Аталган мыйзам расмий “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору" деп аталат.
Бирок сессияда талкуунун өзөгүн колдонуудагы Баш мыйзамдын түп нускасына байланышкан талаш-тартыш түздү.
Конституциянын "жоголушу"
Талкуунун жүрүшүндө “2010-жылы сунушталган Конституциянын түп нускасы менен колдонуудагы нускасынын айырмачылыгы бар деген” сөздөрдүн чын-төгүнүнө КСДП депутаты Данияр Аттокуров кызыкты. Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын бул боюнча жообу депутаттар үчүн күтүүсүз болду:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
- 2010-жылы биздин министрликке мөөрү басылган Конституция келген болчу. Бул түпкү нускасы эмес, болгону көчүрмөсү болгон. Бирок ал маалда “Слово Кыргызстана” гезитине чыккан редакция менен биз чыгарган брошюрадагы текстте айырмачылык болгон. Ал гезитке Конституциянын редакциясын биз берген эмеспиз. Биз болгону брошюра түрүндө чыгарганбыз.
Министрдин мындай сөзү “Кыргызстан алты жылдан бери бурмаланган Баш мыйзам менен жашап келатабы?” – деген талкууга жем таштады.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев талашка депутаттык комиссия түзүү аркылуу чекит коюуну сунуштады:
- Биз ушул парламенттин жүзү таза болсун десек депутаттык комиссия түзөлү. Анын жыйынтыгында Роза Исаковна, Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаевден бардыгын сурашыбыз керек. Эгер маселе чын болсо, анда азыркы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби биз жок Конституцияга өзгөртүү киргизип жаткан турбайбызбы.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Эки мыйзамды бириктирүү мыйзамсыз
Жыйынга кечигип келген “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин сунушу Баш мыйзамдын түп нускасына байланышкан узак талашты башка нукка бурду. Депутат Төрөбаев расмий “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун мыйзамсыз деп атады:
- Азыркы экинчи окууда келген мыйзам долбоору бул мыйзамсыз. Конституцияда “долбоор” эмес, “мыйзам” менен келиши керек деп так жазылып турат. Демек бул мыйзамсыз. Тагыраак түшүнүп алсаңар, бул жерде эки мыйзам долбоору келиши керек. Биринчиси - референдум дайындоо жөнүндө, экинчиси - Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушталса туура болмок. Биз кантип экөөнү бир мыйзамга бириктирип койдук?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Конституция президенттин кетишин күтөбү?
Төрөбаевдин айтканын “Бир бол” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев дагы колдоого алды. Өз кезегинде Абдылдаев кабыл алынары күтүлүп жаткан Баш мыйзам "эмне үчүн дароо күчүнө кирбейт?" - деген суроону демилгечилерге берди:
- Эгерде өкмөттү күчөтүп жатсак, анда эмне үчүн ошол ыйгарым укуктар 2017-жылдын 1-декабрынан баштап гана күчүнө кирет? Кабыл алгандан кийин Конституция дароо күчүнө кирбей, бир жылдан кийин киреби? Бир жыл деп жатасыңар. Бир жылдан кийин бардыгыбыз түшүнүп турабыз да, президент Атамбаевдин ыйгарым укугу 2017-жылдын 1-декабрында аяктайт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Депутат Абдылдаев бул суроосуна жооп ала алган жок. Демилгечилер талаштарды добуш менен чечүүгө үндөштү. КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев “Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыккан депутаттардын улам-улам сүйлөөсүнө тыюу салуу керек” деп төрагага сунуш киргизди.
Жыйынтыгында “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлүп, ага 88 депутат “макул”, 16 депутат “каршы” добуш берди.
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү парламенттеги беш фракция демилгелеген. Бирок акыркы редакциясына кол коюудан “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир бол” фракцияларынын лидерлери баш тартышкан. Алар муну мыйзам долбоору баштапкысынан өзгөртүлгөнү менен түшүндүрүүдө.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президенттик аппараттын түшүндүрмөсү
Ал арада президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын түп нускасы боюнча түшүндүрмө берди. Ниязовдун айтымында, Конституциянын түп нускасы болуп президент кол койгон нускасы эсептелет. Ал архивде сакталат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ал эми 2010-жылы кабыл алынган Конституция кол коюуну талап кылган эмес. Ошондуктан Баш мыйзамдын түп нускасы катары өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитине жарыяланган тексти саноого болорун Ниязов билдирди.
Ал азыркы Баш мыйзамдын акыркы текстине виза коюлбаганы үчүн гана ар кандай шектенүүлөр жаралып жатканын кошумчалады.
11-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи учурунда президент Алмазбек Атамбаев ушул жылдын 11-декабрында Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөрүн билдирген. Өлкө башчы Жергиликтүү шайлоолорду өткөрүү боюнча жарлыкка президент 10-октябрда кол койгон.