Акбаев: “хизбутчулардын” үгүт ыкмасы өзгөрдү

ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Акбаев "Хизб-ут Тахрир" уюмунун Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу суроолорго жооп берди.
- Кыргызстандагы "Хизб-ут Тахрир" уюмунун учурдагы ишмердүүлүгүн, аракеттерин сүрөттөп айтып бересизби. Бул боюнча канча кылмыш иш козголду, канча адам кармалды? Мүчөлөрүнүн саны көбөйдүбү, же азайып жатабы?

- Кыргызстанда бардыгы болуп 1509 адам диний экстермисттик-террористтик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турат. Анын дээрлик 86 пайызын "Хизб-ут Тахрирге" киргендер түзөт. Кыргызстандын аймагында 13 уюм сот чечими менен эстремисттик-террористтик деп табылган. Алардын бири ушул "Хизб-ут Тахрир".

Ушул жылдын он айында бул уюмга байланыштуу 194 факт катталды. Кээде 5-6 фактты бириктирип, бир кылмыш иш козголот, айрымдары кыскарып кетет. Жалпысынан 124 кылмыш иш козголуп, 171 киши кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилеп айта кете турган нерсе, жылдан жылга кармалган ар кандай үгүт материалдардын саны азайып жатат. Мисалы былтыр 9900 ар кандай үгүт материал алынса, быйыл 7680 болду. Анткени булар үгүт ыкмаларын, иштерин өзгөртүп жатат. Мисалы Интернет, уюкфонду колдонгон учурлар көбөйдү. Мурункудай баракча таратып кереги жок, жанында баракча, китепче алып жүрбөйт. Чогула турган жерге материалдарды флешка менен алып барат, же телефонунда болот. Биз акыркы учурларда компьютер, уюкфон сыяктуу электрондук техникаларды көп кармай баштадык.

- Канча адам соттолду? Мыйзамда ушундай кылмыш менен кармалган адамга кандай жаза каралган?

- Биздин башкармалык баштапкы тергөө иштерин жүргүзгөндөн кийин кылмыш иштердин баарын УКМКга өткөрүп берет. Эми кармалгандардын баары соттолуп, мыйзамда каралган жазаларын алып жатат. Абакка түшкөндө да алар тим жатпай үгүт иштерин жүргүзгөн учурлар болот. Биз ал жактагы кесиптештер менен бирге абактарда да иш жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан баары көзөмөлдө деп айта алабыз.

- Мурун бул уюм өлкө түштүгүндө активдүү болсо, азыр өлкөнүн түндүгүндө да ишмердигин күчөткөнү айтылып жүрөт. Буга негиз барбы?

- Булардын мүчөлөрү негизинен Ош облусунда көп. Ал жакта бардыгы болуп 410 адам каттоодо турат. Ар бир айыл өкмөт, шаарлардагы мүчөлөрү бизде каттоодо турат. Ошондой эле Чүйдө, Ысык-Көлдө, Нарында, Таласта, кыскасы бүт эле облуста бар.

Мисалы Талас облусунда эгемен болгондон 2011-жылга чейин "Хизб-ут Тахрир" боюнча бир да кылмыш иш катталбаптыр. 2011-жылы 5 кылмыш иш козголду. Мына Нарында да соттолгондор болуп жатат.

- Бул аталган уюм түндүктө ишмердигин күчөттү дегенди билдиреби?

- Сөзсүз. Башында түштүк тарапта болсо, азыр башка аймактарда да күч алып жатат. Азыр Кыргызстандын бардык аймагына тарады, бардык жерде ишин жандандырып атат.

- Сөзүңүздүн башында 1,5 миңдей адам расмий каттоодо турат деп айттыңыз. Байкоочулар бул сан чындыгында мындан алда канча көп деп айтышат.

- Биздеги сан, биз каттаган, биз билген адамдардын саны. Чын-чынында көп болушу мүмкүн. Эң негизи булар менен күч колдонуп эмес, түшүндүү, идеологиялык багытта иш алып баруу керек. Азыр “биз бул партияга кирип жатканда түшүнгөн, билген эмеспиз", - деп андан чыккандар да болуп жатат. Биз Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы, дин комиссиясы менен чогуу иш алып барып жатабыз. Биз кирген-чыккан себептерин иликтеп иштеп жатабыз. “Балабыз ичпей калды эле, ошондуктан жакшы партия экен дегенбиз”, - дегендер да бар. Дагы бир себеби - жумушсуздук. Билими төмөн болгондор да партияга кирип кетет.

Бул уюмга киргендердин баары эле коркунучтуу деген да туура эмес. Алардын арасында эмнеге киргенин билбей, адашып жүргөндөр да бар. Ошону менен катар муну менен бир гана тартип коргоо органы гана иштебеши керек. Айыл өкмөт, акимдерден баштап коомчулуктун баары тартылышы керек. Бардык тараптарды чогултуп, жыйын куруп талкуулашыбыз керек.

Биз көбөйдү, же азайды деген санга эч качан карабашыбыз керек. Канчалык көбүрөөк катталса, ошончолук көбүрөөк иштешибиз керек.

- ИИМде диний экстремизм-терроризм менен иштеген, теологиялык билими, сабаты бар кызматкерлер аз деп айтылат. Мындай кылмыштын кесепети менен эмес, алдын ала иш алып барган кызматкерлер жетиштүүбү?

- Биздин иликтөөлөр, анализ бул уюмга киргендердин көбү башында түшүнбөй эле кирип алаарын, үгүткө азгырыларын көрсөттү. Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алууга, кесепетин жоюуга бүт коомчулук киришиши керек.

Бизде адистер жетиштүү, мисалы 10-башкармалыкта илимдин эки кандидаты иштейт. Андан сырткары ушул багытта көп жылдан бери иштеп жаткан кызматкерлер бар. Ошентсе да бул өзүнчө өзгөчөлүгү бар жумуш болгондон кийин көңүл бура турган жагдайлар бар. Кызматкерлерди көбүрөөк окутуп, үйрөтүү керек. Ислам деген бул өзүнчө чоң илим. Биз “хизбутчуларды” күч колдонуу эмес, ынандыруу, муютуу ыкмалары менен гана өзүбүзгө тартып, туура эмес жолдон чыгара алабыз. Биз мындай иштерди жүргүзүп жатабыз.