Жумагулов: Диний билимге маани берилбейт

Бакыт Жумагулов

Кыргызстанда диний экстремизмге бөгөт коюу иши кандай жүрүп жатат?
Борбор Азиядагы тынчтык жана өнүгүү институтунун төрагасы, УКМКнын Байкоочу кеңешинин диний экстремизм маселелери боюнча эксперти Бакытбек Жумагулов "Азаттыкка" маек курду.

- Кыргызстандагы диний экстремизмге каршы күрөштүн жүрүшүн кандай мүнөздөйсүз?

- Аракет бар. Албетте Оштогу басмакананын кармалышы күч кызматкерлеринин жакшы аткарылган иши. Бирок көбүнесе болуп калган иштин кесепети менен гана күрөш сыяктуудай. Мыйзам чегинде, идеологиялык жактан да аракет болушу керек. Бул жаатта алгылыктуу иш байкалбай жатат.

- Атайын кызматта бул багытта иштеген кесипкөй адамдар жок деп айтылууда...

- Мен да ушундай ойлорго толук кошулам. Мисалы, Өзбекстанда бул маселе 1990-2000-жылдарда аябай орчундуу болуп турган эле. Азыр аларда Ташкент ислам университети жакшы өнүккөн. Мен ал окуу жайды өзүм барып көрүп келгем. Ислам динин изилдеп үйрөнүү менен катар кадимки илимий багыттарды окуган мыкты кадрлар чыгып жатат. Алар ошол окуу жайдан алган билимин мечит-медреселерге барып жайылтып жатат. Египетте да ал-Аскар университети ошондой система боюнча окутат. Орусиянын Казан шаарындагы Ислам университетинде де жакшы ийгиликтер байкалат. Бизде, тилекке каршы, дин менен билим-илим аралашпашы керек деген туура эмес пикир орун алууда.

- Демек диний билим берүү аркылуу маселени чечсе болот деп ойлойсузбу?

- Карасаңыз, бизде Ислам университети бар. Ош жакта да бир университет ачылып жатат. Дагы эки институт, бир нече медресе бар. Билим министрлиги, Дин комиссиясы алардын үстүнөн көзөмөлүн жөнгө салышы зарыл. Исламда бир нече багыт бар. Негизи ушу биздеги ислам окуу жайлардан чыккан адистер жер-жерлерде, ошолордун кайсынысы кандай максатты көздөйт, өзгөчөлүгү кандай, багыты кандай экенин ачык айтуу, элге түшүндүрүү керек. Себеби кээ бирлери жанагыдай радикалдуу жактарга кетип калууда.

- Бул билбестиктен, диний билими жоктугунан болуп жатат деп эсептейсиз да, демек...

- Ооба, мен атап кеткен биздеги окуу жайлардын билим берүү стандарты, ыкмасы туура жолго салынса, алардын бүтүрүүчүлөрү тиешелүү министрликтерге, Улуттук коопсуздук комитетине эксперт катары керек болот. Азырынча, алар андай кадрларды даярдай албай жатат.

- Диний билим берүү дегенде сиз жалаң гана исламды айтып жатасызбы же башка салттуу диндердин да маани-маңызын, тарыхын окутуу тууралуубу?

- Албетте америкалык изилдөөчү Сэ́мюэл Фи́ллипс Ха́нтингтон "СССР менен Батыш системаларынын ортосундагы тирешүү токтогондон кийин маданий, диний жааттагы талаш-тартыштар болот" деген оюн айткан эле. Азыр жанагы чуулуу тасмалар тууралуу окуяларды көргөндө мунун баары атайын жасалып жатат деген да ой пайда болот. Мындай нерселер биздин өлкөдө болбошу керек.

Диний, маданий өзгөчөлүктөрдү, алардын тарыхын жакшы билген, маселени терең караган кадрлар даярдалыш керек эле. Бизде андай болбой жатат. Экстремисттик кыймылдар өзүнүн базасын кеңейтип жатат, ошондуктан диний экстремизм коркунучуна туруштук бере алыш үчүн Кыргызстан кадр маселесине жакшы көңүл бурушу зарыл.

- Рахмат.