Нарындагы жайкы кар түйшүккө салды
Жаңы кыркылган койлордун ичи көөп, ар бир короодон 4-5тен кой кырыла баштаган.
17- июнда түнү менен жааган кардын калыңдыгы айрым жерлерде 70 см. ге чейин жеткен.
Нарын районундагы Кара-Кужур, Солтон-Сары аймагындагы Тетир-Суу деген кичи жайлоосунда тизеден кар, жайдын күнү болсо дагы кадимкидей кыш өкүм сүрүп турат.
Кара-Кужур, Солтон-Сары жайлоосуна негизинен Нарын районунун малчылары жайлайт.