Кубанычбек Исабеков Беларуска неге барат?

Бүгүн "Жаңы ордо", "Фабула", "Де-факто","Супер инфо", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

"Журналисттердин кирешелерин ачыкка чыгаруу керек" деп айта коем деп депутат Акылбек Жапаров журналисттердин талоонуна калганын "Жаңы ордо" гезити аркылуу ой-пикирлерден билсеңиздер болот.

Гезит андан ары Нариман Түлеевдин иниси Нарынбек Түлеевдин, юрист Курманбек Жороевдин маектерин басты. Мурдагы вице-премьер-министр Камила Талиеванын маеги "Жогорку Кеңеш эркектик сапатты аныктай турган орган эмес" деп аталды.

Булардан тышкары "Темирди Талас эли жылуу кабыл алды" деген сүрөт баян, Алыкул Осмоновду изилдеп жүргөн белгилүү журналист Памирбек Казыбаевдин "Алыкул Осмонов жашаган үй оңдоп-түздөөгө муктаж" деген маеги, тогуз коргоол оюну боюнча Азиянын чемпиону Жаңыл Сагыналиеванын маеги басылып чыкты.

"Фабула" гезити "Журналисттердин тепкисинде" деген рубриканын алдында "Жапаров жалаа жаппай, акча сураган журналисттерди ачык айтсын" деген баштеманын алдында бир катар журналисттердин ойлоруна орун берди. Нарынкүл Назаралиеванын макаласы "Турсунбеков туура жолдо баратат" деген ат менен жарык көрдү. Макалада Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болот. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова маегин "Жетим балдар үйүн оптималдаштыруу аркылуу балдарды урук-тууганына кайтаруу зарыл" деп атаса, Кыргыз радиосунун башкы редактору Назира Абдукаимова маегин "Эртең менен жумушка, кечинде үйгө шашкан адам бактылуу" деп атады. "Фабула" гезити ошондой эле эки колунан ажыраган Самат Асылбек уулунун апасы Курманбүбү Султаналиеванын "Баламдын келечегин ойлоп капа болуп ыйлайм" деген маегин, белгилүү акын Нуралы Капаровдун "Владимир Ильич Ленинге ода" деген ырын окурмандарга тартуулады.

"Де-факто" гезити бул санын "Кулматовдун кекиртеги кернейдейби?" деген маалымат менен ачты. Депутат Мурадыл Мадеминовдун маеги "Атамбаев башкарган алты жылда бюджет 150 млрд сомго чыкты" деген ат менен жарык көрдү. Кабарчы ага: "Адахан Мадумаров жакындан бери Атамбаевди сындай баштады, бул киши Баткендин колдоосуна арзыйбы деп суроо салды эле депутат Мадеминов ага: - Президент болом деген эр-азаматтар саясаттагы орду карып бара жатканда кадырын кантип көтөрүштү билбей, экономикалык программа түзбөстөн, кыска ойлуулук кылып, президентке асылып жатышат. Алар бул кадамдары менен эч нерсеге жетпейт. Эгер аброй чогулткусу келсе татыктуу программа алып чыгышсын. Себеби бүгүнкү Кыргызстандын элинин аң-сезими, көз карашы 25 жыл мурункудай эмес. Деги эле мындан ары эч ким өкмөткө, президентке, Жогорку Кеңешке асылып аброй чогулта албайт, - деп айтты.

Гезит "Автандил Кулбараков Теңир-Тоолуктарды дагы бир сүйүндүрдү" деген макала басып, жалпы баасы 100 миң сомдон жогору турган жазуучу, окумуштуу Советбек Байгазиевдин "Кошой баатыр даанышмандыктын, улутмандыктын жана мекенчилдиктин өлбөс-өчпөс өрнөгү" деген китебинен миң даананы Нарын облусунун ар бир районуна белек кылганын, башка дагы жардам бергендерин жазып чыкты.

"Де-факто" гезити мындан тышкары Жантөрө Сатыбалдиевдин "Кумтөр маселесинде менин сунушумдун туура экендигин убакыт далилдеди" деген, ишкер Кылычбек Исмамбетовдун "Бай-манаптардын башкаруу системасы түзүлүп калды" деген, саясатчы Кубанычбек Исабековдун "Мен Минскиге дагы барам" деген маектери, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовдун президенттик шайлоо тууралуу түшүндүрмөсү, Жыпаркүл Турсунбаеванын Бүбайша Арстанбековга жазган каяша макаласы, айтылуу акын-сатирик Жолочу Рысбаевдин жаңы ырлары жарык көрдү.

"Супер инфо" гезити жаңы санын "Бакыт Байсариев үйлөнүү тоюнда аялына сулуулук салонун тартуулады" деген, Айпери Кубик кызынын "Казактар менен иштешүүдөн корктум" деген, "Сапар Эркебаев азыр "Дордой" базарында соод акылабы?" деген баштемалар менен ачты.

"Вечерний Бишкек" гезити врачмын деп Баткен обулусунда элди алдап жүргөн шылуундар пайда болгонун жазды. Ушул эле гезитте атактуу ортопед Сабырбек Жумабековдун "Менин атымды аферисттер пайдаланууда" деген макаласы да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.