“Кыргыз Туусу” гезити журналист Азимжан Ибраимовдун “Мунай затына мукуроодон качан кутулабыз?” деген макаласын жарыялады. Автор дүйнө жүзүндө энергияга болгон муктаждык улам арта берерин, анткени адам баласынын саны азыр 6,8 миллиардга жеткенин, буюрса дагы 40 процентке көбөйөрүн, ал эми тескерисинче жалпы энергия булактарынын 34 процентин түзгөн мунай затынын жердеги запасы улам азайып баратканын эске салып, Кыргызстан башка жолдорду издөөнүн ордуна бүгүн Кудайдан ырайым күткөнсүп, “...качан Бажы биримдигине кабыл алат, качан май, качан газ берет, качан жол ачат” деп Орусия менен Казакстандан ырайым күтүү менен жашап калганын жазып чыкты.
Буга улай эле журналист Мырзакат Тыналиевдин “Осмонбек Артыкбаевдин “мини-юбкасы” деген макаласы жарык көрдү. Макалада кадр маселеси, көз боёмочулук, энергетика тармагын өөдө тургузбай келаткан коррупция менен күрөшүүдөн майнап чыкпаганын, кооздоп айтканда министр Артыкбаев башкарган тармактагы ачыктык бир караганда чындап эле ачык сыяктуу көрүнгөнү менен энергетикадагы эң башкы нерсени элге көрсөтпөй жаап-жашырып турган мини-юбкага окшошуп турганын белгиледи.
Кадимки эле саясатчы Азимбек Бекназаровдун ыр жазарын эч кимибиз билген эмес экенбиз, “Алиби” гезити бүгүнкү санына Азимбектин “Билгин кыргыз мекенди саткандар ким, саткын деп айткандарды аткандар ким?” деген баштеманын алдында үч ырын окурмандарга сунуш кылды.
Бул санга депутат Жылдыз Жолдошеванын “Мен адилеттүүлүктүн, акыйкаттуулуктун жана мыйзамдуулуктун адвокатымын” деген аталыштагы, мурдагы министр Эмил Үмөталиевдин “Бирөөнүн жаманчылыгынан акча тапкан стратегияны туура көрбөйм” деген аталыштагы интервьюлары тартууланды.
“Фабула” гезити машинасын мас болуп алып айдаганы аз келгенсип, байлыгы менен бийлигине чиренгендердин көпкөн уул-кыздары Кудайды да теңине албай калганын, дал ушундай окуя августтун онунда Түштүк магистраль көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде болгонун, Алина аттуу 19 жаштагы кыз кымбат баалуу “Мерседес” машинасын катуу айдап баратканда токтоткон МАИ кызматкерлерине баш бербей мушташып, фуражкасын алып ыргытып, погонун жулмалап, анысы аз келгенсип МАИнин башчысы Талант Исаевдин кол телефонун жулуп ыргытып, генералга атырылганын кабарлады. Бул кутурган кыз кимдин кызы экенин билүү максатында “Фабула” гезити башкы МАИчи Талант Исаев менен байланышканда ал:
- Бул кыз чоң болуп иштеген аттуу-баштуу эле адамдын жакыны болот экен. Аты-жөнүн атабай эле коеюн, таарынып жүрбөсүн. Бирок кандай болгон күндө да ал мыйзамдуу жазасын алышы керек. Ишин райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп бердик. Экспертиза жүрүп жатат. Мастыгы аныкталса, админстративдик, ал эми күч органынын кызматкерлерине кол көтөргөндүгү үчүн бейбаштык беренелери менен жазага тартылышы керек. Эми бул жагын тергөөчүлөр чечет. Чоңдорго таянып бейбаштык кылгандарды сөзсүз жазага тартуу керек, антпесек акыркы убактарда мындайлар көбөйүп кетти, - деп жооп берди.
Ушул эле гезит Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” деген макаласын тартуулады. Кыргыз драмтеатрынын мурдагы деректири Марат Алышпаевдин маеги жарыяланды.
Ушул эле санга Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө кимдин милдети?” аттуу сандан санга жарыяланып келаткан макаласынын корутунду бөлүгү жарык көрдү. Эл жазуучусу экономика менен маданиятка, экономика менен илим-билимге бирдей камкордук көрүү системага айланмайын таз кейпибизден чыга албасыбызды, маданиятка мамилени, саясатты оңдомоюн шорубуз катканы каткан болорун, кыргыз эли табиятынан ыймандуу эл болгонун, ал эми ыйман деген башынан эле ички да, сырткы да маданияты терең элдерде болорун, ошондуктан маданий храмдар деп эсептелип келген театр өнөрү, кино, музыка өнөрү жана көркөм дүйнөнүн булагы болгон адабият өнөрү мамлекет тарабынан баркталмайын ыймандуу болушубуз мүмкүн эместигин, антпесек Кыргызстан ач көздөр менен дүнүйөкорлордун, көңдөй саясат менен жан баккан эл бузарлардын өлкөсүнө айлана берерин дагы бир жолу эскертип, коңгуроо какты.