"Багыт": Атаханов досторун алдап...

Бүгүн "Жаңылыктар", "Багыт", "Вечерний Бишкек", "Көк асаба" гезиттери жарык көрдү.

“Жаңылыктар” аттуу гезит саясатчы Азимбек Бекназаровдун депутат Өмүрбек Текебаевди сынга алган макаласын басты. Азимбек депутат Текебаевдин ишмердигин белгилеп келип: “Саясатта Келдибековго караганда сен мага жакынсың, үзөнгүлөш болгонсуң. Нечен саясий күрөштөрдө катар жүргөнбүз. Бирок 25 жылдан бери саясатта жүргөнүң менен, тымызын ар качан бийлик мененсиң. Бул сенин саясатчы катары акылдуулугуң, куулугуң!” деп айтты макаласында. Гезит андан ары эми мамлекеттик сайттарга маалыматтар алгач кыргыз тилинде жарыяланарын, үч баласын саткан аялдын эри милийсага кайрылганын, насыялар сом менен берилерин, октябрдан баштап пенсия 10 пайызга көбөйөрүн кабарлады.

“Көк асаба” гезитине жазуучу Абдымамбет Сариевдин “Кыргыздын салты - кыргыздын мыйзамы” деген макаласы жарык көрдү. Генералдык штабдын башчысы Жаныбек Капаров бир жылдык аскер мөөнөтү жоокер болуш үчүн аздык кыларын айтты. Ала-Тоо аянтында 5-марттагы ак калпак күнүндө улуттук оюн-зоок, концерт өңдүү маданий иш-чаралар өтөрүн жар салды.

“Вечерний Бишкек” гезити “Айыл жана суу чарба министри Турдуназар Бекбоев агрардык тармактагы көйгөйлүү маселелерди эмне үчүн бийликке жеткире айтпайт? деген суроону койду. Журналист Вячеслав Аникиндин макаласынан ушул суроого жооп аласыздар.

Эки саны жарыкка чыгары менен тарап жок болгон “Багыт” гезити 1-бетине “Алик Мамыркулов Казакстандын жараны, бирок Кыргызстандын генералы” деген, “Марко поло” ишканасынын жетекчиси Шамил Атаханов бизнестеги досторун алдап” деген, “Темир Сариевдин туфлисин өкмөттүк жыйында кайсы аткаминер өптү” деген жана депутат Дастан Жумабековдун “Өкмөт ошол 10 миллиард сомду элге чачып, электр энергиясынын баасын арзандатышы керек” деген, Анара Сариева “Республика-Ата-Журттан” экс-талапкер болгон күйөөм Нарынбек Сариев үй кызматчыбызды зордуктап, мени жана балдарымды өлтүрөм деп коркутуп...” деген сөздөрүн анонс кылып чыгарды. Ичин барактап көрөлү.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Алик Мамыркуловго карата массалык маалымат каражаттарынын баарында кенедей жакшы кеп айтылбаганын, качпайт деп салынган камак жайларынан кылмышкерлер качып чыгып атканын, жөн качпай адамдарды өлтүрүп качып жатканын, эл арасында “кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматын оптом сатып алган” деген кеп-сөздөр айтылып келатса да президент Атамбаев менен өкмөт башчы Темир Сариев буга эч көңүл бурбай койгонун, эми Мамыркуловдун казак жараны экендиги билинип жатканын жазды.

Баратбай Аракеев “Кадам ушул” аттуу макаласында инвестиция маселесин кеп кылып, кыргыз кызыкчылыгын 1-орунга койгон мыйзам иштеп чыкпаса болбой калганын белгилеп: “Баса, асмандын башын сүйлөгөн кыргыз байлары: Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков, Акылбек Жапаров, Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев, Осмонбек Артыкбаев, Бакыт Төрөбаев, Марат Султанов, Камчыбек Жолдошбаев, Алтынбек Сулайманов, Аскарбек Шадиев, Исках Пирматов, Шаршенбек Абдыкеримов, Кубанычбек Жумалиев өңдүүлөр эмне үчүн өз элине инвестор болуп бербейт?” деп суроо койду. “Багыт” гезити “Үч баатыр” деген рубрика аркылуу “Атаханов карыздарынан качан кутулат?” деп, “Бакиевдин колуна суу куюп, шеринесине эки-үч айлык козуларды сойдуруп, башка дагы көңүл ачар кызматтарын кылып келди деген, жакында эле президенттин иш башкармалыгынын 1-орунбасары болуп дайындалган Ранат Түлөбердиевден бийлик эмне үчүн түңүлбөй койду” деп суроо салды. Журналист Айбек Шамшыкеевдин кылмыш дүйнөсү жөнүндөгү сандан санга жарыяланып келаткан макалаларынын сериясын бул ирет “Криматалык Рыспек Акматбаев” аттуу баяны улады. “Багыт” гезити кыргыз поэзиясынын классиги Турар Кожомбердиевдин кызы Нургүл Кожомбердиеванын маегин басты. Нургүл акын тууралуу көп нерселерди кеп салып отуруп, атасынын жазгандарын салып жүргөн дипломатын дагы эле ача электигин айтып берди.

Мурат Мусакеевдин макаласы “Замира Сыдыкованын ачык жана жабык сырлары” деп аталып, “Акаевге каршы чыккандай эмнеге Бакиевге каршы чыккан жоксуз?”, “2010-жылдын апрель окуясында Максим Бакиев менен Оксана Малеваная сиздин үйдө башпаанек кылышканы тууралуу да маалымат бар. Канча күн аларды бапестеп бактыңыз? Эгер сиз чындыкты гана туу туткан адам болсоңуз, анда элиңиздин башына оор мүшкүл түшүп турганда чыркырабайт белеңиз?” деген суроолор менен журналист Замира Сыдыковага кайрылды.