Буга чейин 14 саны чыккан журнал форматындагы “Туран” деп аталган коомдук маалыматтык-жумалык гезиттин кезектеги саны жарык көрдү.
Гезиттин экинчи бетиндеги маегинде Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисттери: Бактыгүл Бокоева менен Орозбек Бакытов, экөө биргелешип ырдап келатканын, классикалык опера ырларын жаштар арасында жайылтууну максат кылып жаткандыктарын айтышты.
Спорт журналисти Табылды Асыгалиевдин макаласы “Каныбек Сагынбаев дүйнө чемпиону” деп аталды.
“Туран” гезити андан ары Ошко газ бербей койгон Ислам Каримовго бир чети ыракмат айтса болорун, болбосо эгемендик алган күндөн бери бирөөнүн газына көзүбүздү сатып жалдырабай, эбак эле өз газыбызды иликтеп, газ чыга турган жерлерден газ чыгарып алганда жатып ичерлик менен жан бакпай, эмгиче канга салам бербей жашап калмагыбызды, эми 23 жылдан кийин араң кыймылдай баштаганыбызды белгилөө менен күндүн нурунан электр энергиясын алганын мактаныч кылган кыргыз окумуштууларынын бири дагы өз үйлөрүн ошол энергия менен жылытпай тургандыгын депутат Абдыжапар Бекматов сөз кылды деп жазды.
“Туран” гезити ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев тиешелүү фракциялардын кароосунан өтүп жатып, мындан ары кимде ким мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирсе оңбой каларын эскертип, министрликти кайрадан бир кароодон өткөрүп, чобур-чубурунан тазалап, милициянын кадыр-баркын көтөрө тургандыгын жар салганын, буга ишенсе болорун, анткени Мелис Турганбаев бул тармакта катардагы оперликтен баштап бардык баскычтагы кызматтарды басып өткөнүн, эң башкысы “черныйлардын” арасында жетишерлик айбат-сүрү барын, алар Турганбаевдин атын угары менен тура каларын, Мелис мырзаны көпчүлүк милийса катары билген менен, анын сөзүндө турган жигитчилигин, чындыкты бетке айткан мыктылыгын, тайманбас көкжалдыгын дагы көбү биле электигин, эми билишерин жазып чыкты.
Белгилүү коомдук ишмер Турсунбек Акун чакан маек куруп, “Көчмөндөр оюнунда” Маданият министрлиги жакшы иштебей президенттин аппаратынын балдары килем ташып чуркап жүргөнүн, ачыгын айтканда дүйнөлүк оюнду кыйын кырдаалдан президенттин аппараты чыгарып кеткенин, уюштуруу комитетинин башчысы Элвира Сариева менен оюндун башында турган Адахан Мадумаров бири-бирине шылтап жүрө беришип, көп иштер чала-чарпыт бүткөрүлгөнүн айтуу менен Мадумаровду “Чынында Адахан тили менен орок оргондон башка эч нерсе кылган жок анан кыйын иш бүтүргөнсүп жакында президенттин кабыл алуусунда болду” деп сынга алды.
Буга улай эле Айдар Саматовдун “Адахан Мадумаров өкмөткө келеби?” деген макаласы жарык көрүп, “Көчмөндөр оюну” мыкты өткөнүн, анан буга чейин Адахандын баскан изин жата калып тиктеп, кылдан кыйкым таап чыкчулардын тилеги таш капканын, бир даары Адахандын “оппозиция менен бийликтин ымаласын жакшыртып, көпүрө болуп жатканын айтса, бир даары “Данакер” орденин алганы калыптыр деп жатканын, дагы бир даары азыр сүйлөшүү жүрүп жатканын, саясатка ылайык түштүктүн мыкты саясатчысы катары Мадумаров өкмөт башчылыгына барат экен деген кеп-сөздөр айтыла баштаганын маалымдады.
Бүгүн “Көк асаба” гезити да жарык көрүп, өткөн жумада журналист Жолдошбек Токоевдин “Саяк намэ” деп аталган китебинин бет ачары болгонун, китеп тууралуу жакшы ой-пикирлер айтылганын белгиледи. “Саяк намэ” китебине - айтылуу саяк калкынан чыккан улуу ысымдар Тайлак баатыр, Сагымбай Орозбаков, Куйручук Кудайбергенов, Карамолдо Орозов, Мыскал Өмүрканова, Ишеналы Арабаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановдордун ишмердиги тууралуу баяндалат. Китепти саяктын бай уулдарынын бири Автандил Кулбараков каржылаган.
Ушул эл гезит “Дыйкандарга сүйүнчү” деген рубриканын алдында Кыргызстандын “Дыйкан плюс” деп аталган компаниясы “Топоз” деп аталган кыргыз тракторун жасап чыгарганын, бул трактор илгерки “Т-40” деп аталган трактордун жумушун толук аткарарын, Кытайда трактор чыгара турган 270 завод барын, ошонун жетөөн тандап алып, тетиктеринин баарын бул жерге ташып келишкенин, эми үч жылдан кийин тетиктердин 30 процентин өзүбүздүн заводдон чыгарып ала турган шарт түзүү аракети көрүлүп атканын, азыр жаңыдан чыгарылган беш трактордун бири Таласка, бири Кочкорго, бири Кеминге сатылганын, жылдын аягына чейин дагы 100 трактор сатыкка чыгарын, ар бири 90 аттын күчүнө барабар экенин аталган компаниянын директору Улан Адамалиев айтып берди.