Митингди кантип чийинден чыгарбоо керек?

Ош, 15-апрель, 2010-жыл

Кыргызстанда пикет-митингдерди цивилдүү жол менен, бири-бирин угуу, сабырдуулук кылуу маанайында өткөрүүгө мезгил келип жеттиби? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.
Талкуунун катышуучулары: Динара Ошурахунова – “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси, ИИМдин коомдук коопсуздук башкы башкармалык башчысынын орун басары Жекшен Кулманбетов.

Талкуу түз ободо өткөнүн эскерте кетели.