“ПолитКлиника” гезити Жалал-Абаддын Чаткалындагы Шакафтар шаарчасынын тургуну Айпери Базарбай кызынын президентке кайрылуусун басты.
Анда Айпери атасын Керимбек деген адам “сен башка уруудансың” деп сабап, эс-учун жоготуп койгондо, ошол жердеги чоң сууга салып, чалажан абалында таштап кете бергенин, ошондон улам ооруканада бир айга жакын жатып чыкканын баяндады.
“Урматтуу президент! Биздин мамлекетибизде сот адилеттиги барбы? Же колунда барлар менен чоң кызматтагы таанышы барлар дайыма суудан кургак чыгып жүрө береби? Биздин ишибизди өз көзөмөлүңүзгө алып, тиешелүү органдарга тапшырма бересиз деп ойлойм” дейт Айпери гезитке жазган кайрылуусунда.
Журналист Айгүл Бакеева генерал Токон Мамытов менен маектешти. Маегинде генерал кечээ эле тынч турмушта жашап, бала багып, эне бешик терметип, эли күжүлдөп иштеп жаткан Сирия мамлекети бүгүн төгүлгөн кан менен көз жашка чыланып, жоголуу абалында турганын, тирешүүдөн чыккан жаңжал ушуга алып келерин бүгүн бийлик да, оппозиция да, эл да жакшы түшүнөрүн, азыр Ооганстан-Түркмөнстан, Ооганстан-Өзбекстан жакка коркунуч келип атканын, бүгүн Ооганстанда НАТОнун 13 миң аскери турганы менен алардын ИГИЛди токтотууга күчү келер-келбесине көзү жетпестигин айтты. Анан 1999-жылы биздин өлкөгө 57 эле боевик кол салып айлабызды кетиргенин, бүгүн болсо чек арага жакын жерде 5 миң согушкер турганын эскертти.
Тоголок Молдо сыйлыгынын лауреаты Нургазы Миңкаранын акындарга арноо азилдери, Айгүл Бакееванын Баткендин Кызыл-Жолунда жашаган, 2-топтогу майып Туйгунбүбү тууралуу баяны жана башкалар бар.
“Азия ньюс” гезити “Оппозиция да, бийлик да ойдогудай эмес” деген, “Ак үйдүн оппоненттери бир муштумга түйүлө элек”, “Дыйкандарга колдоо жок, министрлик эсеп-кысап жүргүзгөн органга айланды” деген, журналист Кенжебек Арыкбаевдин “Батыралиев кыргыз медицинасын инфаркт” кылбаса болду” деген макалаларына орун берди.
Коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков, кабарчынын “оппозиция митингге даярданууда, сизди чакырдыбы?” дегенине “мага айтышкан. Саясий багыты кандай болорун билбейм. Эгер кан төгүү жолу менен төңкөрүш кылуу ниеттери болсо кошулбайм. Өкүнүчтүүсү азыр оппозиция ичинде көзгө көрүнөрлүк лидер жок. Эл деле баягы эки жүздүүлөрдөн тажап ичтери чыкпай турат. Эл ичинде "булар бийликке жетпей калса эле чыга беришеби? Кресло үчүн дүрбөлөң кылуунун кереги барбы? Булар деле бийликте отуруп эмнени кыйратты?” деген нааразылыктар айтылууда” деп, бүгүн эң башкысы учурда бийликтин кадр саясаты көңүлдү өйүтүп жатканын, кесипкөйлөр жетишпегенин кошумчалады.
Айтылуу жазуучу, маркум Мурза Гапаровдун 2001-жылдын 5-майында жазган “Коштошуу" деген ырынын “Ылайым көрүңөргө гүл чыкпасын, кош болгула эл башы, журт башылар...” деген саптарын баштема кылган белгилүү жазуучу, Мырзакенин шакирти Султан Раевдин эскерүү баяны басылды.
“Асман плюс” гезити аркылуу спорт журналисти Табылды Асыгалиев 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдыктар жүрүп жатканын, улуттук спорттун 25 түрү боюнча мелдештер өтөрүн, ага дүйнөнүн 40 мамлекетинен өкүлдөр катышарын кабарлады.
Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов маек куруп, Тарых жана маданият жылына карата эки миңден ашуун иш-чара өтөрүн, өзү ачкан “Макал Арт” аттуу чыгармачыл топ кыска метраждуу 100 фильм тартмакчы болуп, азыр анын беш тасмасы даяр болгонун, тасма аркылуу кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, улуттук кийимдери, сөз баркын билген эл экендиги даңазаланарын айтып берди.
Министр ошондой эле үйү шаардан 35 чакырым алыста болгондуктан 30 миң сомдук квартира жалдап шаарда турарын, иштеп тапканынын баары эле батирге кетип жатканын, иштен кийин түнкү эки-үчтөргө чейин музыкалык аспаптарды жасап кошумча акча табарын айтты.
Элдин баары билген Кожомкул атындагы спорт ордосунун алдындагы Кожомкул баатырдын эстелигин кезинде өз акчасына жасатып тургузган, азыр депутат болгон Тынчтыкбек Конушбаевдин маеги “Жашоодо акчасы көп адам бактылуу эмес” деп аталып, ал өскөн Суусамырдын беш айылында беш чоң мектеп барын, көп жылдан бери ошол мектептер менен иштеп келаткандыгын, окуучу балдардан өлкө келечеги үчүн күчтүү кыз-жигиттер өсүп чыкса деген ой-тилектери барын кеп кылды.