Бирок жараяндын ийгилик менен коштолушу эки тараптан тең көз каранды. Тактап айтканда, туура нерсени туура ой жүгүртүү менен кабыл алуу аябай маанилүү.
Бардык жамандыктын түбү келип түркөйлүккө кептелет сыңары. Коомчулукта бир топ кубулушка карата мамилебиз маңызды эмес, кабыкты максат кылып калгандай сезилет.
Албетте, муну биринчи кезекте караңгылык менен айкалыштыруу мүмкүн. Аянычтуусу - адамдагы караңгы түшүнүк, түшүнүк эле бойдон кала бербейт, андай түшүнүктөр иш жүзүнө ашат эмеспи. Адам коомдо гана жашай ала турган пенде экенин эске алганда, түркөйлүктүн кесепети эбегейсиз экендигин аңдоо кыйын эмес.
Бул абалды улуу даанышман Конфуций «Эч бир нерсе жүзөгө ашырылган түркөйлүктөй коркунучтуу боло албайт» деп эле бир сүйлөмгө батырып койгон экен.
Анда кеп башынан болсун... Маңызды эмес, кабыкты максат кылган түшүнүк жалаң эле дин жагына эмес, саясий, маданий, жада калса билим берүү тармагына жүгөнүн катып алгандай. Буга байланыштуу бир канча мисалга чогуу токтололу.
Өткөндө бир клип көрүп калдым. Жакшылап тыңшасам, ырдын саптары тааныш... Бирок ырдын жалпы мааниси же анын руху, ага ыраа көрүлгөн клип жана аранжировка менен таптакыр айкалышпай калган.
Дагы караңыз Динде сыйкырга орун жокТизеден бир аз жогору жерге коюлган камерага ары жактан ийилип келип бармагы менен чыпалагын кезеп, башы өзүнчө, мойнунан белине чейинки бөлүгү өзүнчө, ал эми белинен ылдыйы таптакыр өзүнчө болуп бийлеп, ырдап жаткан кыздар...
Бул балким Бразилиядагы кээ бир клиптерге окшоп кетет. Клиптеги ырчылар кийген шымдарда улуттук баалуулуктарды чагылдырган кээ бир фрагменттер бар экен.
Бийлеген кыймыл-аракеттерин карап туруп мунун жөн гана клип экени кээде эстен чыгып кетиши толук ыктымал; бийиндеги кыймыл-аракеттер диний маданият мындай кой, жөн гана улуттук менталитетке, жалпы этикага да толугу менен кайчы келет десек болчудай. Дагы бир кызыгы - ырда «Ата-бабалардын салты кымбат, жигит кызга жетеби? Жетпей баркы кетеби?» деген саптар да бар...
Чыныгы искусство кыз куумай оюнундагы кыздын аруулугун, бийиктигин, уяң мүнөзүн башкача өңүттө ачып бермек. Бирок бул клипте көөнөрбөс баалуулукту кимдир бирөөлөр жеңил-желпи шоу-бизнеске чаптап алышканы өкүндүрөт.
Дагы караңыз Намазды бетке кармап Кудайды алдабайлыИскусство ички дүйнөдөгү асыл сезимдерди чагылдыра билүү чеберчилиги аркылуу элдин аң-сезимин өнүктүрүүнү, жан дүйнөсүн жакшыртууну максат кылат эмеспи.
Бирок искусствону адамгерчиликти туура калыптандырууга эмес, тайыз кызыкчылыктарга жетүүгө колдонуу - маңызды унутуп, кабыкты максат кылуу эмеспи?
Тилекке каршы, жасалмалуулук сахнадан ашып түшүп турмушубузга да таасир этүүдө. Айталы, мурда эки жаш аксакалдардын ак батасын алып, чоң вазийпаны аткаруу үчүн кол кармашып келсе, соңку кезде бул аруу ниет четке кагыла баштады.
Көпчүлүк тойлордун максаты - эки жаштын он жылдык бюджетин былчылдатып жешке айланып калды. Капа болмой жок, өзүбүздү сындаганды да билели. Кашыктап топтогон мээнетти ресторан куруп, күрөөгө кымбат автоунааны алып, жамбаштап жан баккан жалкоо байга чөмүчтөп куюп берүү эмей эмне?
Тойдо жаштарга акыл айтуу ордуна, аны ысырапкордуктун, алжыган сөздөрдүн жана этикадан алыс оюндардын, бири-бирине мактануунун аренасына айландырып алуу - маңызды эмес кабыкты максат кылуу эмеспи?
Саясий маанидеги максатынан кайып кеткен көрүнүштөр катары сынга алына турган жактар, түзүмдөр да жетиштүү деп ойлойм. Бийликте чындыгында эл үчүн иштеп жаткан эр-азаматтардын бар экени талашсыз.
Ошону менен катар эле «эл оозунда элек жок» деген макалга толугу менен ылайык келген, алды-аркасын карабай айтылган жийиркеничтүү сын-пикирлерди, айыптоолорду толугу менен актаган «эр-азаматтар» да жок эмес...
Бийликке жетер замат үмүткө толгон көздөрү менен жардам күткөн элдин кызыкчылыгына түкүрүү - маңыздан, кабыкты бийик койгондун далили.
Маңызды таштап формага, сырткы көрүнүшкө жапа тырмак жабышуу илдетинин залакасын диний тармактан да көрсө болот. Куран китеби - исламдын эң негизги булагы.
Мусулман катары биринчи кезекте Курандын «бирөөгө жамандык кылба, уурдаба, билим ал, башкаларга пайдаңды тийгиз» дегендей толук универсалдуу адептик эрежелер менен айкалышкан принциптерин туу тутуп жашаш керек. Бирок, тилекке каршы, мусулман коомчулугунун акыркы бир нече кылымдан бери келе жаткан орток илдеттеринен бири - Куранды дурус бир жашоо таризди калыптандыруудагы жол көрсөтүүчү катары эмес, ибадат кылганда, бирөө өлгөндө, корккондо түшүнбөстөн эле окулушу керек болгон китепке айландырып алганыбыз болду.
Куран сүйлөй алганда бул кылыгыбыздын алдында аябай төгүлүп арманын айтып берсе керек эле. Эгер биз, мусулмандар, кабыктан маңызга көбүрөөк кызыкканыбызда бүгүн диний сукбаттарда «кайсы аятты окуса канча сооп болот, кайсы дубаны окуса байып кетет, тозокто кантип күйөт, нан жесе эмне болот?» деген илимден, өнүгүүдөн, чындыктан жана реалдуу жашоодон алыс нерселер сөз кылууга татымак эмес.
Дагы караңыз Кудай диндин патентин эч кимге берген эмесАнын ордуна «кандай экономикалык концепция иштеп чыксак адамдар ач калбайт, кандай аскердик стратегия түзүп чыксак дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө болобуз, кандай билим берүү системасын орноткондо дүйнөнүн эң билимдүү адамдары бизге келип окуйт» деген темаларды сүйлөшмөкпүз. Куранга кылган бул мамилебиз да маңыздан качып, кабыкты тандап алганга тете.
Айта берсе бүтпөйт, кыскасы. Мунун баары караңгылыктын кесепетинен болуп жатканы анык. Мындан арылуунун бир гана жолу бар - окуу жана ой жүгүртүү. Куран адамды улам ой жүгүртүүгө үндөгөнүн дагы бир сыйра эскертип өтүү ашыкча болбос. Өз учурунда улуу философ Сенека «Караңгылык - илдетибизди айыктырууда пайда бербеген дары сыяктуу» деп таамай айткан. Чындыгында мини-юбкага оймо-чийме түшүрүп кийүүнү мекенчилдик деп ойлоп жатабыз, бирок мекенчилдикке анын кыпындай пайдасы тийген жок.
Тойлордо жаштарды тартипке үндөп, артынан ээрчитип жүрө турган аксакалдарыбыздын бир тобу обу жок жаштардын артынан ээрчип, аларды көзгө илбей уяты жоктонгон түрдүү кылыктарын алкап калышты. Тойдо «...ылайым бактылуу болгула!» деген аксакалдарыбыздын батасы эмне үчүн орундалбай жактканын ойлонууга чакырат элем. Саясий маанидеги кризис катары, жалтыраган мыйзамыбыз бар, бирок өнүгүүгө көп деле таасирин тийгизе албай жатканын айтса болот.
Кудум ушундай эле көрүнүш мусулман коомчулугу менен Куран китебинин ортосунда да бар. Тактап айтканда, Куран чындыгында адилеттүү, дурус, гармониялуу коом түзө ала турган принциптерге ээ. Бирок ошондой коомду түзүүгө талапкер болгон биздин, мусулмандардын бүгүнкү цивилизациялык жараянда эң адилеттүү экономикалык, саясий, укуктук түзүлүштү жаратууда алгылыктуу салымыбыз жок. Эмне үчүн? Анткени диндин маңызы болгон, Курандагы эң маанилүү адептик принциптерди жашообузга кийирүүдөн мурда эң майда жана эң акыркы кезекте мааниге ээ болгон ритуалдарга, алардын сырткы көрүнүштөрүнө кептелип туруп калдык. Мисалга, «сакалды кантип коюш керек, селдени кантип орош керек, намазда буттардын аралыгы канча болсо көп сооп болот» деген суроолорду эң маанилүү деп эсептеген, тактап айтканда форманы, сырткы көрүнүштү биринчи орунга койгон аң-сезим мусулмандарды жогорку деңгээлдеги түшүнүктөр менен алек болуудан алаксытып келе жатат.
Жыйынтыктап айтканда, жарабызга таасирсиз дары сүйкөп айыгып кетүүнү самап жаткандайбыз. Мунун себеби бир топ жамандыктын энеси болгон түркөйлүк же караңгылык болуп саналат. Башта Билим берүү жана илим министрлигинин милдети болгон бул илдетке каршы күрөшүүдө жалпы коомчулук жапа тырмак аракеттенет деп үмүт кылам.