“Азаттык”: Чубак ажы, узап бараткан 2015-жылга сереп салып, диний чөйрөдө кандай ийгилик жана өксүктөр болду деп айта аласыз?
Чубак ажы: 2015-жыл диний чөйрөдө өтө бурганактуу жыл болду. Даават боюнча маселе көтөрүлүп, аларга айрым кишилерде терс маанай жаралганын, Сирияга “жихадга” деп азгырылгандар улам көбөйгөнүн, ошондой эле “Ислам мамлекети” деген топтун динге туура келбеген жоруктарын айтсак, демек бул жыл оңой болбоду. Кээ бир депутаттарыбыз намазканаларды сындаганы коомчулукта ызы-чуу жаратты. Андай сын айткандарды да түшүнүү менен кабыл алдык, бала мүнөзүнөн улам сүйлөп коюшу мүмкүн.
“Азаттык”: Диний агартуучулукка кандай баа бересиз? Жыл башында бул жаатта сын-пикирлер көбөйгөн эле.
Чубак ажы: Былтыркыга караганда жеке өзүмдүн диний ишмердигим да, жалпысынан диний агартуу боюнча аткарылган иштер да жемиштүү болду. Менин демилгем жана башкалардын жардамы менен Сауд Арабиядан профессорлорду, диний ишмерлерди чакырып, молдокелерибизге салттуу исламдын жол-жоболорун үйрөттүк. “Ислам мамлекети” тобунун багыты туура эместигин түшүндүрдүк. Азирети муфтийибиздин аракети менен имамдардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, жаңыча иштөө ыкмалары кирди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Азаттык”: 2016-жылдан кандай өзгөрүүлөрдү күтүп жатасыз же кандай божомолдоруңуз бар?
Чубак ажы: Жаңы жылда диний агартуучулук жаатында заманбап таалим берүү күчөйт деп үмүт кылып жатам. 2015-жылы “Ыйман” фондунун жардамы менен имамдарды окутуу өнөктүгү жүрдү. Муну менен адамдар арасында салттуу дин менен радикал агымдардын айырмасы тууралуу түшүнүк бериле баштады. Динге болгон көз карашты калыптандыруу үчүн заманбап таалим берүү аябай зарыл. Бул иш 2016-жылы максаттуу ишке ашышын каалайм.
“Азаттык”: Радикал көз караштагылар менен салттуу диний багытты кармангандар аралашып, коомчулукта түшүнүксүз ойлор да жаралганынан кабарыңыз болсо керек. Бул маселени чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайсыз?
Чубак ажы: Ооба, аралашып кеткенин туура айттыңыз. Белгилүү дин аалымдары адамдарга жеткиликтүү усулда, жалпак тилде ак менен каранын айырмасын түшүндүрүп бериши зарыл болуп турат. Радикал көз караштагылар менен диалогго барышыбыз керек. Азыр диалог жок болуп атпайбы. Ошол радикал исламчылар менен түзмө-түз сүйлөшүүгө эч кандай аянтча түзүлгөн эмес. Алар бети-башын чүмбөттөп өз билгенин жасап жүрөт. Өздөрү келбейт биз менен сүйлөшкөнгө. Биз барышыбыз керек. Ортодо сүйлөшүүлөрдү өткөрсөк, радикалдашуу азаят. Алар ошол сүйлөшүүлөрдөн тыянак чыгаргыдай болушу керек. Сырттан бири-бирибизди жек көрө берүүдөн пайда жок. 2016-жылы ушул жаатта алгылыктуу иштер болот деп ишенем. Бул үчүн Мусулмандардын дин башкармалыгы аракет көрүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттары да жардам берүүсү кажет.