"Крим-аукциондогу" кыргыз паспорту

Алмадай жерде журт жатат,

Алмадай жердин ичинде,

Ааламды жечү курт жатат...

“Улутман” гезити планетанын элин адамзатты сактап калуу Чакырыгы менен дүйнө элине Кайрылуу кат жолдоду.

Бүгүн “Улутман” аттуу гезит жарык көрдү. Гезит негизинен “Улутман” саясий партиясынын төрагасы, коомдук ишмер, саясатчы жана жазуучу Сазыкбай Турдумалиевдин окурмандардын кызыгуусун туудуруп келаткан “Чамындылар” аттуу чыгармасын жарыялоону сандан санга улантып келатат. Аталган чыгармада Сазыкбайдын жашоо-турмушунда болуп өткөн укумуштуу окуялар баяндалган.

Ушул эле санда журналист Болот Таштаналиевдин “Императорго да ууру керек” деген макаласынын экинчи бөлүгү жарык көрүп, бүгүн Жер шары тынчыбай жатканын, кылымдар бою жашап келген Ирак мамлекети жок болуу алдында турганын, дүйнөлүк саясаттын сценарийин жазган дүйнөлүк державалар бүгүн же эртең кайсыл өлкөгө кандай каргаша даярдап койгонун жадагалса Кудай да айта албай калгансыганын, ал эми акыркы күндөрү “акылы бар, эси жок” кыргыз балдары ар кандай акцияларды жасап, бир күнү Бишкекте, бир күнү Баткенде Шералынын чокоюн каякка илерин билбей көтөрүп жүрүшкөнүн, эми ушундай акциялардын баары алардын эмес, аларга жазып бергендердин сценарийи менен уюштурулуп келатканын эл жакшы билерин, бийлик мындайларга теңелип кадыр-баркын кетирбей деле койсо болмогун, баарынан жаманы эгемендикке ээ болгон 23 жыл ичинде акча үчүн, байлык үчүн, бийлик үчүн мамлекетти да, элди да сатып жибергенден кайра тартпаган муун өсүп чыкканын, бул муун акча үчүн атасын да, энесин сатарын, ушундайлардын кесиринен улам мамлекетти, элибизди жоготуп албасак экен деген сары зил маселе турганын жазды.

“Улутман” гезити Курманбек Турумбековдун “Мамлекет ичиндеги мамлекет же эч бир мыйзамга баш ийбеген координациялык кеңеш” аттуу макаласын окурмандарга тартуулады. Макалада 2012-жылы “Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору” жөнүндө мыйзам кабыл алынып борбор түзүлгөнүн, мында талаш жогун белгилеген автор, бирок ошол борбордун алдында түзүлгөн координациялык кеңешке мүчө болгон адамдардын кол тийбестиги президенттикинен да жогору болуп атканын сынга алды.

“Бардык өлкөлөрдүн элдерине жана континенттерге, планетадагы тынчтык жана ынтымак үчүн кооптонгондордун бардыгына Чакырык-Кайрылуу” деген аталыш менен коомдук жана саясий ишмер Дастан Сарыгуловдун Адамзаттын бут алдындагы Жер шары жок болуу коркунучунда турганын, бүткүл дүйнөнүн бийлик башында тургандар бириккен күндө дагы бул маселе чечилбестигин, ошондуктан адам баласы жок болуп кетүүчү алааматтан элдердин өзүлөрү гана сактап каларын, ал үчүн эмне кылуу керектигине коңгуроо каккан чакырыгы менен кайрылды.

“Улутман” гезитинен тышкары журнал тибиндеги коомдук маалыматтык “Туран” аттуу гезиттин 5-саны окурмандарга тартууланды. Аталган гезит “Кыргыз паспорту “крим аукциондо” деген кабар жарыялап, 2012-жылы Ош шаарындагы мамлекеттик каттоо жана никелик абалды каттоо департаменти тарабынан грузиялык кримтөбөл –“Ремень” деген каймана аты бар Роман Баркабадзеге кыргыз паспорту берилгени билинип чуу чыкканын, бул биринчи эле жолкусу эместигин, ага дейре Илья Самохин деген дагы бир грузинден кыргыз паспорту табылганын, ал дагы “мыйзамдагы ууру” болгонун, мындан да кызыгы жакында эле Батыш өлкөлөрүнүн биринде полиция тарабынан кармалып кайра бошотулган казакстандык качкын миллиардер Мухтар Аблязовдон ал өмүрү жашабаган, жашамак тургай Кыргызстандын бул районун көрүп-билбеген Аламүдүн райондук каттоо кызматы тарабынан берилген кыргыз паспорту чыкканын маалымдады.

Белгилүү дин адиси Кадыр Маликов аталган басылмага берген интервьюсун “Иракта түзүлгөн халифаттын Борбор Азияга кесепети тийиши ыктымал” деп атап, ислам тарыхындагы акыркы халифат өткөн кылымдын 20-жылдары Мустафа Кемал Ататүрк түзгөн Түрк мамлекетинин пайда болушу менен жоюлганын, “Ирак жана ал-Шам исламдык мамлекети” деген уюм халифатты рамазан айында жарыялап, бүтүндөй мусулмандарга чакырык салганын, бул деген глобалдык чакырык экенин, бирок жарыя кылган халифат турмушка кандайча ашары белгисиздигин, анткени халифатты жактагандар көбүнчө радикалдуу маанайдагылар болуп саналарын, мындайлар террор, зордук-зомбулук ыкмаларын колдонушарын, андыктан зордук-зомбулук менен адилеттүүлүккө негизделген мамлекет куруу өтө кыйын болорун, азыр Ирак менен Сириянын аймактарында массалык түрдө адамдарды өлтүрүп, куугунтуктап жатышканын айтты. Алтургай халифат түзө турган уюмдун мүчөсү Абу Тураб ал-Муккадаси дегени бир маегинде “Биз Мекедеги Кааба ташын талкалап, ага табынгандарды өлтүрөбүз” деп айтканын, ал эми азыркы учурда Кыргызстанда да кээ бир радикалдуу топтор куралдуу жихад менен халифат орнотобуз деген ойлорду таркатып келатышканын эсибизге салды.