Алайкуу: калай табактагы телефон

Оштун алыскы Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө интернет таптакыр жок. Беш-алты айылында ал тургай кадимки чөнтөк телефон да тартпайт.
Аймак тоолуу болгондуктан кышы катаал. Байланыш маселеси өзгөчө суук күндөрү негизги көйгөйгө айланат.

Берүүнү толугу менен ушул жердең угуңуз.



Ойталдык Пашакан Жапаңова телефонун чоң калай табакка салып, башынан бийик көтөрө канчалык ары-бери каратпасын аракети текке кетти. Ошентип Бишкектеги уулу менен сүйлөшө албай шалдайып отуруп калды. Биз анын телефонун эмне үчүн табакка салып алганына кызыктык.

- Ой, бул камыр ачыткан калай табак антенна болот. Ушунун ичине салганда чагылышып тартат кээде. Айныкейи кармаса таптакыр тартпай калат. Ушинтип салып туруп көтөрүп анан сүйлөшөбүз. Шамал жулуп кетет колубуздан кээде. Эми бизде деле Москва, Бишкек, талаа-түздө балдарыбыз бар. Алар менен сүйлөшүш үчүн эле Кара-Кулжага - райборборго барабыз. Ага да жол киребиз 500-600 сом болот.

Алайкуудагы бир айыл.
Өзүнчө эле жадыбал түзүп алгансып, бул жерде күн сайын түш оой кеч бешимге дейре шамал аркырайт. Шамалга жүзүн тотуктурган ойталдыктар миң чамалуу түтүн. Шартка байланыштуу жалаң мал кармашат.

Айылдагы ардагер мугалим Садык Токтогулов аймактагы шарттын катаалдыгын кеп салат:

- Шарт өтө катаал. Октябрдан баштап майга чейин кыш. Жол кээде тазаланбай калып бир ай, эки айлап таптакыр жабылып калган учурлар болот. Ошондо бийлик эмес, райондун борбору менен телефон аркылуу байланыша албай калабыз. Акыркы губернатор эки айдын ичинде куруп берем деген болчу. Андан бери көп эле ай өттү, дагы эле жок.

Маалымат каражаттарынан “Азаттык”, анан дагы бир үналгы, Кыргызстан менен Орусиянын биринчи телеканалдары гана тартат.
Айыл тургуну Абдибали Токтобаев маалыматтан аксашарын баса белгилесе, Ошто окуп жүргөн ойталдык студент Байгазы Акбаралы уулу интернет дегеле кол жеткистей маселе экенин айтат:

- Интернет тууралуу айылда түшүнүк дагы жок. Эч кандай шарт жок. Азыр айылда жаштар калган эмес, мектепти бүтүп эле кетип атышат. Мисал үчүн өзүңүз деле көрүп келгендирсиз, айылда жалаң кары-картаңдар менен окуучулар калышкан. Интернет болсо элдин аң-сезими, окуучулардын билими артмак да.

Алайкуунун жолу.
Ойтал Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы айыл. Борбор калаа Бишкектен 800 чакырымдай алыс. Айылга капчыгай өрдөп өңгүл-дөңгүл, тоо бооруна салынган үрөй учурган жалгыз жол алып барат.

Кышында кар, жазында жер көчкү түшүп, ал жол айлап жабылып калган учурлар да болот. Айрым учурда Алайкууга электр жеткирчү линияны көчкү жулат. Мындайда Ойтал эле эмес, 14 миң чамалуу калкы бар Алайкуу өрөөнү туюкта калат.

Союз убагында “Алайкуу солк этсе, Москва болк этет деген сөз бар эле, эмики бийлик көңүл бурбай жатат”, - дешип жергиликтүүлөр эски доорду кез-кез эскерип калышат...