Абакта иштегендерге үй берилди
Быйыл Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматынын түзүлгөнүнө 15 жыл толду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жаза аткаруу кызматкерлеринин күнүнө карата салтанатуу иш-чарага катышып, алгач ишинде өзгөчөлөнгөндөргө кол саат тапшырды.
Бишкек шаарында курулуп бүткөн тогуз кабаттуу эки үйдөн 81 кызматкер кызматтык турак алды.
Кызматтык турак жайлардын курулушу мындан эки жыл мурда башталган.
Кызматтык үйлөр тармакта иштеп эмгеги сиңген кызматкерлерге, кызматта жүрүп каза болгондордун үй-бүлөсүнө берилди.
Аталган турак жайлардын жанына дагы үч үй курулат.
Үйлөрдүн короосуна балдар аянтчасын куруу үчүн өкмөт депортаментке жүз миң сом ыйгарды.
Эгемендик жылдардан бери Жаза аткаруу кызматына алгачкы жолу үй берилип жатат.
Иш-чарада жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын кол эмгектери көргөзмөгө коюлду.
Мухаммедкалый Абылгазиев, акыркы убакта өлкөдө камалгандар жылдан жылга азайганы менен өмүр боюн соттолгондордун саны көбөйгөнүн ортого салды. 2007-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган 139 адам болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 318 жеткен.
Экстремисттик жана террористтик топторго кошулуп, кылмыш кылып, абакка түшкөндөрдүн саны алты жылда 2 миң кишиге чейин көбөйгөн. Бул Жазаларды аткаруу кызматынын жумушу оорлоду дегенди билдирет.