Жылкычы кыз Айгерим

Айгерим: Биздин капчыгайга ичкен, жегенден калганын отурган жеринде таштап баса берген чоң курсак эжеке, байкелер чоң машинасы менен келе албайт, ошондуктан суу да, токой да таптаза.

Айгерим: Бизге машина келбегени, көпүрөнү сууга эмес, кургак жерге салып коюшуптур.

Айгерим: Агам Алишер конокторду суудан ушинтип өткөрөт, болбосо алар суу кечип калат.

Айгерим: Конок келсе эле бизди сүрөткө тарта беришет!

Айгерим: түш болду, чай кайнатайын.

Айгерим: Кымызды моминтип бышат!

Айгерим: Кымызды моминтип бышат!

Айгерим:  Кечке колум бошобойт, отту мен жагам, тамакты апам жасайт.

Айгерим: Бир жолу үйдө үбөлүк жок, атка шак миндим да, апам камыр жууруганча коңшулардан алып келе калдым. Атам "токто!" деп атса болбой чаап кеткем.

Айгерим: Сиңдим үйдү чачып салганда көңүлүм чөгөт. Ошондо апам "Эмне көзүң жүлжүйүп калды?" деп күлөт.

Айгерим: Ушинтип бакты сындырып салган ким болду экен, колу сынгыр! Атам кайра айып төлөйт турбайбы...

Айгерим: Инимди Бишкекте жашаган эжем багып алам дейт. Береби, коёбу, эми ата-энеси өзү билет да.

Айгерим: бул менин козум!

Айгерим: Күчүктү жакшы баксаң, алгыр ит болот.

Айгерим: бизде дары гүлдөр көп.

Айгерим: жайында бүлдүркөн жесең, кышында оорубайсың!

Айгерим: Бишкекте эжекем бар, ал мага дайым коон алып келет.