Буга чейин концепциянын долбоору өлкөнүн Коргоо кеңешинде жактырылган. Анда дин менен мамлекеттин алакасы так көрсөтүлгөн, диний сабаттуулукту жогорулатуу, диний экстремизмдин жана диний фанатизмдин алдын алуу чаралары каралган. Концепция негизинде өкмөткө 2015-жылдын 1-январына чейин бул тармактагы аткарылчу иштердин планын иштеп чыгуу тапшырылды. Жаңы кабыл алынган концепция боюнча диний маселелер боюнча эксперт Канатбек Мурзхалилов "Азаттык" менен ой бөлүштү.
Канат Мурзахалилов: Ушундай концепция, документтер, түрдүү программаларды жазуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунда десем жаңылышпайм. Анын ичинде диний саясат боюнча биринчи концепция постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен бизде жазылган деп мактанып келебиз. Алгачкы концепция биринчи жолу бизде 2006-жылы 6-майда кабыл алынган. Документтин баштан аяк иштеп чыгуусуна катышкан адам катары айтсам, бирок ал концепция белгилүү бир деңгээлде декларативдүү документ болгон.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Азаттык": Коргоо кеңешинде кабыл алынган дин концепциясы мындан сегиз жыл мурда даярдалган концепциядан эмнеси менен айырмаланат?
Канат Мурзахалилов: Коомчулукка белгилүү болгондой, 2006-жылы азыркыдай мыкты деңгээлдеги эксперттердин саны аябай аз болчу. Коомчулуктун көз карашы жана салымы бүгүнкү концепция диний кырдаал Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө тез-тез өзгөрүп турган учурда кабыл алынды. Менимче, жаңы концепция аябай эле жакшы иштелип, анан кабыл алынды.
"Азаттык": Президент улуттук баалуулуктарды чангандар болуп жатат, ага маани берилбей жатат, ашкере исламдашуу жайылууда деп айтпадыбы. Сиз Кыргызстанда улуттук баалуулуктар менен диний баалуулуктардын карама-каршылыгын көрүп жатасызбы?
Канат Мурзахалилов: Бүгүнкү күндө диний баалуулук менен улуттук баалуулуктун одоно түрдө карама-каршылыгы менин оюмча жокко эсе эле. Айрым бир ашынган эле саясатчылар же динчилдер ушул идеяны колдобосо, калктын басымдуу бөлүгү бул идеяны колдобойт дагы. Диний билим берүү, сабаттуулукту жоюу жолу аркылуу бул экөөн карама-каршы келтирбей алып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
Анан дагы концепцияда баса белгилей кетүүчү нерсе, мамлекеттик органдардын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын иштерин ырааттуу улантуу жолу баса белгиленди. Анткени буга чейин бир жетекчи келсе, кийинкиси анын ишин улантпай, диний жаатта башталган реформалар ара чолодо калып келген.
Диний саясат боюнча координациялык кеңештин түзүлүүсү да диний саясатка ырааттуу багыт берет деп ойлойм. Мамлекеттик органдар, жарандык коом, ошол эле диний уюмдар биргелешип иштесе бул өзүнүн оң жыйынтыгын берет.