Кара кийгендер касам ичеби?

Гезиттер каникулдан кайтып келе баштады.

“Де-факто” гезити жарык көрүп, бир топ саясий маселелерден маалымат бергенден кийин Амантур Мусагул уулунун академик Абдылдажан Акматалиев менен Айтматов тууралуу сүйлөшкөнү басылды. Акматалиевдин дагы бир макаласы Тайлак баатырга арналууда. Гезиттин “Кайда калды кайрып алгыс мүнөттөр, кайран кезди эске салсын сүрөттөр” деген баш темасынын алдында Кыдыр аке, Мураталы Күрөңкеев, Атай Огонбаев, “Пржевалдын бактары” жана оор учурда үй-бүлөсүнүн эле эмес, бүтүндөй кыргыздын жүгүн көтөргөн кыргыз аялзаты тууралуу өткөн кездин элестерин эске салды.

“Опера жылдызы Болот Миңжылкиев 75 жашка чыкмак” деген тема менен улуу ырчынын сүрөттөрү тартууланды. Таланттуу акын Алтынбек Исмаиловдун “Саясатчы мурундары” кайрадан басылды. Акын жана жазуучу Меңди Мамазаированын маеги жарык көрдү. Эмгек сиңирген артист Дамира Баратбаеванын “Нан жасаган супара кандай ыйык болсо, театрдын сахнасы биз үчүн ошондой ыйык” аттуу маеги да “Де-фактонун ушул санында.

Президент Алмазбек Атамбаев 10-августта Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада коло медалды жеңип алган Иззат Артыковду жеңиши менен куттуктады. Куттуктоо бүгүн жарык көргөн “Эркин Тоо” гезитине басылды.

“Кайран элим кайда баратабыз?” деген талкууга кошулган кыргыз кызы Айпери Жумалиева Москвада иштеп, Кыргызстанга келип-кетип турарын, бирок мурдагы келгени кийинки келгенине окшобой, барган сайын кыргыз жерине келбей эле башка жерге келгенсип, барган сайын башка улуттардын салтына кирип кеткендер, узун сакал коюп, кара чүмкөнгөн кыз-келиндер арбып баратканына жүрөгү ооруганын, кыраан кыргыз эли не деген кыяматтарды башынан өткөрүп, канын төгүп, жанын берип балдарына сактап калган бейиштей жерин, эр азаматтары менен балдары жоо колунан каза болгондо гана кыргыз энелер кара жамынып, аза күтүшкөнүн, бүгүн Кудай кыргызга эми экинчи кара жамынтпасын деп тилээрин, өз элинин тарыхын тепсеп, ар-намысын сатып, кара кийим кийгендер, дамбалчан сакалчандар көбөйүп, өлкө кыргыз болбой эле араб болуп бараткансып сезилерин кейиш менен кеп кылды. Жакында коңшу Алматы шаарына барып бир дагы кара чүмкөнгөн кыз-келин, бир дагы узун сакал дамбалчан казак көрбөгөнүн айтса, “Кыял” элдик бирикмесинин профкому Замира Саткеева жакын эле курбусу сопсоо жүрүп эле жакындан бери кара кийип калганын, “бул эмнең?” десем, “кайра тартуу колумдан келбей калды” дегенин, демек кара кийгендер касам ичип, ант беришет окшойт деген ой келгенин айтты.

“Кыргыз туусу” гезити кыргыз өкмөтүнө караштуу Турак жай коммуналдык чарба мамлекттик агенттиктин директору Турдубек Мамбетовдун маегине орун берди. Кабарчынын “Курулш компанияларынын жакшылары кайсылар?” деген суроосуна Турдубек Мамбетов “Имарат-Строй”, “ДСК-Азат”, “Бишкек-Курулуш”, “Авангард-Стиль”, Юнис-Курулуш”, “Орион”, “Ихлас” жана “МП “Нарын” курулуш компанияларынын аттарын атады.

“Супер инфо” гезити президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун “Азыркы саясий системанын иштеп кетиши Атамбаевдин инсандык сапаттары менен камсыздалууда” деген маеги менен жаңы санын ачты. Фарид Ниязов, Конституцияга айрым бир оңдоолорду киргизүүгө бүгүн каршы чыгап жаткандар кечээ эле Баш мыйзамды өзгөртүү керек деп оозунан көбүк чыкканча талап кылгандар, же кимдир бирөөлөрдүн көз карандылыгында жашап көнгөндөр, же болбосо өлкөнү соодалап келаткандар деп: “Өлкөбүз зыян тартышы үчүн грант алып турушкан бейөкмөттүк уюмдар бар, булар үчүн өлкөнүн зыян тартып жана көз каранды болуп турганы жакшы. Оңдоолор мамлекет бараткан жолунан кайра артка кайтпасы, бир киши баарын чече албасы, үй-бүлөлүк-кландык бийлик кайрадан орнобошу үчүн керек болуп жатат” деп айтты. Ниязов андан ары Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамда “көйгөй жок” деп атканын, бирок көйгөй барын, дал ошол Конституциянын 41-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык: “Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар адам укуктары жана эркиндиктери бузулду деп тааныган учурда, Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрөт” деп жазылып турганын мисал кылып оңдоого зарыл беренелерди кенен кеп кылды.

Конституция боюнча талкууну бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити да улантты.