Баш мыйзам оппозициянын башын кошту

"Бийликти узурпациялоого жол жок” кыймылынын мүчөлөрү

Өткөн жумада Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршылыктын негизинде түзүлгөн "Бийликти узурпациялоого жол жок” кыймылы кезектеги жыйынга чогулуп, күзүндө жалпы Республикалык курултай өткөрүү тууралуу резолюция кабыл алды.

“Бийликти узурпациялоого жол жок” кыймылынын курамына бир гана оппозициядагы саясатчылар эмес, бийликтеги адамдар, жарандык коом биригип, Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы бекем турууну чечишти.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда, жаңы Конституция кабыл алына турган болсо, Кыргызстан 2010-жылдан жаман абалга тушугат. Мына ошону башка саясатчылар да сезгендиктен биригүүгө туура келди деген Текебаев, бул чогулууну тарыхый жыйын деп атады.

- Бул жерде жеке мамилелери дагы, көз караштары да келишкис адамдар жыйналып отурат. Бардыгыбыздын саясий түзүлүшкө, болуп аткан окуяларга берип жаткан баабыз ар башка. Бирок биз приоритетти, өлкөнүн бүтүндүгүн, стабилдүү өнүгүүсүн так аныктап албасак, келечегибиз жаман болуп турганын сезип, тарых бизди ушул жерге жыйнап отурат.

Укук депутаттарда да, президентте да жок

Өмүрбек Текебаев кошумчалагандай, учурдагы Конституция Жогорку Кеңеш депутаттарына “Референдум өткөрүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк бербейт. Натыйжада парламенттин референдум өткөрүү демилгеси мыйзамсыз болуп калмакчы.

Ал эми дагы бир депутат Чолпон Жакупова мындай укук президентте дагы жок экенин айтат. Мына ошондуктан парламент күздөгү шайлоонун аркасы менен элди дагы адаштырганы жатканын “Азаттыкка” айтып берди.

Чолпон Жакупова

- Булар 2010-жылдагы референдумдун тактикасын карманды. Анда дагы жаңы Конституцияга референдум өткөрүп, анын ичине Роза Отунбаеваны да президент кылып шайлоо маселесин киргизишкен эле. Бул жолкусун дагы референдум жөнүндө мыйзам кабыл алып, анын ичине жаңы Конституциянын долбоорун камтып салганы жатышат. Жөнөкөй эл муну билбей кала берет, бирок бийлик президенттин алдына барып топтолуп калуу алдында турат.

Мыйзамга ылайык, жөнөкөй элдин 300 миң колун топтоо менен гана референдум өткөрүү мүмкүн. Бирок бул процесс узак убакытты талап кылгандыктан бийлик мыйзамды бузуу жолун тандаганын Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, юрист Зайнидин Курманов “Азаттыкка” белгиледи. Ал кошумчалагандай, Конститутция кабыл алынган күндө деле, Конституциялык сотко эртең көптөгөн арыз түшмөкчү. Мындай болорун алдын ала туйган бийлик, Конституциялык сотту да президентке көз каранды кылып жатат.

- Конституциялык палата эмне үчүн президент менен парламент аркылуу чечим чыгарып жатат? Кептин баары түшүнүктүү болуп турбайбы. Анткени эртең палатага көп кайрылуу болот. Ошондо Конституциялык сот кандайдыр бир чечимди чыгарып койбосун, бизден ыйгарым укуктар жокко чыгып калбасын деп алдын алып жатышат.

Убактылуу өкмөт долбоорду артка алдыртабы?

Ал арада Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да жакынкы күндөрү Баш мыйзам айланасындагы маселе боюнча билдирүү жасап, президент Атамбаевге чейин жеткирүү алдында турат. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров ал кайрылууга сегиз мүчө кол койгонун айтат.

Конституция өзүнүн табитинде ыр-чырдын баарын жоюп, бир нукка салышы керек эле. Бирок бизде коом экиге бөлүнүп калды.
Табылды Акеров

Мындан улам Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан саясий күчтөрдүн катары калыңдап кеткендиктен бийлик бул кадамдан артка тартышы мүмкүн деген ойлор да басымдуулук кыла баштады.

Саясат талдоочу Табылды Акеров бийлик убакыттан да, мыйзамдык жактан да уттуруп жаткандыктан, долбоорду артка чакыртып, саясий кырдаалды жайгарса болорун айтат.

- Азыр байкасаңар саясий кырдаал чыңалып баратат. Конституция өзүнүн табитинде ыр-чырдын баарын жоюп, бир нукка салышы керек эле. Бирок бизде коом экиге бөлүнүп калды. Парламенттеги беш фракциядан башка бардык саясий уюм, коомдук ишмер, саясатчылар, партиялардын бардыгы каршы туруп алышты. Буга кошумча бийлик убакыттан да уттуруп жатат. Себеби азыркыга чейин референдумга маселени кантип алып чыгуу жагы чечиле элек. Андыктан бийлик булар менен эсептешүүсү кажет. Ошондуктан буга чейин бир жолу чакыртып алгандай, эми да долбоорду токтотуп коюушу чындыкка жакын болуп турат.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы оппозиция күзүндө Республикалык курултай өткөрүү ниетин билдиришти. “Бийликти узурпациялоого жол жок” кыймылынын отурумунда курултай аркылуу алар өзүнүн массасын бийликке көрсөтүү аракетин ишке ашырарын жашырган жок.

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында Конституция сегиз жолу өзгөргөн. Ар дайым Баш мыйзам өзгөргөн сайын жогорку бийликтин ыйгарым укуктары кеңейип, бекемделип келген. 2010-жылы гана апрель революциясынын арты менен кабыл алынган Конституция буга чейинкилерден айырмаланып, парламентке көбүрөөк укук берилген.