Диниятчылардын билими текшерилүүдө

Ушул күндөрү Кыргызстанда дин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү өнөктүгү жүрүп жатат. "Азаттыктын" суроолоруна муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов жооп берди.

“Азаттык”: Дин кызматкерлерин аттестациядан ким сыноодон өткөрүп жатат жана калыстар кантип тандалган?

Равшан Эратов: Сиздерге белгилүү болгондой, 2014-жылдын 3-февралында Коргоо кеңеши чечим кабыл алып, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын ишине талдоо жүргүзүү тапшырылган. Ошонун алкагында муфтиятты реформалоонун экинчи баскычында диний кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү жүрүп жатат. Бул жараян 11-ноябрда башталган.

Аттестациялык комиссияны муфтий бекитти. Ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эксперттеринен турган топ түзүлдү. Муфтияттын, казыяттын кызматкерлери, казылар, диний окуу жайлардын директорлору жана мугалимдер аттестациядан өтөт.

“Азаттык”: Имамдар аттестациядан өтөбү?

Равшан Эратов: Кийинки баскычта имамдар да өтөт. Аттестация этап-этабы менен жүрөт. Анын негизги максаты – элге сапаттуу диний кызмат көрсөтүү. Диний кызматкердин билими аныкталып, ар бир кызматкердин ишине шайкештиги, кесипкөйлүгү текшерилет.

“Азаттык”: Аттестациядан өтпөй калган кызматкерлер эмне болот? Кызматтан алынабы? Алардын ордуна кимдер кандай ыкма менен тандалат?

Равшан Эратов: Жакында буга байланыштуу кошумча маалымат беребиз. Аттестация жаңы гана башталды. Андан өтпөй калган адамдардын ордуна да сынак жарыяланып, татыктууларын алып келүү аттестациялык комиссиянын жобосунда каралган.

“Азаттык”: Дин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү канча убакытка созулат?

Равшан Эратов: Азырынча графиги чыга элек. Болжолдуу биринчи баскыч 10-декабрга чейин жүргүзүлөт деп пландалууда.

“Азаттык”: 17-ноябрда Жогорку Кеңештин көчмө жыйыны Ошто өткөн. Анда экстремизмге каршы күрөш боюнча талкуу болгон. Ошондо адистер радикалдуу агымдарга азгырылган жаштарды токтотуп калууга билимдүү дин ишмерлердин аздыгы да себеп болуп жатат деген сөз болду эле. Муфтият кандай пикирде?

Равшан Эратов: Дин кызматкерлеринин билимсиз болушу гана радикалдашууга себеп болуп жаткан жок. Жаштардын радикалдашуусунун көп себеби бар. Өзгөчө интернет булактары себеп болууда.

Дагы бир себеби – адамдардын материалдык абалынын начардыгы да буга себеп. Муфтият өз кезегинде бул маселени көңүл сыртында калтырып койгон жок. Байма-бай айтып келатат. Атайын программанын негизинде, жаштардын аң-сезиминин радикалдашуусун алдын алуу үчүн ханафи мазхабынын идеологиясы жайылтылып, Кыргызстандын мусулмандарын бириктирүү максатында алгылыктуу иштерди жүргүзүп келатат. Тактап айтканда, жаштар, кыз-келиндер, имамдар арасында экстремизмге жана терроризмге каршы багытталган тренингдер жүргүзүлүп жатат. Жума намаздарда кутпалар айтылып келатат.