылуу көрө алабыз. Аны ошондон 12-18 сааттан кийин гана башка өлкөлөр көрө баштайт. Айырма болуп аткандыгы да ошондон. Бирок ошого карабай дүйнө жүзүндөгү бардык мусулман өлкөлөрүнүн дин аалымдары бир пикирге келип, бир күнү орозо тутуп, бир күндү айт күн кылып белгилөө чечимине келишибиз керек. Биздин аймак үчүн салттуу делинип жаткан ханафи мазхабында да дүйнөнүн кайсы жеринен ай көрүнсө, башка жердеги мусулмандар да орозо тутуп баштаса болот деп айтылат. Биздин шартта Латын Америкасынан ай көрүнсө, демек биз рамазан айын баштай беришибиз керек. Мындай аракет менен биз бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын башын бириктире алабыз. Азыр биз Түркияда дал ушундай шартта орозо тутуп жатабыз, - дейт Түркиялык илимпоз Екрем Келеш.

Кыргызстандагы талаштар

Окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, айдын жаңыруусуна карап рамазан айын баштоодо ошол эле Сауд Арабиясы соңку 50 жылынын 44үндө ката кетирген. Башкача айтканда, астрономиялык жактан алганда алар ушунча жыл же орозо тутууну ай чыккандан эртерээк, же кечирээк баштап келгени белгилүү болгон. Башка мусулман өлкөлөрүндө деле абал мындан жакшы эмес.

Кыргызстандын өзүндө деле бул маселе жыл сайын талаш пикирлерди жаратып келет. 2014-жылы да алгач муфтият 28-июнда орозо тутулаарын айтып, кийин айды көрүү аркылуу бул датаны 29уна жылдырган. Бирок Кыргызстандын көп жерлеринде 28-июнь күнү орозо тутуп баштап алгандар болгон. Кийинчерээк орозо айт күнүн белгилөө да ушундай эле карама-каршылыктар менен коштолгон. Ошол себептүү да айрымдар муфтиятты илимге таянбаганы үчүн сындашкан.

Ошого карабай Кыргызстан мусулмандарынын башкармалыгы азырынча шариятта айтылган эрежелерге гана ыктап турат. Азирети муфтий Максат ажы Токтомушев мындай дейт:

- Курандын, шарияттын айтуусу боюнча, айды көргөн өлкө орозону тутуп кете берет. Ал бир күн кийин, бир күн кеч болуп калыштыгы эч күнөө, же көйгөй эмес. Баарыбыз бир күндө майрамдасак деген нерсе зарыл эмес. Себеп дегенде биздики бул-ибадат. Ибадаттын баары бир учурда болушу мүмкүн эмес. Бул баягы орозодогу тараба намазына эле окшош. Маселен, азыр бир жерде багымдат намазы окулуп жатса, башка бир жерде азыр куптан намазы окулууда. Анан баарыбыз бир болушубуз керек деп эле, биз да куптан окуп алсак болбойт да. Ошондой эле, маселен биз орозо айтты майрамдап жатсак, а башка бирөө уктап жаткан болот. Балким, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу коңшу мамлекеттер бир келишимге келсек болушу мүмкүн. Себеби географиялык жайгашкан жерибиз жакын, ай дагы бирдей көрүнүшү мүмкүн. Бирок, ошентсе да мындан башка да бир канча жыйындарды өткөрүп, бул жаатта өзүнчө бир чечимге келүүгө аракет кылганыбыз жакшы.

Ошентсе да бул маселе көбүнчө жер-жерлердеги имамдардын башын оорутат. Анткени калктын түздөн-түз сурай турганы ошолор. Ал тургай орозо айт жөнүндө элге туура эмес маалымат таратканы үчүн буга чейин Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылындагы мечит имамы Сагынбек Назиржанов өз кызматынан бошотулган жайы бар. Маалыматка ылайык, аталган имамдын көрсөтмөсү менен орозо айт бир күн мурун белгиленген.

Ош шаарындагы “Тирмизи” мечитинин имамы Зайнабидин Аюпов мындай дейт:

- Бизден адамдар келип “бул жакта ай чыгыптыр, бул жакта чыга элек экен, орозону баштай беребизби, же кандай кылабыз” деп көп сурашат. Анан биз муфтиятты карай албай, же өз алдыбызча айды карай албай убара тартып калабыз. Илим менен дин бирдей кетиши керек дейбиз, бирок келип келип эле хадистерге карап жыйынтык чыгарабыз. Биздин шартта, хадисте да айтылгандай, айды өз көзүбүз менен көрүп, анан орозо тутуп, айт күнүн белгилөөнү туура деп эсептейбиз.

Дүйнө мусулмандары орток пикир таба алабы?

Ош шаарындагы Айды тактоо боюнча жыйын.

1978-жылы Стамбулда өткөн Бүткүл дүйнөлүк мусулмандар жыйынында ислам аалымдары ай жаңыруусун тактоо боюнча анча-мынча чечимдерге келген. Ага ылайык, дүйнөдөгү баардык мусулман өлкөлөрү айга карап бир күнү белгилеши керек, же жок дегенде эки күндүк айырма менен гана белгилөө керек деген бүтүмгө токтошкон. Бирок учурда аталган жыйынга катышкан көпчүлүк өлкөлөр түрдүү себептерден улам бул эрежени сактабай келишет. Ошондуктан бүт дүйнөдөгү мусулмандар дагы бир ирет эл аралык жыйын өткөрүп, бул маселени тактап алууга мүмкүнчүлүктөрү жок эмес.

Түркия, Казакстан жана Кыргызстан дин өкүлдөрү катышкан динаятчылардын Ош шаарында өткөн эл аралык конференциясы аталган маселеге чекит койгон жок.

“Ошого карабай Кыргызстан бул жаатта башка өлкөлөр менен бир пикирге келиши керек”, - дейт диний эксперт, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов:

Самаган Мырзаибраимов.

- Биз ханафи мазхабындагы мусулмандар катары так ушул мазхабдын эрежелерине баш ийишибиз керек. Ханафи мазхабында так далилдер менен айдын чыкканы далилденген болсо, ошонун негизинде орозо туткула деп айтылат. Ошондуктан, кайсы бир мезгилде Кыргызстан дагы илимдин негизинде, астрономиялык иликтөөнүн натыйжасында айды белгилөө колго алат деп ишенем. Мусулмандар дин башкармалыгы, илим адамдары менен айдын жаңырышын так аныктап, фатва берсе анан биз ошону баардык кыргызстандыктар толук аткарганыбыз туура болот. Анан сөзсүз түрдө ушул принцип аркылуу биз бүткүл дүйнөлүк мусулмандардын өлкөлөрү менен бир нормага келишибиз керек.

Маалым болгондой, дүйнөдө көп убакыттуу күн бүркөлүүдөн улам айдын жаңыруусу такыр көрүнбөгөн, же алты ай бою күн батпаган өлкөлөр да бар. Эгер айды көрүп орозо тутуу керек болсо, алар кандай кылышат деген суроо да көпчүлүккө коюлуп келет. Ошондуктан, диниятчылар илимий негиздерге таянып, чечим чыгарууга, акыры жүрүп бүтүн дүйнө мусулмандары бир күндө орозо тутуусу зарыл экендигин окумуштуулар белгилешет.