19-августта Бишкектеги эски аянтта окулган айт намазга келгендердин саны мурдагыларга салыштырганда кыйла көп болгону айтылууда.
Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын ыйык рамазан айы бүтүшү менен Орозо айт белгиленүүдө. Буга байланыштуу таң эртеден өлкөнүн бардык аймактарында Орозо айт намазы окулду. Бишкектеги айт намазы адаттагыдай эле борбордук эски аянтта өтүп, ага муфтияттын эсеби боюнча, жүз миңден ашык адам катышты.
11 жаштагы Арген Абазбек уулу айт намазга биринчи жолу катышып, миңдеген адамдар менен бирге аянтта намаз окуду. Аны айт намазына атасы ээрчитип чыккан. Топураган элдин толкунунда алгач ирет намазга жыгылган Арген үй-бүлөсүн түйшөлткөн маселелердин чечилишин тилеген:
- Мен биринчи жолу аянтта намаз окудум. Бул жакта аябай көп адамдар намаз окушту. Мен да намаз окуп жатып, салып жаткан үйүбүздүн эртерээк бүтүшүн жана кичүү инимдин оорубашын тиледим.
Бишкектеги эски аянтка айт намазга жыгылгысы келгендердин алды таңкы саат алтыда эле чогула баштады. Аларга молдолор биринен сала бири ислам насааттарын, орозонун маани-маңызын айтып турушту.
Саат 7.30да намаздын расмий бөлүгү башталып, ага Кыргызстан мусулмандар муфтийинин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев имамдык кылды. Анын эсебинде, бул жылкы айт намазына жүз миңге жакын адам катышты.
Быйылкы айт намазынын өзгөчүлүгү эмнеде деген суроого муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев дал ушул мурдагы жылдардан арбыныраак адамдардын катышканында деп жооп кайрыды:
- Өзүңөр деле байкагандай, элдин саны көп болду. Намазга жөн эле келип катышып койбой, ушул ыйык майрамдын маңызын, маанисин түшүнүп, кызыгуусу арткандардын катары көбөйүп жатат. Себеби бул жалпы мусулмандардын аткарышы зарыл болгон милдети, элди бириктирүүчү, бири-бирине жардам көрсөтүүчү майрам намазы. Ошондуктан биримдикти, достукту ыйык көргөндөр бул намазга катышышты.
Рахматулла ажы бул орозо жай аптабына дал келип, күн узун болгонуна карабастан аны кармагандардын көп болушу да кыргызстандыктардын исламга терең маани бере баштаганын билдирээрин кошумчалады.
Айт намазга Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов баштаган бийлик өкүлдөрү да катышып, мусулмандарды куттукташты. Буга чейин бир нече жолу аянтта намаз окуп жүргөн президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өзү туулуп өскөн Аламүдүн районундагы Арашан айылында айт намазга катышканы кабарланды.
Аянттагыларга президенттин куттуктоосун жеткирген Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков бул ыйык күндө динге ишенген адамдарды таза жана ыймандуу коомдун куруучулары деп атады:
- Таза жана ыймандуу коому бар гана мамлекет өнүгө алат. Уучубуз кур эмес андай адамдар, андай жамаат биздин мамлекетте, биздин айыл-кыштактарда бар. Ыймандуу коомдун уюткусу бар. Мына ушундай коом менен мамлекеттин өнүп-өсүшүнө, келечегинин кең болушунун кепилдик бар. Мына сиздер ушундай коомдун курулушунун кепилисиздер.
Бул жолу Ош шаарында да айт намаз борбордук аянтта окулду. 2005-жылдан бери Ошто борбордук аянтта намаз окулбай калган. Оштогу Орозо айт намазына болжол менен 3-4 миңдей адам катышканы кабарланды.
Кыргызстанда Орозо айы 20-июлда башталган. Отуз күндүк орозодон кийинки бул майрам күнү эртең менен жамаат ичинде намазга жыгылуу салтка айланган.
Борбор Азиядагы кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстанда айт намаздары эгемендүүлүк жылдарынан тарта борбордук аянтта окулуп келет.

Оштогу Орозо айттан сүрөт баян