Курман айт майрамы кирип келди

Айт намаз. Бишкек. 21-август.

Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы белгиленүүдө. Буга байланыштуу бул күн эс алуу күнү деп жарыяланган.

Майрамдык айт намазы Бишкектеги Эски аянтта өттү. Ага шаардын тургундары жана коноктору катышты.

Намаз окулаарда Мусулмандар диний башкармалыгынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Курман айт: жаан алдындагы тилек

Президент Сооронбай Жээнбековдун жалпы элди басма сөз кызматы аркылуу куттуктады.

Курман айт мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. Быйылкы майрам 21-августка туш келди.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт.

Эски аянттагы Курман айт. 21-август, 2018-жыл

Эски аянттагы Курман айт

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​