Темир жолдун курулушу кайрадан эске түштү

Темир жол.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жол долбоору боюнча жагдайды кыргыз өкмөтүндөгү акыркы дайындоо эске салды.

Тактап айтканда, буга чейин транспорт жана жолдор министри болуп эмгектенип, орун басары ири пара менен кармалган соң иштен кеткен Жамшитбек Калилов өткөн жумада "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынын алдындагы темир жолду долбоорлоо дирекциясынын башчысы болуп дайындалды.

Калилов бул кызматка келишимдеги негизги максат Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду алдыга жылдыруу деп атады.

Ал "Азаттыкка" курган маегинде аталган темир жолду куруу боюнча даяр долбоор жок экенин белгиледи:

Жамшитбек Калилов.

"Учурда долбоор жок. Каржы маселеси чечилип, каражатты алчу булак аныкталган соң долбоор менен техника-экономикалык негиздеме даярдалышы керек. Биз ага жете элекпиз. Азыркыга чейин темир жолдун эни кандай болот, маршрут кандай өтөт деген маселе менен эле келатабыз".

Калилов учурда Орусия менен бирге темир жолдун техника-экономикалык негиздемесин түзүү үстүндө аракет көрүп жатканын кошумчалады:

"Министрликтен темир жолду куруу актуалдуу экенин көтөргөнбүз. Былтыр орус темир жолу менен болжолдуу техника-экономикалык негиздемесин долбоорлоо боюнча келишим түзгөнбүз. Мен министрликтен кеткенден кийин орустар техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун бүтүптүр. Кыргыз тараптан тийиштүү министрликтер талкуулаган экен. Аларга материалдар кетиптир. Азыр эми жооп келет".

Дагы караңыз Теңтайлашкан темир жол долбоорлору

Бирок Калилов каржы маселеси кандай чечилет, ал боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы кандай болот деген суроого так жооп берген жок.

Негизи Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек.

2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Мындан соң кыргыз бийликтери кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрут сунуштаган.

Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, президент Сооронбай Жээнбеков да утур-утур көтөрүп келет.

Дагы караңыз ШКУ: экономика ийкемдүү, коопсуздук бекем болсун

Буга байланыштуу маселе Кыргызстан менен Кытайдын лидерлеринин бир нече жолку жолугушуусунда сөз болгону менен анын конкреттүү жыйынтыгы тууралуу маалымат айтыла элек.

Былтыр Сооронбай Жээнбеков парламент алдында сүйлөп жатып, темир жолду куруу үчүн Орусия менен кеңешүү өткөрүү керек экенин билдирген.

2017-жылы Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, үч вариант каралып жатканы айтылган.

Бир катар эксперттер темир жол боюнча долбоор аягына чыкканда Кыргызстан үчүн эң чоң утуш болорун айтып келишет.

Ишенбай Кадырбеков.

Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, ири долбоорду алдыга сүрөөгө саясий шарт түзүлүп турат.

"Эми бир адамды кайсы бир кызматка дайындоо менен долбоорду алдыга жылат деп айтуу туура эмес. Бул долбоор убагында абдан көп тараптарды кызыктырган. Британиялыктар да убагында өз долбоорун сунуштаган. Андан соң Кытай сунуштап, Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алган. Бирок Өзбекстандын мурдагы жетекчилигинин учурунда түшүнүшпөгөн учурлар болгон. Азыр байкашыма караганда Өзбекстан да колдоп жатат. Техника-экономикалык долбоордогу биз сунуштаган маршрутка даяр болуп жатат деген да сөздөр бар".

Бирок дипломат Аскар Бешимов темир жолду куруу боюнча маселени создуктуруп жатып, бир топ мүмкүнчүлүк колдон чыкты деген пикирде. Дипломаттын айтымында, акыркы жылдары расмий Бээжин бул долбоорго көңүлкош позицияда болуп калды:​

Аскар Бешимов

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда негизги үч маселе бар. Эң башкы маселе "ким каржылайт?" деген суроо чечиле элек. Экинчиси - маршрут боюнча да мунаса табылган жок. Үчүнчүсү - бул темир жолдун эни. Мына ушул маселелер чечилбесе, жол салынбайт. Менин байкашымча, Кытай да мурдагыдай көңүл бурбай калды. Ошондуктан, долбоор жакынкы 20 жылда ишке ашпайт деп ойлойм".

Ал ортодо бир катар эксперттер бул темир жолдун курулушу Кыргызстанды транспорттук туңгуюктан чыгарып, геосаясий жактан кошумча тандоону пайда кылмак деген пикирлерди айтып келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.